Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу калемдештер, Кадырлуу мекендештер, Жалпыңыздарды Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Нооруз – жаңы башталыштын, жаңылануунун, тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңыруусунун майрамы. Күн менен түн теңелген жаңырган жылда адамзаты арууланып, тазаланып, бири-бирин кечиришип, жаңы тилек, максат менен жаңы жашоого багыт алат. Жаңырган жылда жалпы элибизге ынтымак, биримдик каалайбыз. Дүйнөдө, анын ичинде жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, ар кандай апаат кырсыктардан алыс бололу. Жараткан көк менен кошо көп ийгиликтерди берсин. Жылыбыз берекелүү, улууларыбыз дөөлөттүү, жаштарыбыз мээнеттүү болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы    

“Жүрөктөгү бороон” поэтикалык драмасы коюлду

17-18-март күндөрү Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында акын, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер З.Ажыматовдун жаркын элесине арналган “Жүрөктөгү бороон” аттуу поэтикалык драмасы коюлду. Аталган драманын сценарийин Сайра Батыркулова жазып, КРнын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев режиссерлук кылды. Сахнага алып чыккан “Учур” театрынын артисттери да ар бир образды жогорку чеберчиликте ачып беришти. Айрыкча З.Ажыматовдун образын жараткан актер Жакшылык Кубатов көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкоого арзыды. Зал толгон көрүүчүлөрдүн баары бир дем менен отуруп көрүп, бирде көзгө жаш алып, бирде толкунданып, сыймыктанып, драманын бүтүшүн каалабай турду, аз болсо да акын Зайырбектин сахнадагы образы толугу менен…..

Кубатбек Жусубалиев: Азыркы адамдарда кудай берген өсүү токтоп калгансыйт

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев кийинки жылдары көркөм чыгарма жазбай, а түгүл көркөм чыгармаларды окубай калса да (өзүнүн айтуусу боюнча), анын чыгармачылыгына кызыгуу жылдан-жылга күч ала баштагансыйт. Жазуучунун 2003-жылы жарык көргөн “Жети сөз жана Конфуций” чыгармасынан башка китеби да чыга элек. Анын жазуучулук табияты гана эмес, адамдык табияты да өзгөрүп, өмүрүнүн экинчи жарымында чыгармачылыктан руханий изденүүгө ооп, тоо арасына жалгыздап жашоого өттү.     Кубатбек Жусубалиев, өзү айткандай, узак жылдар бою Акыйкатты издеп, кечилдик жашоо күтүп кеткенден бери окурмандары жана замандаштары анын чыгармаларын, ойлорун, сөздөрүн сагынышып калганы быйылкы жылдын башында Бишкек, толугу менен…..

Камчыбек Узакбай уулу: Башкалар бактың байлап койгон жерде, Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып

Узакбай уулу Камчыбек – кесиби архитектор, курулуш тармагында эмгектенсе да поэзия дүйнөсүндө өз жолун таап калган жаш калемгер. Ал 2019-жылы жарык көргөн “Алакандагы күн” ырлар жыйнагынын автору, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн “Жаш акын-2018” сынагынын жеңүүчүсү. Учурда Ош технологоиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинде магистр жана “Нуркелди курулуш” компаниясынын адиси. Биздин үй-бүлө Атам, апам, бир туугандар күнүгө, Ар кай жакта, толук эмес үй-бүлө. Абалкыдай бир туугандар колду жууп, Аарчынбастан калдык бирге сүлгүгө.   Бири окуп, бири иштеп жошулуп, Бир туугандар бирден кетип отуруп. Бизге толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү К.Урманбетов

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи көрсөтүүсү ийгиликтүү өттү. Биринен бири өткөн мыкты таланттар К.Урманбетов, Б.Сарыгулова, Ж.Саалаев, М.Осмонкулова, А.Темировалар ат салышып, жыйынтыгында Кыялбек Урманбетов жеңүүчү болду. Кыргыз Эл акыны К.Култегин төрагалык кылган К.Кадыракунов, А.Өмүрканов, Ү.Култаева, Г.Шакирова, С.Орозобекова, М.Токторов, Ж.Маматова, А.Исмаилов – тогуз адамдан турган калыстар тобу таланттарга өз баасын берип отурду. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган кечеге катышкан бардык акындарга, калыстарга, уюштуруучуларга, КТРКнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчү болгон Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовду чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз.

Поэзия кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору поэзия кечесин өткөрөт. Бул жолку ыр майрам КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. 2021-жылдын 17-мартында саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу кечеде Р.Исаков, М.Рысбеков, М.Самыйкожо, А.Бакирова, М.Совет уулу, К.Тажиева, С.Батыркулова, Ж.Турсунбаев, Н.Рыскул кызы, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Кубанычбеков, А.Доранбек уулу, С.Турдубек уулу, Р.Изатова, А.Зарылбек уулу ыр окуп, К.Рыскуловдун обондору жаңырат. Белгилүү ырчылар коштойт. Кирүү акысыз. Бардык ыр күйөрмандарын чакырабыз.

Мар Байжиев: Бир тоголок самын

“Бир тоголок самын” (Аңгеме) –Ошентип менин атам киши өлтүргөн, – деди Турусбек. Ал тымызын соккон желге билинер-билинбес шуудураган жалбырактарды тиктеп, эчаккы болгон бир окуяны эстеп жатты окшойт. Кичинекей үлүлдү жерден алып кармап турсаң, эки мүйүзүн сербейтип чыгарат, ал эми катуураак кыймылдатып койсоң, дароо седеп үйүнө кире качат, анан аны эмне кылсаң да чыкпайт, чукулап кыймылдатсаң, ого бетер жабышып, ары, так уюгуна кирип алат. Эгерде тийбей оюна койсоң, бир аздан кийин өзү эле текедей койкоюп чыга келет. Бала кезде мындай көрүнүштү далай жолу байкагандырсыздар. Биз да солк этпей, үн катпай отура толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун биринчи кечесинде акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темировалар ат салышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Жазуучу Мырзабек Чокотегин дүйнөдөн кайтты

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Маданияттын мыкты кызматкери, жазуучу, акын Мырзабек Чокотегин дүйнөдөн кайтты. Мырзабек Чокотегин 1949-жылы Жумгал районундагы азыркы Куйручук айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң, Аскер-Деңиз флотунда аскердик кызмат өтөгөн. 1967-1972-жж. Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин, 1990-1996-жж. юридикалык факультетин аяктаган. Кесиптик тажрыйбасын Москва, Харьков шаарларында жогорулатып келген. Эмгек жолун Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратында жетектөөчү адис кызматынан баштап, бөлүм башчы, башкы адис, чарбачылык жүргүзүүчү жамаатта жетекчилик кызматтарын аркалаган. 1997-жылы муун ооруларынан улам ишмердүүлүгүн токтоткон. 1-топтогу майып. Өмүрүнүн акырына чейин адабий толугу менен…..

Жеңишбек Эдигеев: Өзгөрүш

Өзгөрүш Шакирдин үйүнүн алдында эл котолойт. Кызыктан куру калгансып көчө ылдый бирөө шаша басып келди да четте турган топко кирди: – Эй, эмне болуптур ыя, тынччылыкпы? – Тынч-тынч, Керим Якутиядан келиптир, деди четте турганы. Анан үзүлүп калган сөздү андан ары улап кетишти: -14 жыл болду да ал жакка кеткенине, катуу өзгөрүптүр ыя, пай-пай. -Эй, 14 жыл дейсиң да, бу Бишкекте туруп деле 5 жылдап айылга келбей коюп атышпайбы. Аларды көрүп, ким эле деп тааныбай каласың. -Ысактын баласычы, 30 га да чыга элек да, Бишкекте “сентралный” мечитте чоң молдо болуп кетиптир. толугу менен…..