Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр (Ара жолдо калган жоокердин окуясы)

Жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) аттуу китеби жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга арналат.

Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр

(Ара жолдо калган жоокердин окуясы)

Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым

I

Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин тилин туурасынан чайнатып, айтууга келбегенден ал арада “Маркус” деп да атыгып кеткен кайран гана М… ашык-кеми жок, туптуура элүү жыл сегиз айдан кийин айланып барып киндик каны тамган журтун акыры көз жайнатып бир көрүүнүн, атыр жыттуу абасын кана жутуп, кабарсыз кеткени катыш байланышы үзүлгөн урук-туугандарын таап, бир көрүнүп келип, анан гана армансыз өлүүнүн кам-чомун жеп жатты. Эки күндөн кийин ал жер түбүндөгү жергесине – кыргыздардын жерине аттанат!

Майда-чүйдөсүнөн бери кам-чомун жеди. Ушундан кийин дагы бир мертебе туз буйруп, кайрылып жана бир ирет барарын бир кудай билет, анан өзү анык билет, ошонусун унутпастан, айрыкча көңүлүнө түйүп, бир аз тыйын- тыпырын бөлөк камдады. Айтчу кеби да белен. “Айланайын, агайын! Кебетем бу болсо, экинчи келе албасмын. Токсон эки дегениң оңой жаш эмес да. Жазмышым ушул экен, сөөгүм немистин жеринде калат. Жол ачылбадыбы, өлгөнүмдө “баланчанын көзү өттү” деген кабар берилет, кабарды укканыңарда, топураган урук-тууган түрө жыйылып, бир бодону атап союп аш берип, куран түшүрүп койгула артыман,” – деп бек суранып, куп кайтаарында аманат тыйын калтырат. Ичкен-жегенинен үнөмдөп, кара ашына деп атайы белендеген ошол беш жүз марка акчасы ак конвертке оролуп, кайыш капчыгында өзүнчө салынуу. Элүү жыл сегиз айдын аралыгында кимиси тирүү, кимиси өлүү экенин ким билсин, иши кылса бир туугандарынын санына чактап, белек-бечкегине бирден көйнөк-көнчөк ырымга арнаган болду. Анан бир буюмду ашыкча алды. Анысы – аял кишинин көйнөгү эле.

Ошентип, немистин арасында жүрчүсүндө “Маркус” атыгып кеткен М… кымгуут түшүп, жолго кызуу камданып жатты.

“Ой, тобо-о! Өлүү буюмга да капилеттен жан бүткөн акыр заман акыры түбү маңдайыбызга жазылып, өңүбүзгө келгенби, капырай!? Ашканага баш бага калганчакты, эки кадам турган жерге кирип чыкканчакты мышык-чычкан ойнотуп азилдегенсип, эми минтип блокнотум, ооба, элүү жылдан бери жоготпой катып жүргөн эски блокнотум жерге житип кеткенсип, койгон ордунда эмес!” – деди М… ичинен кызуулана.

Көзүнүн карегиндей сактап катып жүргөнүнө аныгында элүү жыл эмес, ашык-кеми жок кырк алты жылдын жүзү толгон блокнотун кайсалактап издеп жатып, ушинтип ойлонду. Майда калтырак баскан колун өйдөрөөк сойлотту. Блокнот эмес, таш балээ да урунган жок. Сыйпалап тим болду. –

Жан кирбесе, соо буюм ошентеби! Жан кирбесе, ошентеби! Schiete! – деди кобуранып.

Непадам үстүнөн чыгып, карыянын ушул ирмемдердеги ачуулуу чарылдаганын кокусунан кулагы чалган киши-кара болгонунда, жүрөктөрү бир сыйра опкоолжуп, “бул мааледе мурда-кийин биз эгерим эшитпеген, өтөле өөн угулган кайсы жапан тил жаңырды, ыя? “Орус” дейсиңер, орустун тили ушундай болобу, ыя?” дешкенсип, бир эсе таң калгандарын жашыра албай жакаларын карманып иймек беле, ким билет, үстүндө журнал, актай барак, калем сап жаткан үстөлдү убаралана айланып, ал ортодо күшүлдөп бышылдай эңкейип-кооп, алты ирет отуруп-туруп, алкымын тиреген ызаасын чыгаргансып, жыгач тарткычтарын бирден булкуп сууруп, ичин үч сапыра аңтарып, эски блокнотун издеп жаткан М… бир маалда эрөөн-төрөөн көрбөй эле кып-кыргызча, кадимки эле кара-кыргыздын тилинде тили буйдалбай, үй жаңырта таптак кыйкырып жиберди. Ары-бери өткөндө кагаз-кугаздын арасынан көзгө ысык урунуп, ушул эле жерде турчу кыпчылып, жок. Жанагы блокноту жок!

–Жан кирбесе, ошентеби! Schiete! – деп буркулдады дагы бир жолу.

Күндө урунган буюм-тайымың бир ордунда такай турбай, кереги жуп тиерде “ойт” берип ойнотуп, качып калган шекилдүү эле, бир кезде көөнүңө кыттай уюп, жадыңдан чыкпаган жатталуу нерселер деле илме-кайып кебетеленип, карматпай калат окшобойбу. Атаңгөрү-ү, бир сөзүн эстесең, мээңен бирөө келип өчүрүп салгансып экинчи сөзү түк эсиңде жок. Кара күчкө күчүркөнүп, өлөрман жаның экинчисин эстесең, үчүнчүсүнөн жаңылып, эстегенге шайың да жетпейт. Ошон үчүн блокноту керек. Блокнотун ачып, эки-үч сыйралап көз чаптырып албаса, ашык-кеми жок кырк алты жыл илгери калем-кагаз узанып, буулуккандан чиймелеген он сап ырынын үч сабы гана өз ыргагы менен куюлушуп, удаа саптары уйкашынан жыдып, күчүркөнсө да эсине түшүрө албай жатпайбы. Ошону үчүн эски блокноту керек. Бүгүн керек. Эң башкысы – үлгүрүшү керек. Латын тамгасы менен сулуу жазганды ушу күнчө унута элек. Шурудай кылып бадырайта тизип, көчүрүп алмакка актай баракты да эчак дайындап койгон.

Кайсалактаганга колдорун майда калтырак басып, калчылдап чыкты. Энтигип да кетти. Саамга көчүк басып, кайсы кычыкка койгонун эстегенге аракет кылды.

–Oh, verdammt! – деди күбүрөнүп.

“Богооздоно сөгүнгөн неме эмне мынча туталанып, колу калтыраганча блокнотун издеди” дейсиңерби? Үч уктасаң түшкө кирбеген, ойго келбеген жерден сапарга чыгуунун камын жеп, демиккен жаны чакан кыштакты каршы-терши таптап, кийим-кечек сатчу үч-төрт дүкөнүн дүң соодагерден бетер кыдырып, бир чоң чемоданга сыйгыдай белек-бечкек алчусунда бир буюмду ашыкча алды, анысы – аялдардын көйнөгү эле дебедикпи. Мындан да майдалап, тактап айтсак, көз болжолунда этеги тизеден узун көрүнгөн, майда кызыл гүлдүү, кездемеси – жибектен, бычыны да жарашыктуу, отуз сегизинчи размерлүү көйнөк эле. Эптеп мекенине аман-эсен жетип, көйнөгү арналуу ошол кишисине жолугуп калса, эбин таап бет мандайынан чыгып, жолугуп калса, белегин кош колдоп сунуп, башты ылдый ийип тартууларда жөн бербей, бир барак кагазды кошо кыстарып койгонду кыял кылды эле да. Албетте, эгерде анысы алигүнчө тирүү болсо. М… аны тирүү деп эле болжоп жатты. Тирүү болгой эле деп, тиленип да жатты. Ал эми көйнөктүн бүктөмүнө кыстарчу бир барак кагазга сегиз муундуу он сап ырды, мындан туптуура кырк алты жыл илгери, 1946-жылдын август айында, мынабу эле Пигниц өзөнүнүн шиберлүү жакасында шордуу башын мыкчып, жерге-жээги менен эми түбөлүккө жолукпас каргыштуу тагдырга кантип чыдап, кантип көтөрөрүн ойлогондо эчкирип ийип, мөгдөп отурчусунда өз колу менен жазган, “Б…га” деп атап койгон он сап ырын шурудай тизип көчүрүп коюшу керек болчу. Эми ошо элүү жыл бою жоголбогон эски блокнотунун кашайып табылбай жатканын карачы!

Жылаажын үндүү ардагы: “Баатыр, баатырым!” деп эрке чакырып калчу эле. “Кийин кандай ойдо калды экен? Эмичи? Эмне ойдо жүрдү экен?” – деп ойлоду М… бир маал.

II

Андай күндөрдү да башынан өткөргөн. Эмне, энеден туулганда эле маңдайы кайкы, багы тайкы туулуп, ыраматылык атасы жети күндүк ымыркайында кулак түптөн ырымдап, үч ирет шыбырап ат койгондо эле, жарыкчылык дүйнөдө жакшы сөз укпастан, “ант ургур чыккынчы, каргыш тийгир саткын” атыгуу кургурдун бешенесине жазылып калган дейсиңерби? Жазмышына антип чийилгидей кудайдын кайсы каарына калган экен? Каарына калса, токсондон ашыра жашайт беле. Жоон учуна кол башындай коргошун уютулган чокморду кериле шилеп, айкырып жоого тийип, кезинде “баатыр” даңкын да көтөргөнбүз. Кылычын жалаңдата сунуп, жанды сууручудай үстүнө өзү үйрүлүп келгенинен, көзү көк таштай көк, сары чийкил орусту өлтүрө чаап жыкты эле. Эр өлтүргөн өнөрү узун элдин учуна дейре угулуп, калайыктын оозуна алынганда жашы он беште болчу. Он беш-те! “Жылгын-Башы” деген жер бар эле, бейиштин бурчу өңдөнгөн жер соорусу эле, ошол жерде солто менен сарыбагыш кыргызы утур орустун кыштагына ат коюп, жаңжал салган эле. Кызыл кыргын ошол урушту азыркылар эстейби-жокпу, ким билсин, ошондогу бир эрдиги бирөө-жарымдын эсинде барбыжокпу, непадам эсинде болсо, эрмек кылып, кеп кылышабы-жокпу, ким билсин, бирок М…-нын эсинде.

“Эр өлтүрөм, болгондо да сары орустан өлтүрөм, жарактуу орустун маңдайынан жалтанбастан карпа-курп чыга калып, как төбөгө мээлеп уруп, жанын үзө чабам” деп ким ойлоптур ал заманда. “Ак падышаң кыргыздан аскер тандап алат, күргүштөтүп айдап барып, германдын маңдайына каршы кыркаар тургузуп, чуркатып урушка салат” деген кабар тараганда, караламан журт чыдабай, жапырт козголуп, ата-уулунун баарысы жарак кармап, “жык топтошуп, быкбырдай кайнаган жери – ушул” деп, элибиз Токмоктун орусуна катылды. “Мужук” деп койчу эмес белек аларды. Эси-көөнүнөн кеткис кылалы, кыштагын хан талагандай талап, короолуу үйүн өрттөп, күлүн көккө сапыралы, ошентип, жүн баш орустун баласын жергебизге экинчи басып келгис кылалы деп жүрөбүз жаман оюбузда. Кудайдын куттуу күнү ойду-тоону жаңырта “Атакелеп!” ураан чакырып, күндө төрт-беш маал удургутуп ат коёбуз. Аттын күчү менен жиреп барып, тигиндеги сары дубалдан башын анда-санда сороктотуп, андан-мындан шыкаалап жаткан орусту найзанын кыйгактуу учуна эптеп эле илип алсак, соо койбойт элек дейбиз. Мылтыктуулары көп экен, өтө жакын жуутпай, окту төбөбүздөн мөндүрдөй гана жаадырып, тосуп алышат. Жааган октон ары жиреп өтө албай айлабыз куруйт. Бир далайыбыз боо-боо түшүп кырылып, орусту жыга сая албай артка чегинебиз. Ызы-чуу түшүп, өлүктөрдү жыйнап, өлүү-тирүүбүздү такташканча эсибизди жыйып, күчүбүздү топтойбуз да, кайрадан “Атакелеп!” айкырып, күүлөнүп ат коёбуз. “Ыгын таап, катарын бузсак эле, барданкесин октогонго үлгүртпөй, куру дүрмөт калтырсак эле, шаштысын кетирип, шайын бир оодарып алсак эле, атаңгөрү, кумурсканын уюгун чачкандай чакчелекейин чыгарып, топурагын тоз кылат элек, көзү алаңдаган сакалчан мужуктун колунан кош оозун жулуп алып, короосун айланта корголото кууп, сазайын шондо берет элек” дейбиз. Же ошол муратыбызга жетпейбиз. Дубалдын артынан шыкаалап урушкан куурагыр орусуңдун мылтыгынын машасын баскылап, ок чыгарганы да эсепчоту менен болот окшобойбу, тээ алыстан кыйгуулап чапкан атчандарды чукулдатып, элүү-алтымыш кез жолотуп туруп анан так маңдайдан тарсылдатып ок жаадырат. Чалгы менен чапкандай жыгат. Тарсылдап ок атылган сайын найзасы колунан ыргыган жигиттердин ат жалын жандалбастай кучактай калып, “шалк” этип кулаганы эле көзгө көрүнөт. Канчалык куушуруп, канчалык теминип, толгой кармаган найзабызды канчалык жанталаша сунсак деле, жетпей койдук. Жалтанбай канча чапсак да жааган окту жиреп ары өтө албай, окко такалгандан ары-бери чайпалып, жар-кемерге урунган толкундай соктугабыз. Жиреп өтөбүз деп өжөрлөнгөн сайын арабыз суюлду. Адам тукумунун айкырык- кыйкырыгы, жылкы тукумунун азынапкишенегени, мылтыктын кулак тундура тарсылдаганы аралаш алай-дүлөй ала тополоңдо орустун кош оозунун кароолуна азырынча жаза тайып илине элек, ичер суусу түгөнө элек атчандар гана акырындап-акырындап кетенчиктеп, кайрале кош-кошубузга тыгылабыз. Анан кайрадан ат коёбуз, кайрале кошубузга тыгылабыз…

М… бир курдуу боз балдар, алтымыш-жетимишке жашы таяган улуу кишилер менен чогуу кошто жаткан. Кошту жайгаштырышкан жери – Шамшы суусунун жээгиндеги секиче. Урушуп чыга берген эр-азаматтар кабактары салаңдай кумсарып, сөгүнүп-сагынып, ызырына чаап келишкенде аягы-аягына тийбей тызылдап жетип барып, алдындагы зоруккан атын, колундагы жарагын ала коюп, чаалыккан немелерге күл азыгын суна калып, сураганын аткара калып, ат кошчулук кылуунун, чуркап кызмат өтөөнүн милдети коштогуларга жүктөлүү.

Токмоктун орусуна тыным бербей камалап, туш тарабынан орой чаап атканыбызда, “кызыл жоолук буунган нурманбеттин балдары эрледи, суу жагынан тийип, калааны четинен тебелетип, камыш жамынган четки үйлөргө өрт коюшту” деген кабар угулду. Каңшаары Чет-Бээжинди чапкандай эле туюлду. (Айтууда, түп аталарыбыздын ушундай жоругу болгон экен). Дем байлап, ого бетер оолугуп калдык. Тим турбай кайрадан ат койдук.

Бу жалгандагы орус аттууну ата-жотосунан бери калтырбай бир башкача богооздоно сөгүп, элчилеп жөн сөгүнбөй, журт укпаган капкайдагы кычык сөздү таап, тамтыгын калтырбай сөгүп, сакалчан мужуктун мойнун ушу сапар барчусунда сөзсүз жулуп, башын кокосунан көзөй сайып, найзасынын башына иле келчүдөй өңдөнүп, айкырып сүйлөгөн кең ийиндүү карасур кишини эмеледе М… колтугунан өзү таяп, урушка атказган. Кулагерин теминип, имерилип жоого киреринде үзөңгүсүн үзүп ийчүдөй чирене тээп, алаканын кенен жайып, көпчүлүктөн бата тилеп, “көргүлүктү гана көрсөтпөсөм элеби!” деп кекенип, урушка чындап шыгы эми ойгонгон немедей чымын-куюн кетти эле. Орустун өлүгү түгүл тирүүсүн эзели көрө элек М… аңырайып, өңгөдөн да ошол кишини аңдып калган. Айткан өнөрүн айтканындай көрсөтүп, найзасын башынан ашыра көтөрүп, сүрмө топтун ичинен суурулуп чыгар маалын аңдыйт. Кара аламан уруштан көзүн айрыбай, кулагер бууданды издейт, кулагер бууданды алкынта минген ошол баатырды сыдыра издеп, жолун карайт. Аңгычакты атчандардын калың тобу кара түтүн асманга уюлгуган тушка көбүрөөк ыктап калышканын байкады. Керээли-кечке туш келди чайкалып жүрүшүп, чабыштын ыгын эми келтиришкенсип, ошол тушка ыктай беришти, ыктай беришти. Алар чулгаган сайын үйлөрдүн жалбырттап өрттөнгөнү, коюу кара түтүндүн асмандап уюлгуганы күчөдү.

–Ылоону имермекке азыр туралы. Жүгүбүздү ташымалдап, артына берет окшойбуз, – деди кошту баштаган киши.

“Кошту бүгүп, чукулураак кондуруунун камылгасында бололу” дегени эле.

Камылгадан мурун М…-нын эси-дарты – алиги карасур кишиде. Намыска жарап, бүтүндөй бир атанын балдарына мөөрөй алып берчү киши эмес беле? Малакайын желкеге түртүп ийип, көзгө илинип калабы деп, кулагердин караанын тынбай издейт, ошол кулагерди олбуй-солбуй теминген карасур кишинин караанын издейт. Кареги да талымай болду. Телмире тиктеди.

Көзүң мындай жамандыкты көрбөсүн, Токмоктун кууш көчөсүн аралата ээн-жайдак чапкылай алышпай, үстү-үстүнө тыгылып аткансыган атчандар бир маалда карышкыр тийген койдой үркүп, капилеттен туш келди “дыр” коюп, талаанын бетин бербей кара таандай каптап жайылып, баш аламан качып беришсе болобу! Кудай бетин салбасын, “Токмогуңду желкемдин чукуру көрсүн кокуй” дешкенсип, баштарын ийиндерине катып, жанталаша чапкылап баратышат! Коштун конгон жайын деле унутуп калышкан сыяктуу. Өнө боюң дүркүрөп, өз көзүңө өзүң ишенбейсиң. Бир түрлүү ой кетти. Же кыямат-кайымды көргөзөйүн дегенсип, орустун бая күнтөн уктап жаткан аярлары чээнден эми ойгондубу? Жайчылары ойгонуп алып, чын бүлүктү эми салдыбы? Эмне деген кокуй иш!? Бул эмнеси, катыгүн!?

Коштогулар адегенде селейди. “Капырай, капырай! Эмне болуп кетти? Эмне болуп кетти, капырай?” деп элейишип, дең-дароо.

Он чакты атчан бөлүнгөнгө араң жарап, кошту түз беттебей, капталдап чапты. Чаап келатышат дагы, колдорун серепчилеп, айкырып келатышат. Чапкылап келатышат дагы, айкырып келатышат. Ыраактан эле:”Качкыла! Качкыла эле качкыла!” деп айкырык салышты. Топ аскер артынан сая түшүп, тарсылдатып аткылап, кууп алган сыяктуу. Мылтыктын үнү “тарс” этип жаңырган сайын огу сая кетпестен, качкандардын бирден кишиси атынан ооп жыгылып турду. “Тарс” деген эле үн чыгат, жанталашып качып бараткан атчан тизгинин ыргытып жибергенсип, колу “шалак” этип, үзөңгүсүнөн буту тайып, ээринен шыпырылып калат. “Тарс” деген эле үн чыгат, улам бири жыгылат. “Тарс” деген эле үн чыгат, улам бири жыгылат. Алеки заматта үч-төртөөсү окко учкан өңдөндү. Адегенде не болуп кеткенин түшүнбөй аңырайып тиктеп, “оо, кудайлап!” качып бараткандарга көмөктөшө калчудай моюндарын созуп, жүткүнгөн кош башчылар мылтык сунган куугун даана көрүнгөндө гана шаштылары кетип, ачуу кыйкырышты:“Коку-уй, кокуй! Жалдырап эмне турабыз! Жоого бастырып алган турбайлыбы! Качкыла!” Айтып оозду жыйгыча, куугун салган аскерлердин бири мылтыгын үйрүп, кошту көздөй атынын башын бурду. Мылтыктуунун сүрү деген мылтыктуунун сүрү да, жан кулактын учуна келгенде, “жоо бастылап” кыйкырган коштогулар чакчелекей түшүп, тырпырап эле калышты. Ар кими өз атын кайсалактап издеп, тушоого койгону тушоосун чечкени чуркап, мамыга байлаганы мамыга чуркап, кымгуут түшкөндө, М… да алактап атын издеди. Энеңди-и, энөөлүгүн карачы, “ылоону имер” дегенди кулагынын сыртынан кетирип, олжодон кур жалак калчудан бетер урушту үзбөй тиктеп жатып, атынын кашатка түшүп кеткенин байкабай калганын карачы. Ушу турушунда тушоолуу атты көздөй чуркаса, кошту көздөй чапкылап келаткан аскерди утурлай чуркап барып, бөөдө кароолуна илинип, ажалын таап алчудай туюлду. Келесоо сыяктанып бет ороюнан өзү чыгып берип, жем болуп алчудай туюлду. Аскердин аты күлүк экен. Чымын-куюн болуп, мындагынын баарын четинен терип атып салууга камынгандай мылтыгын үйрүп, жакындап эле келатат, жакындап эле келатат. Ат-көлүгүнө жетишип мингени жетишип минип, учкашканы учкашып, коштогулар четинен чилдей тарап, кача баштады. Чаап баратып бирин-бири түгөлдөп коюшат. “Баланча, барсыңбы?” деген айкырык кулагына “шак” этти. Алактаган М… жооп бере албастан, жашынгандын амалын издеди. Орустун көзүнөн далдаа деп, орторооктогу коштун ичине кире качып корголоду. Кирип эле сол капшытына тыгылды. Кыйып кете албаган тууганынын “баланча-а?” деген кыйкырыгын алысыраак жерден дагы укту. Кеч эле. “Мындамын!” деп чуркап чыгып, эңиштеп чуркаган күнү да үлгүрбөс. Андагы тууганынын утур айкырып издеген үндөгүн кашайтып жоопсуз калтырды. Жан-жагын караса, оң капшыттан бышылдаган бирөөнүн карааны көрүндү. Ат кошчулукка чогуу жүргөн курбусу. Болгондо да, апалары айтмакчы, бир күндө, бир түндө туулган курбусу. Мурун жетип, жашынган тура. Эки көзү алаят. Бир-бирине кол жаңсап, “акырын!” деген ишаара беришти. Жүрөктөрү дүкүлдөйт. Курбусу бышыктык кылып, жоосу кашынан чыкса айбат көрсөтчүдөй түрлөнүп, көзүн алайтканы менен колуна союл кармаганга үлгүрүптүр. Аны көрүп, М… дагы эсине келди. Көзүн үйүр алдырып, үйдүн ичин айланта тиктеп ийсе, жөлөнүү чокмор урунду көзүнө. Курбусунан кем калышпай, ала калды колуна. Салмактуу экен.

Үрөйдү учурган орус келди. Атынан түшүп жөө басып, четинен баштап, улам бир үйгө баш бакканы туюлду. Атынын кошкурук атканы улам жакындан угулуп, жакындап келатты. Жакындап эле келатты, жакындап эле келатты. Дабышы жакындаган сайын кабынан чыкчудай түрсүлдөп каккан жүрөктөр оозго тыгылды. Бирин-бири жалдырап тиктеп коёт. Эңсешкени – ээн калган коштон тирүү жан табарынан түңүлүп, орус кыя өтүп кете бергей деген тилек. Ошентсе эмне! Ошентсе кана! Аңгычакты орус тигил экөө коргологон үйдүн тушуна да жетти. Аты менен омуроолотчудай болуп айланта басып, эргилчектин тушуна келди. Дароо баш бакпай, бирдеменин шегин алгансып, саал аялдап туруп калгансыды. Кулагын түрүп, тегеректи тыңшагансыйт. Тигил экөө тунжурайт. Мындайда мынабу каапыр немең “шып” эткен шыбышты кой, кош танооңдон “быш” этип чыккан демиңдин күүсүн да угуп койчудай туюлуп, экөө тең дем албай, демдерин ичине катты. Орусту алдайлы деп ойлошту. Орус эңкейип, эргилчектен башын салды. Оңду-солду карады оболу. “Эх!” – деп орой кыйкырды. Кылычтаарга киши табылганына сүйүнгөнсүп, “Аа, иттин гана балдары, мындасыңарбы?” – деп бакырды. Карала-торала болуп, окшошкон эки чычымды турган жеринде эки бөлө кылычтайын дедиби, атынын чылбырын силкип ийип, босогону кенен арыштап кирип келди. Оң келип турганданбы, дароо оң капшытка бурулуп, балит сөгүнүп, кылычын кезенип калса болобу! Союл кармаган бала жалаңдаган кылычтын сүрүнөн корктубу, же орустун иреңи суук түрүнөн ошончолук чочудубу, айтор, көзү алайып, капшытка жабышкан бойдон үнсүз-сөзсүз талып, талмасы кармаган немедей нес болуп, катты да калды. Союлун өйдө көтөргөндү кой, башын ала качып, жалтанганга да чамасы жеткен жок. Эки көзү эле алаят. Ээ, кудай, ошондо, жанында М… болбогондо эмне күн болмок? Кудайым кош ичине М…-ди кошо айдап кирбегенде, кургуруң эмне көргүлүктү көрмөк? Орус кылычын башынан өйдө үйрүй бергенинде, М… керилип туруп, кара куштан өйдөрөөк как чокуга мээлеп, колундагы чокморду бар күчү менен шилеп калганга үлгүрдү. “Жалт-жулт” эткен ийри кылычын шилтетпестен үлгүрдү. Кылычы ыргып кеткен орус “аа!” деп катуу бакырып, башын кош колдой басып жыгылды. Башын жара чапкан окшобойбу, бүк түшүп жыгылды. Бөлө чапкан окшобойбу, кан жайыла берди. Дароо үзүлбөй, жарадар болуп калдыбы, айтор, “кор-кор” эткен дабыш чыгарды. “Чала жан кылдым окшойт” деп ойлоду М… Күткөн эмес эле. Ачып-көздү жумгуча чоку талаштыра уруп, сулата жыгам деп күткөн эмес эле. Чокморду эки шилегенге, экинчи шилегенге дааган жок. “Качтык!” деген сөз келди оозуна.

Эшиктен жарыша атып чыгып, кашат бойлоп аттарга жүгүрүштү. Эки аягың талып калгансыгандан арышың кенен созулбай, атка чуркап жетмегиң бир тең, майда калтырак баскандан колдоруң эпке көнбөй, чиеленип калгансыган тушоону чечмеги бир тең болуп, анысы аз келгенсип шашкалактагандан үзөңгүнү эки курдай жаза тээп алып, ашыга ээрге отурганчакты орус жерден суурулуп чыга калчудай туюлуп, апкаарыганды айтпа. Качан гана “чү” деп темингенде, канат бүткөндөй сүйүнүштү.

Кан күсөгөн ким бар дейсиң? Эр өлтүрөм деп ким ойлоптур? Найза булгалаган баягы карасур кишинин бакырып сүйлөгөнү дем бердиби, же ата-жотонун арбагы колдодубу, эмне күч ойгонду ким билсин, кыскасы, шилечү чокморду шилеп ийип, чымындай жанын аман алып калды. Өзүнүн да, курбусунун да жанын бир өлүмдөн арачалап калды. Ал эми карасур кишиге экинчи бет келип, көрүшө алганы жок. Кайра кайрылып көрүнгөн да жок, дайыны да угулган жок кайрандын.

III

–Wo zum Teufel bist du und wo zum ist mein schreibblock! – деди М… дабышын бийигирээк чыгарып.

Бир аз демин басып алган соң ордунан турду. Сараң немеден бетер эмне себептүү сактап жүргөнүн өзү деле оңдуу билбейт, үйгө келген соң он чактысы кат-кат жыйылып турат, ошол эски журналдардын арасын ачып карады, легионго түшкөн кезиндеги сүрөттөрү чапталган жука альбому жатат катарында, аны аңтарды. Альбомду барактап калмайында жалгыз түшкөн сүрөтүнө кокус көзү кадалып, жок издегенин саамга унутуп, саамга алаксып, телмире тиктеп турду. “Гауптштурмфюрердин” көгүш формасында түшкөн, кырлары жыртылып, саргара баштаган сүрөтү эле. Үстүнө кийген формасын, ийининде көтөргөн ченин эстегенден алаксыган жок, ошол форманы кийүүгө мажбур болгон күлгүндөй чагына ичтен сызгандан, көөдөндү баскан сагынычын козгогондон алаксыды.

Мына ушундай жашоону буйруптур. Мына ушундай жазмышты көтөрүү буйруптур. Кызыл аскер кезиндеги жалгыз сүрөтү сакталып калганын кудай билет. “ВоронежМоронеж” деген жерлерде “ураалап” кыйкырып, урушка кирерден оболу өмүрүндө биринчи жолу энчилеп сүрөткө түшүп, артындагы актай жерге:“ушул сүрөтүмдү жакшылап катып ал” деп чиймелеп, айылына жөнөтүп ийди эле, анысы жетип-жетпегенин, ардагынын колуна тийиптийбегенин кудай билет. Тийген күнү деле аны аздектеп катып алууга жарады бекен? Же “мекенди саткандарды жашыруунун жазасы оор” деп опузалап, суракчысы омуроолоп келген күнү, “мынакей, кокуй” деп КГБнын колуна тапшыра салды бекен? Ал эми “гауптштурмфюрердин” формасын кийип түшкөндөгү сүрөттөрү мына минтип сакталуу.

Кептин баары ушунда. Балким, “гауптштурмфюрерлиги” болбогондо, башкаларчылап буга чейин эле Мекенине маал-маалы менен кат жазып көрмөк. “Албетте, бул сүрөтүмдү көргөзбөйм. Эч кимге көргөзбөйм. Даана чыккынчы болуптур дешип, көргөндөр чалкасынан кетпейби!” деп ойлоду М…

Альбомду ордуна койду. Бүшүркөп, ырды эстеп көрдү. Үч сабы так эсинде. Калган жети сабы чала-була эсинде. Эсиндеги үч сапты үн чыгара так кайталап, кийим илинген шкафтын текчелерин – ала кетчү белектери тизилген текчелерди аңтара баштады. Көп буюмдун ичинен чаташтырып албайын деген ойдо көйнөк экөөнү чогуу койгон жок беле?

Этеги тизеден узун көрүнгөн, майда кызыл гүлдүү, кездемеси – сатинден, отуз сегизинчи размерлүү көйнөктү койгон жеринен аярлап алып, бүгүшүнөн жазып карады. “Булак” этип блокноту көзгө урунбаганы менен, бу саам көйнөккө алаксыды. Сатин кездеменин бетиндеги майда кызыл гүлдөрү тоо этегиндеги жазы талаанын кыпкызыл болуп жайнаган кызгалдактарындай элестеди. Колунан келгени ушул. Бүгүлүп басып барып, гүлдүү көйнөктү эки колдоп сунарын элестетти. Алар бекен? Кабыл алар бекен? Көйнөктүн бүктөмүнө кыстарылуу кагазды ачып, он сап ырын окуур бекен? Окуса, кандай ойдо калат болду экен?

Ардагынын кийин кандай ой-кыялда калганын билбейбиз. Кезинде “баатырым эле баатырым” деп жалбарып, жалжал тиктечү эле, аппак жумуру билегин мойнуна жумшак артып асылганында, “баатырым, баатырым” деп эркелечү эле. Элди ээрчип, үйүт-үгүтүнө кошулганда ою чындап бузулдубу же жокпу, ою бузулганда “саткын эле саткын” деп кошо каргаган күндөрү болдубу же жокпу, аны да билбейбиз. “Саткын” деп айтса, чын жүрөктөн айтты бекен, же жүрөгүнүн тереңинде “аным саткын эмес” деп чыңырып, каяша айтканга жарады бекен? Аны да билбейбиз.

Бир курдай колхоздун талаадагы жумушунан кабагы бүркөө келип, “киши укпасын, жаным, экинчи мени “баатыр” дегениңди кой, кокуй, антип айтпай жүр” деп тыйганын эстеди. “Кап!” деди ичинен сызып. Кап, акыры минтип жылаажындай ошол үнүн, ошол сөзүн угууга зар болуп каларын билсечи! Тыйбай эле койбойт беле. Атаңгөрү, кудай-таала бир сыйкыр жиберип, ардагынын ошондогу “баатырым” деген жылаажындай үнүн кайра бир кайталап уккудай акыбети болсочу!

Гүлдүү көйнөктү кармап, суктана карап турганында экөөнүн ортосундагы ошондогу сөздү ийне-жибине чейин эстеди. Бир курдай колхоздун жумушунан кабагы бүркөө келди дебедикпи. Жөнү мындай. “Кара көпөлөк каптаган жылдар” деп коюшчу элде. Адегенде, “тап душманы” атыгып, айылдын бир далай кадырлуу кишилери сүргүнгө айдалды. “Ээ” деп эсти жыйгыча “контр” атыгып дагы бир канчасы же атылганы, же айдалганы белгисиз, бейдарек жоголду. Бир күнү жакын тууганы камалды. Баягы, эл үрккөн жылы, Токмоктогу урушта ат-көлүгүнө жете албай, кошко кире качканында артынан издеп кыйкырып, тамагы айрылганча “баланчалап” чакырып, кыйып кете албай кылчактаган тууганы бар эмес беле, ошол камалды. “Эмне айыбы бар?” дешсе, эскичил имиш. Ошондо М… бу жаңы заманга жагынуу оңой мүшкүл эмес экенин түшүндү. “Баатыр” дегенимин эмнеси зыян?” деди эле жароокер эркеси. “Мен үркүн маалында, эл Турпанга тентиген чагымда “баатыр” атыккан кишимин, жаным. Большевиктердин камчысын чабышканымдан эмес, жан айласы кылып орустун шоруң каткыр аскерин жыга чапканымдан “баатыр” атыктым. Демек, менин “баатыр” аталмагым мынабу замандын үйүтүнө жарашпайт. Андан көрө эртелеп “коммунист” болуу жагын ойлонуум керек” деген эле М… “Кытайдын черүүсүн жыкканыңчы?” деди эле эркеси. “Аны да экинчи кеп кыла көрбөгүн!” деди эле М… “Жат кишинин кулагына угузбай, өзүңө эле шыбырап айтып жүрсөмчү?” деди эле эркеси. “Ач кулактан тынч кулак, шыбырап деле айтпа, жаным. Үңкүнүн жаасы катуу, чындап тыңшачу болсо, шыбырашкан сөзүбүздөн бери угуп алат!” деп эсин чыгарды эле М…

Эми минтип ошол шыбырап айткан бир ооз сөзүнө зар болуп турганын карачы.

Көйнөктү үстөлдүн үстүнө эндейинен жайып, жибинен жанган шурудай чачылып кетчү буюмду кармагансып колунун учу менен этиет кармап бүктөй баштады. Бир барак кагазга он сап ырды көчүрүп жазып, кошо кыстарып койбосо, бир жери кемип, белеги белекке окшобой калчудай.

IV

Ал эми М… – нын кытайдын айдар чачтуу черүүсүн жыкмагы өзүнчө аңыз.

Жанагинтип үрөйдү учурган орустун аскеринен чокмор менен жыга чаап кутулганда, Шамшынын алкымынан кууп жетип, элине кошулган. Будуң-чаң түшкөн калың журттун алды ашууну беттей чубап, үркүп алышкан экен. Ага-тууганы үрпөйүп, “ошончо катылган соң орус соо коймок беле, өлдү го” деп түңүлүп, ал ортодо байкуш энеси чыркырап боздоп, көз жашы да кылып ийген окшойт. Курбусу экөө үрккөн элди Шамшынын этегинен кууп жетип, алты саны аман келип кошулганда, жарданган урук-тууганы көргөн көздөрүнө ишенбей, көрдөн туруп, тирилип келген кишилерди көрүшкөнсүп, ооздору араандай ачылган. Ал эми, эргилчектен ызырына аттап кирген орусту кылычын кере шилтегенге үлгүртпөй, как чокуга уруп өлтүргөнүн угушканда, таң калгандан жакаларын карманышып, ирмемге эле илээлеп, олку-солку болгонунда курбусу экөө тең ичеги-карды эшилип, кулачтаган бойдон кара жер кучактап жатышмагын эшитишкенде андан бетер айран калып, “колдоочуңар бар тура, периштеңер колдоптур, атаарбак колдоптур!” дешип дуулдашкан. Ошондо, “түкүнчө элдеги баланчанын карууга кирген он беш жашар баласы орусту чаап өлтүрүптүр” деген сөз дүрбөгөн элдин учукыйрына чейин желдей тарап, аңыз болуп угулуп, “баатыр, эр өлтүргөн баатыр” аталды да калды.

Ошол күнү качышты. “Аскерге бастырдык! Журтта турбагыла!“ деген кабар тарады күлдө журтка.

Көрсө, Алматы менен Ташкенден жасагын айрып чыкканда эле “ушу сениби, кыргыз!” деп кекене аттанып, көчмөндүү кыргыз тукумун кызыл уук кылып чаап, жумшактан күлүн, катуудан казанын калтырбай ойронун чыгара жазаламак үчүн оголе көп аскер келгени, туш тараптан кысып, тирүү жан койбой кырып-жоюп жаткандагы кабары узун кулактан угулуп, эл чыдабай, Чүйдүн ичи башынанаягына чейин түрүлө үркүп, ал ортодо жакшылар кытайдын чегиндеги ата-бабадан калган эски конуштарга кире качып, баш батыра турууга сөздү токтотушкан экен. Токмокту камалаган анча кол эмне эле алды-артын карабай дыргаяктап качты десе, жардамга чукулунан жете келген жазалагыч аскердин огуна түз эле барып кептелишкен тура.

Будуң-чаң түшүп самсыган эл ортодо үч конуп, Какшаалдын ак жалтаң тоолоруна жеткени эсте. Оболу “баланчанын эли Ак-Шыйракты бет алды”, “түкүнчөнүн эли Беделди ашмакчы экен” деген сөз угулган. Аңгычакты “көрүнгөн туу белде кытайдын жарактуу черүүсү кароолдоп турат имиш, жол тосуп турат имиш” деген кеп желдей тарады. Буйдалып калышты. Такоолдогу мергендердин бири:“сары изибизге чөп салган жазалагычтар чукул келиптир!” деп кыйкырганда, удургуган эл шашып, сай-сайды өрдөп жөнөй беришти. Жүк артылган өгүздү ашыгычтуу жетелеп, кокуйлаган энесин ээрчиткен М… ээн коктуга кирген. Элден адашып калышыптыр. Ашууну туштап кете берген.

Жалгыз черүү жол тосту. Жаш курагы жыйырмадан озуп-озбогон, бетинин чүкөсү чыккан, чычаладай кара, кынжыйган арык кытай экен. Кундагы кыска мылтыгы бар оң ийнине асынган. Этеги шыйрактан, тик жакалуу чапан кийинген. Шоңшойгон чокусуна кондурган тегерек баш кийиминин алдынан бир тутам айдар чачы чубалып, далысына түшүп туру. Колуна кармаган кере карыш канжасын кере-кере соргулап, үйлөгөн сайын оозунан да, эки таноосунан да көк түтүн бурулдайт. Жүлжүйгөн көзүн жылтыратып, бирдеме деп чаңкылдады. “Жаң-жуң, жаңжуң!” деп жаңырды кулагына. Колун серепчилеп, орой жаңсады. Анысын да түшүнгөн жок. Ниети кара, ой-санаасы бузук туюлду.

Жакындап келип, аңырайып караган М…ны “ай-буйга” келбестен алка-жакадан алды. М… дагы моюн бербей, тигинин мылтыктуу экенине кайыл болуп, жакасына чап жармашты. Каруулаша кетишти. Мотурайган немени камгактай алып ыргытам деп ойлосо керек, айдар чачтуу черүү чалып жыгайын дегенинде, М… буйтап бутун ала калып, жамбашка алып жыгайын дегенинде, белинен артка тартып булкунуп, алпурушту. Ары булкуса ары булкуп, бери булкуса, бери булкуп, “талп” этип жыгылып алдында калбастын айласын издеп жулмалашты. Беш-алты жаш улуу неме улуулугун кылып, М… алдырып ийе калгансыйт. Эки аягына бекем таканчыктап, эптеп жыгылбастын айласын кылат. Корккону – мылтык. Жыгылса эле, жыгылган жеринен тургузбай, мылтыгын көөдөнгө кадап, ит аткандай торойто атып салчудай. “Жыгылбасам экен” дейт, “жыксам эле” дейт. Ошентип ойлоп, оюн жыйгыча, тигил кытайдын оң колу бошой түштү, айдар чачы асманга серпилип, мылтыгы ийнинен алыс ыргып, “күп” этип эле чалкасынан кулап, талпактай болуп алдында калды. Үстүнөн баса жыгылган М… кайра тургузуп ийбестин айласында болгон салмагы менен жерге ныгырып, бир колу менен муунтуп, бир колу менен жанталаша жерди сыйпалап жиберип, колуна кырдуу таш тийген экен, кырдуу таш менен чыкыйга урду. Тырпыраган черүү ачуу чыңырды. Бирдеме деп чаңкылдады. М… чыкыйга эки кайталап урду. Чыкыйы оюлуп-жарылып кетти окшойт, канжалаган черүүнүн көздөрү кылайып, туйлаганы токтоду. Безеленген энесинин үнү угулду төбөсүнөн. Боюн жыйрыган М… өйдө болуп, эси эңгиреп отуруп калды. Черүүнү сулатканына ишенип ишенбей, башын көтөрүп, безилдеп сүйлөнгөн энесин карады. Энеси күйпөлөктөп, кытайдын эки бутун түрткүлөп, каяктандыр чырмалып-оролуп калган үзүк боосун жыйнап жүрү. Ошондо түшүндү. Түтпөй кеткен байкуш энеси үзүк боосун ала калып, черүүнүн аркасынан шап келип, эңкейе калып, эки аягына үзүк боону шыйрактан айланта чалып ийип, белине курчанып, керилип туруп тартып жиберген тура. Эки буту бирдей тушалган черүү кытай ошон үчүн теректи жыккандай “күп” эте кулаган тура.

V

Ачуу эңсеп тамшангандан элүү грамм шнапс ууртаганы ашканага баш бакпады беле, балким, блокнотту көтөрө кирип, унутуп калгандыр. М… акырын басып ашканага кирди. Үстөлдүн үстү бош. Рюмкасы турат бопбош. Муздаткычтын үстүн карады. Жок. Саамга турду. Муздаткычты ачты. Жарым бөтөлкө “Doppelcorn” туру. Отуз сегиз градустуу. Дагы элүүнү шыпкай тартып ийсе, унутканын эстеп ийчүдөй болуп, бөтөлкөнү алды.

Он жылдан бир аз өттү го, күнүнө элүү грамм, ашып барса жүз грамм гана ченеп ууртаган адаты бар. Кыштактын тургундарынан мөөрөй алчудай кебетеленип бир бөтөлкөнү жалгыз өзү түгөтө ичкен өнөрү бар эле, анысы калган. Бир бөтөлкөнү айтасың, талгак болгонсуп сексен градустуу шнапсты тандап ичкен күндөрүчү. Айрыкча, “Ansatzkorn”! Шнапстын төрөсү ошо. Өзөк-жумуруңду өрттөп кетчүдөй болгон жүз граммды дем албастан тартып жиберип, артынан бавар колбасасынан же өрдөктүн жука кыртыштуу этинен бир кесим сугунуп койгонуң өзү бир ыракат!

“Элсизде жүрүп үйрөнгөн артыкча үч өнөрүм бар” деп калат өзү. Легиондо кызмат өтөгөнүндө айнектин бетиндей жылтыратып өтүк тазалаганды, күзгүнүн маңдайына тикесинен ашыкпай туруп алып, эки жаагына көбүктүү самындан кенен жаап, немис устара менен сакал-мурутун чебер кырынып, кырынып жатканында ичинен кыңылдап ырдап, ошондон ыракат алганды үйрөндү. Үчүнчү өнөрү – ачуурканбай шнапс ичкени. Шнапс ага жардам берди. Шнапс болбосо, акыбалы эмне болмок? Аны бу дүйнөдө, бу кең дүйнөнүн кычыгындагы немистин мынабу чакан кыштагында кимиси сооротуп, кимиси алаксытмак? Заманасы тарыган күйүттүү күндөрүндө жалаң шнапстан күчүн чыгарды, шнапс менен сыраны аралаштыра ичип, андан күчүн чыгарды. Адегенде, немистин кадим адат-салтына салып, бармактай рюмкадагы шнапсты тартып ийип, артынан кулкулдата сыра жутуп жүрдү, кийин шнапс менен сыраны чалып ийип, шимире ичип жүрдү.

М… жалаң “коктейль” менен, өзү айткандай “М… коктейль” менен да күйүтүн баскан күндөрүн эстеди.

Ээй, кайсы бирин айтасың, ичтейи тамакты тартпай, кардына бүдүр таштаганга көңүлү чаппай, эчтеме жебестен, шнапсты аралаштырбай жалаң өзүн ичкен кези. Андайда куюлуп ууртуна келген көзүнүн ачуу жашын даамдап койгону жетиштүү болор эле. Сексен градустуу шнапс жана шолоктоп ыйлагандагы жүзүнөн ылдый куюлган ачуу жаштын кыйгыл даамы. Кийин-кийин өзү тамашалап айткандай “коктейль” болчу. “М… коктейль”! Элүүнү тартып жиберет да, муун-жүнүн эркинче бошотуп, көзүнөн чууруган ачуу жашты даамдап коёт, элүүнү тартып жиберет да “шуу” үшкүрүнүп, ууртуна куюлган ачуу жашты даамдап коёт…

Ал азыр үстөлдөгү бош рюмкага “Doppelcorn-дон” баса куйду. Артынан чала жабылган муздаткычты чоң ачып, бөтөлкөнү ордуна койду да, кыйгачынан тууралуу колбасадан вилкага илип бир кесим алды. Жегилигине. Байкаганыңардай ал бүгүн күйүттөн эмес, койнуна сыйбаган чексиз кубанычтан улам ичип жатат. Ошон үчүн элүү грамм менен чектелбей, өзүнө-өзү жүз грамм алууга уруксат берип жатат. Акыретте гана көрүшөм го деген кишилери менен өңүндө жүз көрүшүп, жолукканы жатса, биртике алып койбогондо эмне экен! Рюмканы түбүнө чейин көтөрдү. Сол колундагы колбасаны тумшугуна такап, оболу жытын алып, ошол жытты демине аралаштыра терең тартып, анан от үйлөгөндөй үйлөдү да, учунан кыя тиштеди. Рюмканы койду. Ичегиси кызып баратканда, оюна бирдеме “кылт” этти.

“Аман алып калдым эле!” – деди. -“Чокмор менен орусту жыга чаап, аман алып калдым эле. Тирүү болду бекен? Согушка аттанар түнү соңку ирет сүйлөштүк эле, сүйлөшкөн сөздөрүбүз эсинде болду бекен?”

Жай басып келип, оозгу орундукка отура кетти. (Ашканасында эки эле орундук бар. Немистен тапкан кемпири экөө отурчу бет маңдай соксоюшуп. Төрт жыл илгери кемпирдин көзү өткөнү төркү орундугу ээн). Курбусунун жоругун эстеп ийди.

Үркүндөгү азап-тозокто тууган-уругунун тең жарымынан айрылып, анын жарымы октон кырылып, калган жарымы бир сындырым нанга жетпей ачкачылыктан кырылып, дагы бир далайы ач бел, куу жондо калып, тоголок жетим калган башын кайсы жакка калкалаарын билбей адашып турганында жөө-жалаңдап артка жөнөгөн кишилерди ээрчип, ата-журтуна келип алган. Эл көргөндү көрдү. Элчилеп большевиктин үгүтүнө кирди. Жаман болгон жок. Үстүндөгү кийими бүтөлдү. Элчилеп орусту туурап, ылайдан жер үй тургузуп, эки бөлмөлүү жер үйдүн ичине жашаганга үйүр алды. Үйлөндү. Элчилеп ирденип, урушту унуткара баштаганда эле мынабу урушуңар чыкпадыбы. Орус менен немисиң туйгунт жаткан журтубуздун башына дагы бир балээни үйүп, дагы бир урушту баштабадыбы.

1941-жылы августта урушка чакыруу алды. Аскер комиссариатынын кайыш кур курчанган “болдомочуну” тоо койнундагы айылга – “айыл” дегенибиз өзөн бойлой ар кайсы коктуга конгон он чакты үй – атчан бастырып келип, айылдын болгон эркегин колхоздун активи отурган, камыш чатырына кызыл желек сайылган тамдын алдына чогултту. Түрү үрпөйүңкү үркөрдөй топтун алдында аттан түшпөстөн кыскача сүйлөдү. Кызыл Армия кызуу урушка киргендигин, эмитен эле немистин сазайын көрсөтүп жаткандыгын айтты. Жашы ылайыктууларга чакыруу болуптур, жамбашына асынган булгаары сумкесинен эки бүктөлгөн бир барак кагазын алып чыгып, аскерге жөнөтүлчү кишилерди бирден атап, “баланча, түкүнчө” дегендер дайын болгула, эртең түштөн кечикпей райборборго түшкүлө!” деди да, атын теминип, артын карабай жөнөп кетти.

Айыл болуп конгон ар бир үйдөн бирден кишинин аты аталып, жашы тептең баягы курбусунун – үркүндө орустун кылычына чаптырбай сактап калган курбусунун аты негедир тизмеден чыккан жок. Таң калды. “Болдомочун” кагазды бетине такап, үнүн бийик салып окуп жатканда М… курбусун жалт караган. Кылая караган курбусу көзүн ала качкан. Бул эмнеси? Эл тегиз жатканда М… караңгыны жамынып, кыялай басып, өйдөңкү коктудагы курбусунун үйүнө барды. Бастырманын алдында сүйлөштү. “Сен чакырылбай калдың да, ыя!” – деди. “Жашым өтүп кетиптир”, – деди курбусу камаарабай. “Кандайча? Экөөбүз тептең эмес белек?” – деди М… “Билбе-ейм. Өкүмөт өзү билет да, ошентип тизмелептир го”, – деди курбусу ийнин куушуруп. “Кантип, капырай? Экөөбүз бир күндө, бир түндө төрөлбөдүк белек? “Экөөң теңсиңер, айыңар да, күнүңөр да тең, бир түндө төрөлгөнүңөрдү унутпай билип жүргүлө” дечү эмес беле апаларыбыз?” – деди М… “Азыр баарын эле өкмөт өзү айтып, өкмөт чечип калбадыбы”, – деди курбусу. Чечилип сүйлөгүдөй эмес.

Ичинен сууп, же Совет өкмөтүнө, же курбусуна өпкөлөөрүн билбей тетири бурулуп басып кеткен. Айгак чыккысы келген жок. “Орусча ыпым билбеген неме кантип тилин жеткирип, айгак чыкмак эле” дедиби, курбусу да жазганган жок. Эртесинде аялы, бир ууч тууган-уругу менен кайыр кош айтышып, түштөн кечикпей жетип баруу үчүн райборборго жөө жөнөгөн. Курбусу ошондо райборборго дейре узатып койгонду кой, эшигинин астына бастырып келип, коштошконго жараган эмес.

Кийин түкшүмүлдөп-боолголосо, уруш чыкты дегенди укканда эле ал куурагыр аскер комиссариатына түндөп өзү чуркаганбы, же чачты желкеге кайрып, чолок этек тон, “хромовый” деп койчу жылтыраган кайыш өтүктөн кийип, актив жүргөн кишилерден ортого салып чуркатканбы, айтор, бир айласын таап, кагаздарын оңдоп-тууралатып, жашына жаш кошуп улуулатып, аскерге жарабагыдай кылып жаздырып алса керек. Эмне эле такыр кебелбейт десе.

“Бир четинен айыбын ачпаганым оң болуптур. – деди М… ичинен, – Кокустан, айгак чыкканымда, эмне мөөрөй тиймек? Ээрчишип келип, кан майданда чогуу болмокпуз. Чогуу болгондо эмне мурат? Көптүн эсебинде мылтыгын кезене чуркап жүрүп бир күнү өлмөк. Ооба, өлмөк. Мылтыгын сунса эле мээлегенин жыга атып, өлтүрө бермек беле, аны да тырайта атып өлтүрчү киши четтен табылмак. Оңкосунан сайгызмак. Ошону менен Шамшынын туу белинде, Какшаалдын аска-таштуу тоолорунда, Турпандын эшилме эрме чөлүндө калбаган бечаранын сөөгү Харьковдун сормо сазында калмак. Же тирүү болсо менин катарымда жүрмөк шүмшүйүп! Ооба, шүмшүйүп. Анткени ошол кебетеси менен шнапс ичишкенге деле шерик боло алмак эмес!”

Экинчи рюмкасы күчтүүлүк кылды белем, ичеги-кардын ысытып, эңги-деңги болду. Заматта жаны жер тартты. Кыңая жаткысы келди. Залдагы эски диванга жетип, аягын сунуп чалкалай жата кетти. Дивандын кырына жөлөнүү жаздыкка башы тиер менен көзү сүзүлүп, дароо үргүлөп баратты. Уйкуга терең сүңгүй элегинде, уйку-соонун ортосунда эски таанышы сыяктанган бирөөнүн өңү көз алдына сүрөттөгүдөй тартылды. Карыганда ушундай адат күтөт экенсиң, көп нерсени эстейсиң, өмүрүңдө кез келип жолугушкан көп кишини кээде бирден чубуртуп эстейсиң, ал эми эстегенге үлгүрбөй жатканың көз алдыга өзү келип тартылат эмеспи. Ошонун сыңары бир өң тартылды. Чийкил сары, көзү көк, шыргыйдай узун неме. Кабагы бүркөлүү. Оң жаагында эти шыла чабылгансып, кийин бүткөн жарааттын тырыгы бар. Ким эле? Тиктешип калышканы эмнеси? Кайдан көрдү эле? Кабагы бүркөлүү экен, орус экен, дурайындыкы, кайсы орусу эле? Кайдан жолуктурган орусу эле?

Эстей элегинде эле көзү илинип, кирпиктери чапташты. Уйкунун дарысын жуткансып көшүлүп уйкуга кетти.

VI

Чийкил сары, көзү көк, оң жаагында эти шыла чабылгансып, кийин бүткөн жарааттын кыйгач тырыгы бар, шыргыйдай узун орус жигитти эки эле ирет көрдү өмүрүндө. Тирүүсүндө бир көрдү, экинчисинде – аңгекке белинен артылып, тырайып өлүп жатканын көрдү.

Вагон-вагон болуп жүктөлгөн кыргыз менен орусуң Челябинск деген жерден бир токтоп, токтогон жерден эле текши кызыл аскерче кийинишип, жарым айча өйдө-төмөн ойноп чуркашып, тап берсең эле немисиң дыргаяктап качып берчүдөн бетер, мылтыкты тап берип урунгандын адисин үйрөнүп, андан-ары чын казатка киргени жатышса, айылдан чогуу аттанган, чолчойгон кирзи өтүкчөн ефрейтор жолдошу:“тобо, баягы жылдары чоңдорго кошулуп, бизди Боомдун ичине дейре кубалаган мужуктун балдары да арабызда жүрү”, – деп күңкүлдөп калды. “Капырай, немис менен кырылышканы жатсак, качанкы таарыңычыңды айтасың? Таарынткандын кайсы-бирин тааныйсың да кайсы-бирине чычалайсың?” – деп койгон.

1941-жылдын этеги болсо керек эле. Немисти же кууп баратышканы белгисиз, же немисиң кууп алганы белгисиз, “Харьков-Марков” деген жерлердин тегерегинде жүрүштү окшойт “ураалашып”. Ал ортодо кызылдар немистин канчасын кырып жиберди ким билет, чер токой менен сормо саздан чыкканча эле өздөрүнүн да тең жарымысы кырылып калды. Жер сүзүп өлгөнү көп, өлгөнүнөн жарадар болгону андан көп. Же биротоло өлүп кутулгуң келет, өлбөсөң жарадар болуп кутулгуң келет бу тозоктон. Же элге тийген ок М…га тийбей, ок чийген жери жок капырай. Калкандуу пулемётту – “максимка” деп коюшчу – токойду жээктей тиги четине бир сүйрөп, бу четине бир сүйрөп, командири “кой” деген жерге коё калып, “ат” деген жерден аткылай калып, командиринин “түкүнчө немисти атып өлтүрдүк, баланча немисти атып өлтүрдүк” деген эсеби менен деле иши жок, тек аман-эсен катарда жүрдү.

Ушундай күндөрдүн биринде алиги жолдошу дагы күңкүлдөп калбаспы. Окопто жатышкан тыгылып. Чийкил сары, көзү көк, оң жаагында шыла чабылгансып, кийин бүткөн жарааттын кыйгач тырыгы бар, шыргыйдай узун орус жигитти нары карап турганында курбусу алыстан жаңсап көрсөттү.

–Эсиңдеби, Токмоктон бери эле чогуу келген неме өзү, – деди.

Эсинде жок экен, бирок курбусунун: “кыргызды Боомго чейин кубалаган орустар да арабызда жүрү” деген баягы сөзүн эстеди. Попуросун жандырганга орус башын бери бурганда өңүн эстегенге аракет кылды. Чийкил сары, көзү көк…

–Анан…

–Бу каапырдын Токмокко экөөбүздөн мурун кайтмак ою бар экен, – деп шыбырады курбусу.

–Бизден мурун? Кантип?

Тыңдап отурса, командир тигил экөөнү жол чалып келгени жөнөтөт. Калың токойду аралап кыйла жүрүшкөндө, орус ой-санаасынын бузук экенин ачык билгизиптир. “Эй, жердеш, минтип жүрсөк бөөдө өлөбүз,” – дейт имиш орус бир оокумда. “Эмне дегиң бар?” – дейт кыргыз бурулуп. “Жарадар болгон болуп, бул балээден кутулалы,” – дейт имиш орус. Анын арамзаланганын билбей, же чындап айтканын билбей, аңырайган кыргыз:“кантип?” – деп сурайт. “Колунан жарадар болуу деген бар. Бирок өз колун өзү атып алгандардыкы билинип калат. Жаратынан билинет. Андайлардын жазасы катуу. Көбүнчөсү сол колун атынып барып, кайра штрафбатка айдалып жатышпайбы. Биз башкача амалын тапсак,”-дейт орус. Кыргыздын оозу ачылат. “Кантип?”-дейт аңырайып. “Сен менин оң колумду жара атасың, мен болсом сенин оң колуңду жара атайын. Ал үчүн жакындан эмес, алыстан атуу керек. Алыстан туруп атылгандыкы чын жарааттай көрүнөт,” – дейт орус. Бечара кыргыз дагы чоочуйт. Чоочуганын жашырбайт. “Мен сенин колуңду атам деп жатып, кокус өзүңдү өлтүрө атып алсамчы!” – дейт. Айлакерлигин кантесиң, орус ал жагын да ойлоштуруп койгон экен. “Мен калың бакты кучактап, далдаасына жашынам да оң колумду сунуп, чыканагымдан ылдый гана чыгарам. Сен элүү кадам жерден даяр туруп ок чыгарсаң, чачыратып аткан күнү да чыканактан ылдый гана тиет,” – дейт. “Аа!” – дейт кыргыз. “Анан сен бакка жашынып, колуңду чыгар. Кааласаң оң колунду, кааласаң сол колуңду тос,” – дейт орус. Десе эле, кыргыз колун жоон билектен ылдый дароо тосуп бере калчудай көрүнгөн го. Кыргыз ыргылжың түр көрсөтөт. Анын дароо көнбөй турганын билгенде орус:“эч кимге айта көрбө” деп жалбарат оболу, “оозуңдан чыкчу болбосун” деп опузалайт токойдон чыгып келатканда.

–Кап, Токмоктон чыккандан бери эле өчөшүп келаттың эле, оң билегин сый атып, биротоло өчүң алсаң болмок, – деп тамашалады М…

-Кегимди куусам, колун жарадар кылып убарасын тартпай, дароо өлтүрө атпайт белем, – деди жолдошу.

–Эми биротоло өчөштүрүп алыпсың, – деп М…

–Ошондой де. Эмкиде чогуу чыгып калсак, жалдыратып сурантпай эле, бир эмес, эки колун тең атып бербесем, – деди жолдошу да тамаша-чындан.

Бирок жолдошу тигинин оң колун атып бергидей болгон жок. Тигил бечара дагы болжогон багын кучактап, далдаасынан колун болжоп сунуп, чыканактан ылдый аттырып алгыдай болгон жок.

Токой-түздүү ушул жерлерден бирин да карыш качырбай туруп, тукум-курут кылганы камынып келгенби, эртеси күнү душман кызылдар жаткан жерди замбирек менен баш көтөртпөй аткылап, шукшурулган учактары кирерге кычык таптырбай, бомба дегенди как төбөнү туштап жаадырды. Мөндүрдөй гана жаадырды. Жада калса өлүктөр да өлгөн жеринде соо жаткан жок. Бомба артынан бомба жарылып, жердин бетин укум сайын майыштыра ойгулап ийгенде, эртерээк өлүп тынды деген жоокердин өлүгү деле колу-буту бир бөлөк, башы-көзү бир бөлөк үзүлүп, тулку бою бөлөк-салак чачырап, топурак-тоз менен кошо асманга сапырылып, бок-жини аралашып, топурак менен кошо топурак болуп ийленип, өлө электердин үстүнө түшүп жатты. Бир маалда каз таманы менен жанчый тебелеп ийчүдөй жүрөктү опкоолжутуп, катар-катар чубаган танкалардын тике маңдайдан качырып келаткандагы карааны көрүндү. Андан-мындан кулакты тундуруп ок бүрктү.

“Өлөт деген ушул экен,” – деп ойлоду М… Коргологон аңгегинин тушуна удаасы менен үч ирет бомба жарылганда кырга жөлөнүү пулемётту туткасынан кармап, мээлеп атмак турсун, дит багып караганга алы келбей, көмкөрөсүнөн бүк түшүп, башын ылдый тыккан бойдон жатканында киши бою сапырылган кара топурактын алдында көмүлүп кала жаздады. Араң эсин жыйып, аңгек бойлой сойлоп баратса, көп өлүктүн арасында Токмоктук жолдошунун өлүп жатканы көзгө урунганы элес-булас эсинде. Көзүн алайтып, өйдөрөөк боло калса, арыраак катарда чийкил сары, көзү көк, чачы уйпаланган орустун аңгектен артылган тейден жер сүзүп өлүп жатканы үзүл-кезил эсинде. Атылган октун ышкырыгы угулганда эки өлүктүн ортосуна башын катып жата калган.

VII

Уйкусунан ойгонсо ушуну эстейби-жокпу ким билет, үргүлөп баратканында бүшүркөтүп, көз алдына тартыла калган кишинин өңүн кайдан-жайдан көрмөгүнүн чоожайы ушундай. Бирок эсинде калбаптыр. Үрүл-бүрүл көз алдыга тартылган ошол ирмем эсинде калбаптыр. Эстен танып жыгылган экен, эсине келип көзүн ачса кыска кундактуу автоматынын боосун оң ийинден аса артынган, темир каскачан немистин солдаты: “Хенде хох, русиш швайне!” деп айкырып, аңгектин кырында турган эле. Андан кийинкилери эсинде… Туткундар лагери, анан дагы бир туткундар лагери, ал жерден өңчөй мусулмандарды бир бөлөк айдап, легионго апкелишкени, топ-тобу менен сүрө айдап мончого салып, немистин формасын кийиндиришкени… Ал эми андан соңкусу альбомдо, “маузер” мылтыгын асынып, “гаупштурмфюрер” мундирин кийген сүрөттөрдө катталуу. Далай окуянын элеси сакталуу.

Коош. Кагаз бетиде катталбаган, сүрөт бетинде сакталбаган дагы эмнеси бар? Согушта баш-аягы канча бир миллиондогон кишинин кырылганын кеп кылып каласыңар го. Ушундай имишти бир жерден чала-бучук окугансыды эле. Элүү миллионбу, жетимиш миллионбу, иши кылса эсеби жок киши өлдү деп санагын алып, жазып да жүрүшпөйбү. Алгач ирет окуганында көбүгү жабырган сыранын үчүнчү кружкесин алдына жаңыдан коюп, алагүү болуп отурду эле, үстөлдүн кырында ачык жаткан гезиттин бетинен көзүнө урунганда кызуулана сүйлөнгөн. Үркүй карап, “канча миллион дейсиңер?” – деп үңүлгөн. Төртүнчү кружкени какшыта шимиргенинде: “Менин да салымым бар! Салымым болгону үчүн элден-жерден безип жүрөм да. Жок эле дегенде жүз элүүгө жуугу менин колумдан өлгөн. Жок эле дегенде! Анын теңи немистен, теңи немиске кошулганымда …“ – деп сүйлөнгөн.

Эсине түшсө ушинтип сүйлөнөт. Кызып алса, эки эсе сүйлөнөт.

Ал азыр көшүлүп уктап, түш көрүп жатты. Түшүндө кыз алган аялын көрдү. Буйрук экен, Аламүдүндүн койнун мекендеген көчмөндөрдүн арасын аралачуда ошончо кыз-кыркындын ичинен жактырып калган, жылдыздары келишкен ашыгы эле. Демейде, экөөнүн жаңыдан таанышкандагы, бастырып айылына барчудагы жоругун, баш кошушкандагы баянын эстеп калчу эле. Бул жолу башкача түш көрдү. Тобоо, түшүндө аялы көп балалуу экен. Жаңы эрге чыкканы төлдүү болуп, чубуртуп көп төрөгөн окшойт го, төрөгөнү жалаң уул экен. Дейин десең баары текши кудум М…-нын өзүнө окшош. Куюп койгондой окшош. Бирок биринин да “атакелеп” имерилип койчу түрү жок, капырай. Бири да баладай болуп атасын таанып, боор тартып басып келгиси жок. Күлө багып, “ким элең” дегенсишип, чоочуркай карашат кайра. “Капыра-ай, туубай жүрбөдү беле? Качан жүрүп жолоп ийдим эле да бала-чакалуу болуп ийдим эле? Согончогу канабай жүргөн неме качан чууртуп тууп ийген?” – деп ичинен бушайман. Дейин десең, баары окшош. Кудум өзүнө окшош. Тобо, кийинки эринен ушинтип төрөгөнбү? Ушунчаны төрөгөнбү жайнатып? Башы маң. Жыйырма жылдай эзилишип сүйүшүп, чогуу жашаганында төрөбөй, казатка аттанып, ошондон ары элсизге ың-жыңсыз кетип, келбей калганында өчөшкөндөй чууртуп төрөгөнү эмнеси? Кийинки эрине жылда бирден тууп бергени эмнеси? Кийинки эрге жубан тийгенинде бактысы жанып, жылына бирден уул көргөнбү? Ошончолук берилип сүйгөнбү? Дейин десе, өзүнө окшош. Терисин сыйрып, каптап салгандай окшош. Ушунун баарын карап, же кубанарын билбейт, же таарынарын билбейт. Чурулдаган бала-чакасынын курчоосундагы аялга жакын жолоого, бир ооз кеп суроого батына албай, теңселип турду. “Кой” десе болбой асылып, “баатырым эле баатырым” деп турчу эмес беле! Жылмая карап, “мен – сендикмин” дечү эмес беле! Эмичи? Көз карашы суз. Жылуулуктун кыпындай изи жок. Өмүрүндө көрбөгөн, эзели тааныбаган киши кебетеленип кырын салып, тетири карайт кашайтып. Дейин десе, эгизинин сыңарындай окшотуп уул артынан уул тапканы эмнеси? Ичи туз куйгандай ачышты. Алыстан көз чаптырып, майда бырыштуу жүзүн, бырыштуу маңдайын, кеберсиген эриндерин, гүлдүү жоолугунун алдынан кылайып чыгып турган ак баскан саамайын термеле тиктеп турду. Мындан элүү жыл илгери болгондобу, тээтигил жүзүнө тигиле карап, ажарына суктанып, сулуулугуна тойбой турушу керек эле.

Мындан элүү жыл илгери болгондобу, жайдын толукшуган кезинде, ай төбөдөн толуп турган түнүндө тээтигил эриндерин жумшак сүйүп, алкымынан аймалап турушу керек эле. Мындан элүү жыл илгери болгондобу, тээтиги жылдыздуу маңдайына маңдайын тийгизип, боюна боюн кынап, айкалып турушу керек эле. Элүү жыл илгери болгондобу…

Арманы көкүрөгүн тиреп, алкымы ачышып турса, аялы бир маалда башынан аягына чейин чымкый ак жамынып, маңдайында калкып тура калды. Жалгыз турду. Тегереги шыбактуу талаа. “Мага жакындабай кийин тура тур!” дегендей ишаара жасап, колун жаңсап коёт. “Ушундай да көйнөк болчубу, каяктагы көйнөктү таап кийип алган?” дейт М… Үңүлүп караса, жакасы жок, жеңи жок, эни бир кулач аппак чытты жылаңач денесине эндейинен жамынып алыптыр. Бүчүсү да жок экен, утур ийин тушун тартып, кымтынып коёт.

“Чымкый ак жамынганы эмнеси?» – дейт М…

Эгерде телефону ачуу шыңгырап, чочуп ойгонуп кетпегенинде, элирме тийген немедей ыйлап жибермек эле. Түшүндө далай эле эчкирип ыйлады го, бул ирет өңгүрөп ыйламак. Өрөпкүгөнү калган. Аз эле калган. Көкүрөгү ачышып, көзүнүн эки кычыгына жаш толуп, аялын алыстан тиктеп, шолоктоп ыйлаганы жаткан. Ойгонуп кетти. Өпкөсү көөп ойгонду. “Дагы ыйладымбы?” – деп ойлоду ириде. Ишенип-ишенбей, кирпигине чолок жаш илинип калгансып, көзүн ушалады. Чолок жашы сыгылбаптыр. Жүзү ысык жашка чайылгансып сезилгенден, эки бетин сыйпагылады. Ысык жашы чубурбаптыр. Терең дем алды. “Чымкый ак жамынып алганы эмнеси?”- деди ичинен.

Ашыкпай туруп, томсоро басып барып, терезенин түбүндөгү тумбочканын үстүндө безеленген телефонду көтөрдү. Үн катардан оболу үшкүрүнүп, жана да терең дем алды. Өзүнө окшоп, согуштан кийин немистин арасында калып калган, жердиги нарындык жолдошу чалып атыптыр. Ушундан үч сааттык жолдо, Мюнхенде турат. Бүрсүгүнү сапарга чогуу аттанганы жатышат. Жолдошу такай тамашалайт. “Сенин токсон жылдык өмүрүңдөгү окуялар тогуз китеп жазганга жетер!” – деп тамашалай берет. “Өзүңдүн өмүрүңчү? Өзүңкү канча китепке жетет?” – деп жооп кайтарат М…

–Даярсыңбы? – деди курбусу.

–Даярмын! – деди М…

–Ашыгыма көйнөк алмакчымын деп аттың эле? – деди.

–Алдым, алдым … – деди М…

–Кандай көйнөк? – деди курбусу тамашалап.

–Жакшы, гүлдүү көйнөк! – деди М…

–Өзүңчү? Өзүң көйнөктүн кандайын алдың?

–Жибек жоолуктун мыктысын алдым… ха… ха… Жолго чыкчу маалды жооптошуп, сөздөрүн тамаша менен бүтүрүштү.

Телефонду койду. Жүлжүйгөн көздөрү жайнап, сүйүнүп кетти. Түүй-ата! Таппасаң сыйпалап кал! Эртеден бери үйдү үч сапырта издетип, эсти эки оодарган блокноту мында жатат да! Тумбочка менен терезенин ортосуна кырынан кыпчылып мында жаткан тура. Качан коё койду эле? Качан тыга койду эле? Акырын колуна алды. Үлбүрөгөн тигиштери кокус жанып кетсе саргарган барактарын бириндетип алчудай болуп, аяр ачты. Баш жагынан барактап, жол-жол кылып жазган он сап ырын оңой тапты.

Мына! Мындан туптуура кырк алты жыл илгери Пигниц суусунун жээгинде отуруп жазган ыры! Мынабу эле мээлжип аккан Пигниц өзөнүнүн шиберлүү жакасында шордуу башын мыжыга кармап отуруп, каргыштуу тагдырга кантип чыдап, кантип көтөрөрүн ойлогондо эрксизден эчкирип ийип, мөгдөп отурчусунда жазган ыры! Ашыгы экөө колтукташып алып, кыялга батып, Ала-Арчаны жээктей тээ казактын талаасына чейин сейил куруп, кынала басып жүрүшчү кезин эске салган ыры! “Б…га” деп атап койгон он сап ыры!

Көзүн жайнатып, тааныш саптарды күбүрөнүп окуй баштады:

Ала-Тоо башы ак булут,

Көрбөй кантип түтөмүн?

Ашыгым сени эми мен,

Акыреттен күтөмүн.

Аламүдүн, Ала-Арча,

Угулбайт эми шоокумуң.

Ардагым сени эми мен…

18.02.2020