Марат Токоев: Эң кыска көркөм чыгармалар

Адабий чөйрөдө эң кыска роман тууралуу анекдот бар. Ал роман болгону үч сөздөн турат. “Төрөлдү. Үйлөндү. Өлдү”. Бир карасаң, чындыгында эле, бул үч сөзгө адамдын бүт өмүрү камтылган. Бирок бул сөздөр белгилүү нерсени жөн гана атап, эскертип койгондой. Таңгалуу жок. Ал эми чыныгы көркөм чыгарма, бери дегенде, адамдын жан дүйнөсүн жана акыл-эсин чыңалтып, аларга дүрбөлөң салышы керек. Канча сөз менен буга жетсе болот? Акын-жазуучулар, кээ бири атайын изденип, кээ бири тамаша иретинде, бул багытта аракеттенип көрүштү. Алардын жыйынтыктары менен таанышып көрсөк. Мен сунуштай турган чыгармалардын топтомун мен өзүм түзгөн жокмун. толугу менен…..

Марат Токоев: Билесиңби, мен көнүпмүн, Баш көтөрбөй жашаганга

***** Таңгаласың. Билбейсиң себебин Турганымдын туйбай суук азабын. Сууган жүрөк күн суугун сезеби? 29.04.1993-19.01.2021 ***** Тарыхтын кумдуу барагы Толтура түркүн издерге. Менин да изим калабы Бетинде анын бир кезде? Бирок да шамал-убакыт Эч кимге билбейт аёону. Эрмекке жаңы кубанып Изиме салар ойронду. ***** “Ким урган боз асман? Көк ала бүт денеси…” Н. Абдразакова “Мекениңе кайт”, – дейт Улуулук. Бирок кантип ага жете алам – Өжөр жаным алсыз умтулуп Көк асмандай болду көк ала. 28.12.94 ***** Асман бетинде сейилде Ай орогуна илинип Араң бошонду ак булут. Эркин жашоодо билбеген Эмне экени толугу менен…..