Кыргыз акын-жазуучулары “Абай” медалы менен сыйланды

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууга салым кошкондугу үчүн Т.Казаковго, А.Акбаровго, К.Кадыракуновго, А.Сарманбетовго жана А.Акматалиевге “Абай” медалын ыйгарды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны К.Култегин илим күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада тапшырды.

Урматтуу сыйлык ээлери, сыйлыгыңыздар кут болсун! Чыгармачылык эргүү, бекем ден-соолук каалайбыз. Алган сыйлыгыңыздар сиздерге дем болуп, дагы көп ийгиликтерди жарата бериңиздер!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы