Омар Хайям: Рубаилер

***** Эрким болсо, мында келмек эмесмин, Кетүүгө да жолду бермек эмесмин. Төрөлүүнү, өлүүнү да жоймокмун, Кереги не? Оюн, эрмек эмесмин.   ***** Чөйчөгүмө эңкейгендей карапа, Мээрим чачат асман жерге карата. Бирок андан жаабай жүзүм ширеси, Кан оргуштайт жүрөгүмдү каната.   ***** Миң жашап да жашка адам тойбогон, Соңу анын – өлүм тирүү койбогон. Хан, кедейдин бирдей кылып катарын, Алып тынып, кимди гана сойбогон.   ***** Бул кооз дүйнө мени мында азгырып, Жайгаштырды көрк, жытына мас кылып. Соолтуп бирок мүрөк суунун булагын, Сызга анан олтургузат таз кылып.   ***** Акыл жетпейт, толугу менен…..