Жаш акындар арасында “Жаш толкун” республикалык конкурсу старт алды

Жаш акындарга арналган Жаш толкун республикалык конкурсунун жобосу

  1. Жалпы жобо
    • Бул жобо жаш акындардын “Жаш толкун” республикалык конкурсунун негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
    • Конкурс “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
    • Конкурстун уюштуруучусу – “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” (мындан ары – Уюштуруучу).
    • Конкурстун уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
  • конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо;
  • калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү;
  • конкурстук иш-чараларды өткөрүү;
  • жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
  • Бишкек шаарынан – “Акун Ысык-Көл” пансионатына, “Акун Ысык-Көл” пансионатынан – Бишкек шаарына чейинки транспорт, жатакана, тамак-аш менен камсыздоо;
  • конкурсту жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу;
  • конкурстун катышуучуларынан алынган маалыматтарды, анын ичинде жеке маалыматтарды ушул жободо көрсөтүлгөн талаптар боюнча коммерциялык эмес максатта пайдалануу.
    • Конкурстун максаттары:
  • кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баа жеткис байлыгын, океандай тереңдигин даңазалоо;
  • кыргыз тилинде ыр жазган жаш акындардын арасынан мыктыларын аныктоо;
  • жаш акындардын талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

2.Конкурстун этаптары жана мөөнөттөрү:

  • Тандоо туру: конкурстук чыгармалар – 2021-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 31-майына чейин кабыл алынат.
  • Баалоо: конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо – 2021-жылдын 1-июнунан 15-июнуна чейинки убакытта ишке ашырылат.
  • Финал: конкурстун биринчи этабында тандалып алынган 20 (20га чейин) акын уюштуруучулар тарабынан кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде билим берүү тренингдери менен коштолгон жайкы адабий лагерге жолдомо алат.
  1. Конкурска катышуунун шарттары:
  • Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
  • Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет.
  • Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2021-жылдын 1-июнуна чейин тапшырышы керек.
  • Конкурстук арыздардын берилиши:
  • Электрондук почта аркылуу (fond.tursunbekov@gmail.com адресине “Конкурска” деген белги менен);
  • Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.

Фонддун дареги: Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010.

Сурап билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0554 53-54-85.

  • Конкурска катышуу үчүн автор жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды көрсөтүү жана жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү менен анкетаны толтуруу керек (форма тиркелет). Бир катышуучу сынакка катышуу үчүн бир арыз берүүгө укуктуу. Арызга 2 файл тиркелет:
  • конкурстук чыгарма (поэзия)
  • катышуучунун сүрөтү.

Бардык жиберилген файлдардын аталышы катышуучунун аты-жөнүнөн, андан кийин файлдын мазмунуна ылайык башталууга тийиш: арыз, поэзия, өмүр баяны, сүрөт.

  • Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
  • Уюштуруучу конкурска жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.
  • Конкурстун катышуучулары конкурска чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулар тарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга автоматтык түрдө макулдук беришет.
  • Чыгарманы конкурска жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
  • Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт (эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн болсо), авторлор менен талкууга кирбейт.
  • Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген ырларды эсепке албайт.
  1. Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
  • Конкурска катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар 5тен (беш) ашпаган ырлар болушу шарт.
  • Конкурска поэтикалык чыгарма аныктамасына жооп берген, түркүн жанрдагы поэзия чыгармалары кабыл алынат. Проза түрүндөгү ырлар, жана котормолор кабыл алынбайт.
  • Конкурска сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5.

  • Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF (же JPG).

 

  1. Конкурстун катышуучуларынын чыгармаларын баалоонун этаптары
    • Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 4 (төрт) адам мүчө жана Конкурстук комиссиянын төрагасынан турган Конкурстук комиссия түзөт.
    • Конкурстук комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана конкурстук иштерди баалайт, ошондой эле конкурстун жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын аныктайт.
    • Конкурстук чыгармалар конкурстун уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
    • Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
    • Конкурстук чыгармаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.
    • Биринчи этабында төмөндөгүлөр бааланат:
  • Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу);
  • Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу;
  • Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү).
    • Биринчи этапта баалоо 10 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Ошентип, катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан максималдык баа 30 баллды түзөт.
    • Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып 20га чейинки финалисттерди аныктайт. Калыстар тобунан эң жогорку суммардык балл алган конкурстун катышуучулары лауреат болушат.
    • 1 – этаптын финалистери (20га чейинки адам) “Акун Ысык-Көл” пансионатынын базасында 4 күндүк жайкы адабий лагерге жолдомо алышат.
  1. Жайкы адабий лагерди өткөрүү
  • 4 күндүн ичинде КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы жаш акындар менен иш алып барат.
  • Жайкы адабий лагерди өткөрүүдө адабий чеберчилик боюнча тренингдер жана мастер-класстар каралган.
  • Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн финалисттерди баалоонун экинчи этабы болот.
  • Экинчи этаптагы баалоо 10 баллдык система жана эки критерий менен жүргүзүлөт. Ошентип, конкурстун калыстар тобу койгон максималдык баа 20 балл болот.
  • Экинчи этаптын баалоо критерийлери:
  • Материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу;
  • Ырды окуудагы таасир берүү чеберчилиги;
    • Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерүүдөн өткөрүп конкурстун 4 (төрт) жеңүүчүсүн аныкташат. Өткөрүлгөн эки этапта Конкурстук комиссиянын эң жогорку баллын алган 4 (төрт) катышуучу конкурстун жеңүүчүлөрү болуп аныкталышат.
    • Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт (Гран-при, 1-орун, 2-орун, 3-орун). Уюштуруучу, Төрага жана Конкурстук комиссия мүчөлөрү конкурстун жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
    • Конкурстук комиссиянын ишинин жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.
  1. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
  • Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Жайкы адабий лагердин жыйынтыгы менен Ысык-Көлдүн жээгинде “Акун Ысык-Көл” пансионатында өткөрүлөт.
  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат (Гран-при, 1-орун, 2-орун, 3-орун).
  • Конкурстук сыйлык фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт:

Гран-при – 100 000 (жүз миң) сом

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

  • Ошондой эле Гран-прини утуп алган акын Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
  • Конкурстун финалисттерине сертификат тапшырылат.