“Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү К.Урманбетов

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи көрсөтүүсү ийгиликтүү өттү. Биринен бири өткөн мыкты таланттар К.Урманбетов, Б.Сарыгулова, Ж.Саалаев, М.Осмонкулова, А.Темировалар ат салышып, жыйынтыгында Кыялбек Урманбетов жеңүүчү болду. Кыргыз Эл акыны К.Култегин төрагалык кылган К.Кадыракунов, А.Өмүрканов, Ү.Култаева, Г.Шакирова, С.Орозобекова, М.Токторов, Ж.Маматова, А.Исмаилов – тогуз адамдан турган калыстар тобу таланттарга өз баасын берип отурду. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган кечеге катышкан бардык акындарга, калыстарга, уюштуруучуларга, КТРКнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчү болгон Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовду чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз.

Поэзия кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору поэзия кечесин өткөрөт. Бул жолку ыр майрам КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. 2021-жылдын 17-мартында саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу кечеде Р.Исаков, М.Рысбеков, М.Самыйкожо, А.Бакирова, М.Совет уулу, К.Тажиева, С.Батыркулова, Ж.Турсунбаев, Н.Рыскул кызы, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Кубанычбеков, А.Доранбек уулу, С.Турдубек уулу, Р.Изатова, А.Зарылбек уулу ыр окуп, К.Рыскуловдун обондору жаңырат. Белгилүү ырчылар коштойт. Кирүү акысыз. Бардык ыр күйөрмандарын чакырабыз.

Мар Байжиев: Бир тоголок самын

“Бир тоголок самын” (Аңгеме) –Ошентип менин атам киши өлтүргөн, – деди Турусбек. Ал тымызын соккон желге билинер-билинбес шуудураган жалбырактарды тиктеп, эчаккы болгон бир окуяны эстеп жатты окшойт. Кичинекей үлүлдү жерден алып кармап турсаң, эки мүйүзүн сербейтип чыгарат, ал эми катуураак кыймылдатып койсоң, дароо седеп үйүнө кире качат, анан аны эмне кылсаң да чыкпайт, чукулап кыймылдатсаң, ого бетер жабышып, ары, так уюгуна кирип алат. Эгерде тийбей оюна койсоң, бир аздан кийин өзү эле текедей койкоюп чыга келет. Бала кезде мындай көрүнүштү далай жолу байкагандырсыздар. Биз да солк этпей, үн катпай отура толугу менен…..