Качкынбай Осмоналиев: “Балалуу аялдын мазары – эри болот”

“Көчмөндөр кагылышы” китебиндеги көөнөрбөс накылдар  ***** Баш деген баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот. Ал өзүн: “Карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин мойнумда аларды башкаруу милдети турат”, – деп, өзүн ишенимдүү сезет да, берген буйругун туура деп чечет. Баш ийүүчүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткө да жеткирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, толугу менен…..

№5 китепканада акын Р.Карагулованы эскерүү кечеси болду

КР Улуттук жазуучулар союзу менен К.Тыныстанов атындагы №5 китепкананын эмгек жамааты акын Р.Карагулованын 75 жылдыгына карата эскерүү кечесин өткөрдү. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, А.Эгембердиева, Ч.Унурова, К.Зарлыкова, Д.Юсупов, З.Жамангулова ж.б. акын жазуучулар, китепкананын окурмандары катышты. Кеченин катышуучуларына Р.Карагулова тууралуу документалдык тасма көрсөтүлүп, И.Арабаев атындагы КМУнун, Эл аралык Кувейт университетинин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери акындын ырларынан окуп, калемдештери эскерип, жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.

Касым Каимов: Балапан

Балапан Канаттуулар дүйнөсүнүн сырлары мени ойноо бала чагымдан бери жандырмагы чиеленген табышмактан бетер, көбүрөөк кызыктырат. Биздин 3-4 үйдөн баш кошкон тепкедей айыл жылдын үч мезгилинде төштүн түбүндөгү ийрилип аккан кара суунун боюнда отурушуп, жайкысын гана бөксө жайлоолорго ташыныша турган. Анда эл колхоздошкон менен кыштакташа элек убак. Биздин үйдүн айланасында жана ага жанаша агып жаткан кара суунун боюнда өйүз-бүйүз өскөн калың дарак ошол айылдын береке-көркүндөй көрүнчү. Ал эми айылдын жарашыгы болгон бак-дарактар түркүн-түркүн куштар менен, өзгөчө, келгиндер келген маалда шаңга бөлөнчү. Менин чоң атам өлөөрүндө жетимчелерине: «Силерге берер энчим ушул», – толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Биздин майрам эсиңиздеби?..

Биздин майрам эсиңиздеби?.. Ата, бүгүн майрам. Салып жиберген куттуктоомду алдыңызбы? Адатынча, чериңиз жазылганча эки-үч сапар окутуп, кайра-кайра “башка жазылган сөздөрү жок бекен? Ден-соолук, тиричилигин деле айтып койбойбу, чунак бала. Төртүнчү жылга аяк басты. Майрамдарда такыр келе элек. Бала кезинде томураңдатып, жанымда ээрчитип майрамдатчумун” деп айланаңыздагыларды күлдүрүп, кеп салып бергендирсиз. Эсиңиздеби, мен майрам күндү кандай кубаныч, элирүү менен күтчүмүн. Эртең менен кулагыма акырын шыбырап ойготконуңузда, көчө балдардын шаттуу үндөрүнө толуп калар эле. Тамакка да көңүлүм чаппай шаша берчүмүн. –Барасыңар эми, атаң экөөңө да, баарыңа да жетет майрам, – дечү апам жака-башымды толугу менен…..

Касымалы Баялинов: “Сыртынан сылангандардын ичи көңдөй болот”

(“Кыйын өткөөл” повестиндеги кызыктуу нускалар) ***** Канча жесе да кардына как, жумуруна жук болбогон тамаксоо, алкы бузук, ач көз адамдар бар. Апам ичти күйгүзүп ушундай адамга турмушка чыгып олтурбайбы. ***** “Асылган оору алмайынча койбойт” деген сөз бар. ***** Сыртынан сылангандардын ичи көңдөй болот. ***** Өлүм аз кылат, оору кор кылат. **** Өз жерибизге жетип, агын суусунан татып, атыр жыттуу чөбүн искеп өлсөк, арманыбыз болбос. ***** Ишиң оңолгончо, итиңе кош арт. ***** Заалымдар болгон жерде кулактуу дүлөй, тилдүү дудук болгонуң жакшы. ***** Оюм учуп алда кайда жүрөт: кээде аларды издеп таап толугу менен…..

Махабат Касейинова: Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө

Дүйнө – күн Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө. Аргымактын алыс чабар багытын Албай жүрөт айрымдары көңүлгө…   Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ, Бүтпөс сапар билбейм качан башталган? Жаңы багыт жарата албай өзүбүз Жолду басып келатабыз тапталган.   Алгач келип бул дүйнөгө жаралып, Ата-энеден алган кезде жаңы ысым. Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн, Билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.   Жолугарсың сени билбес жандарга, Баалай албас адамдарга жолдогу. Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамды Ак тилегиң арнап койчу болгону!..   Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн, Ойлонгонум аалам, асман жөнүндө. Сен толугу менен…..

Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду

2021-жылдын 20-февралында акын, жазуучу Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш-чарага КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акындары Н.Жаркынбаев, М.Мамазаирова, Т.Закирова, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, КР Эл артисти С.Садыкова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Т.Нурманбетов, Г.Шакирова, К.Сыдыкова, А.Сариев, Ж.Саалаев, Б.Максутов, А.Эгембердиева, Б.Арстанбекова ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Китепте 1916-жылкы Үркүндө Кытайды көздөй качып, ашууда калган бир үй-бүлөнүн көргөн турмушу чагылдырылат. Ач-жылаңач балдарын ажалдын чеңгээлинен аман алып калуу үчүн кара жанын карч урган эненин образы сүрөттөлгөн бул китеп М.Ормонованын прозадагы алгачкы ийгилиги. Автор буга чейин толугу менен…..

Чыңгыз Айтматов: Атадан калган туяк

Атадан калган туяк (аңгеме) Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу. Аны элден мурун эле Авалбек көрүп, өпкөсү жарылып кете жаздап: –Кино келди! Тигинекей кино келди!— деп, балдардан мурда озунуп, кыркынчыларга кабар салды. Кино жумуштан кийин башталды. Ошого чейин эч бир чыдамы жетпей, күн кеч кирбей качан эми деп — зарыкты, думукту. Качан болот деп кыңкылдап, энесин да тажатып бүтүрдү. Ушунусуна жараша кино анын тилегин ойдогудай орундатты. Кино — согуш жөнүндө экен. Кашардын дубалына илинген аппак кездеменин үстүндө кым-куут салгылашуу жайнап жатып калды. Замбирек снаряддары толугу менен…..

Назгүл Осмонова: Көз жашымды көрбөс үчүн башкалар, Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда

Назгүл Осмонова − 1972-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында төрөлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2016-жылы Жусуп Абдрахмановдун “1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат” автобиографиялык китебин кыргыз тилине которуп, “Улуу Тоолор” басмаканасынан жарык көргөн. 4 ыр жыйнактын, 1 котормолор жыйнагынын автору. Жолон Мамытов атындагы жана Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты. КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “КР маданиятынын мыктысы”.   Мекеним Буюккан муңун көтөрүп, Буулуккан ушул жылдардын. Ата Журт күлсө мен күлүп, Ыргалса кошо ыргалдым. Кайгысы элдин каржалтып, Калпынан качтым жыргалдын. Кымбатым элим, кыргызым, Кан менен кошо айланып, толугу менен…..

Роза Карагулова: Алыс калган ошол бейкут күндөрдөн, Бардык таңдын керемети төрөлгөн

***** Кайдасың көп болду көрбөдүм, Жолдогу кайыңдай көлөкөм. Эстечи бир жолку кездешүү, О аны унута көрбө сен… Эриксиз маңдайым сыладың Кусалык дирилдеп үнүңдөн… Бакыттан селт этип жаш денем Колуңду кагып да жибергем. Билбеген мынча өксүү каларын Жүзүмдөн өбө албас сүйүүмдөн. Ал кезде сен ысык от элең Кармоого эч мүмкүн болбогон. Көрүнбөй жолуңду акмалап Күндө бир көрүүнү ойлогом. Күлкүңдөй ооруга чалдыгып, Жашоомду жайпаган калтырак. Ал кезде сезимтал болчусуң, Сөзүң да күлкүңдөй жаркырап. Бактымдын өз өңүн көрмөкмүн Жазында жамгырдай төгүлсөм. А бирок элесим жетпеген Кудайдай бийликтүү элең сен. Бакыттан селт этип жаш толугу менен…..