Марат Токоев: Билесиңби, мен көнүпмүн, Баш көтөрбөй жашаганга

*****

Таңгаласың. Билбейсиң себебин
Турганымдын туйбай суук азабын.
Сууган жүрөк күн суугун сезеби?

29.04.1993-19.01.2021

*****

Тарыхтын кумдуу барагы
Толтура түркүн издерге.
Менин да изим калабы
Бетинде анын бир кезде?

Бирок да шамал-убакыт
Эч кимге билбейт аёону.
Эрмекке жаңы кубанып
Изиме салар ойронду.

*****

“Ким урган боз асман?
Көк ала бүт денеси…”
Н. Абдразакова

“Мекениңе кайт”, – дейт Улуулук.
Бирок кантип ага жете алам –
Өжөр жаным алсыз умтулуп
Көк асмандай болду көк ала.

28.12.94

*****

Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араң бошонду ак булут.

Эркин жашоодо билбеген
Эмне экени буулугуу
Болгон кайгысы ушудур.

Жаан жаайт, буу болот кайрадан.
Азга созулат кулдугу,
А адамдыкы түбөлүк.

06.05.1995

*****

Кышкы түндүн жанды талыткан
Узактыгын мурда сезбепмин.
Бош ордуңду колум сыйпалайт.

*****

Кыш кечи. Саат согот: “Чык-чык, чык-чык…”
Угулат негедир “Чык-кын, чы-лык…”
Жүрөгүм бушайман актаналбай.

*****

Мына дагы бир күн кетти чиркелип.
Ар бир күнүм жашоо болду чиркейлик
Төрөлүп мен кечте кайра өлөмүн.

*****

Бүткөн бою титиреп
Көлчүк үнсүз кыйкырат
Кетсе бирөө тепселеп.

*****

Аяп үшүгөн жерди
Дарак жалынын берди
Өзү жылаңачтанып.

*****

Чаңырыгы баламын
Кубалап жүрөт бөлмөдө
Безилдетип уйкумду.

*****

Сууга чөккөн таштай чөгүп кетемин,
Убакыттын ой талыткан мейкинине.
Бул дүйнөдө “узак” жашап келгеним
Араң жарайт бир гана “чулп” эткенине.

*****

Итке сөөктү ыргыткандай жардамың
Алайын деп, араң барып кармандым.
Катаал турмуш туюк бурчка такаган,
Кечир мени, ит эмесмин – адаммын.

*****

Асман барак бетинен
Түшүп калган сөздөрдү
Жетимсиреп издешкен
Каргалар – үтүрлөрдүн так өзү.

04.02.1997

Сүйүү капасы

Ашык болуп үнүнө
Камагандай булбулду,
Чек билбеген сүйүүңө
Сүйүүм капас болдубу?

*****

Бул тагдырым –
Балким ырым
Менин жалгыз
Эч кайталангыс.

14.11.94-25.02.09

Билесиңби

Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда –
Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.

07.04.2009-ж.

*****

Мен өлгөндө жер болом,
Азык болом эң сонун
Курт-кумурска, чөптөргө…
Аз болсо да бул нерсе
Азайтаттыр күнөөмдү –
Курт-кумурска, чөптөрдүн
Жандары үчүн мен кыйган
Билип-билбей тирүүмдө.

14.06.2016-ж.

*****

О, Дүйнө, сен өзүң да билбейсиң
Далбастап баратабыз каякка.
Бизге окшош бир байкушсуң, пендесиң
Отурган Тирлик деген кайыкта.

Сен да башкарбайсың кайыкты…
Атадай сөзүн эч ким укпаган
Түңүлүп мерез чыккан уулдардан,
Карайсың белгисиз бир багытты.

2020-ж.