Жазуучу Бекбай Алыкулов каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Жазуучу Бекбай Алыкулов 84 жаш курагында каза болду. Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов – Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1937-жылдын 15-сентябрында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жж. Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соодалоо бөлүмүнүн товар боюнча улук адиси, 1967–1983-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, «Кыргызкабар» агенттигинде редактор, 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынын толугу менен…..

Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү Гүлсайра Момунова узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Акын Гүлсайра Момунова Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылдын 30-декабрында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун ийгиликтүү аяктаган. 1961-1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, болуп эмгектенип жүрүп, эмгегинин үзүрү катары 1993-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. толугу менен…..