Гүлжамол Аскарова: Түшүнбөй короду көп жылдар, Акындык – ашыктык экенин

Өзбек адабиятынан

*****

Эми сени күзгө тапшырам,

Тапшырамын сени сүйгөнгө!..

Куру намыс, койгун! Акым жок!

Турмушуна кайгы үйгөнгө.

 

Жетет, билем мендик эмессиң.

Сендик эмес менин ойлорум.

Кыяматка чейин эркимди,

Жеңе албасам капа болбогун!

 

Элесиңди тарттым көзүмө,

Эркиң билсин эми калганын.

Өлүмгө өкүм кылсаң, жибимди

бийигирээк жарга байлагын!

 

Акын курбума куса

Чын, акын болбодук, жөн гана,

Акынга окшогон бирөөбүз.

Көп болду ашыгып сүйгөндөр,

Биз сүйгөн кишилер сүйбөдү.

 

Атыбыз ак болсун дедикпи,

Көңүлгө толсо да муң, кайгы?

Кур намыс бийлеген кишиге,

Ашыктык жарашпайт турбайбы…

 

Акыл да, жүрөк да эм болбой,

Азапка жанашып кетебиз.

Түшүнбөй короду көп жылдар,

Акындык- ашыктык экенин.

 

Биз акын эмеспиз. Акындык –

насиби, бакыты кимдердин?..

Чыныгы ашыктык, ыр үчүн,

Чоң эрдик керекпи? Билбедим…

 

Жүрөктөр биздин тун балабыз.

Биз аны кыялдан корудук.

Көп тагдыр муунтту баламды,

Энелик!

Дүнүйөм ооруду.

 

Кабатырлануу

Унутсаң жумуштун айынан,

Алымды сурабай түндөрү.

Унутсаң Кудайга жалынам,

Суу бассын ишиңди,

дүйнөнү!

 

Мага не сүйүүдөн айтпаппы

Сен кантип унутуп каласың?!

Көктөмдөй сезимтал өмүрлөр

Күз тартып келатат карачы…

 

Чочутат сен кеткен жол жактан,

Угулбай сезимдин обону.

Көңүлүң үшүбөй от каптап,

Сен мени унутпа, болобу?..

 

Бактылуу бирөөгө…

Кымындай бактыны көп көргөн,

Турмуштан эмнени күтөсүң?

Асманда окулат имиш го,

Бактылуу жандардын никеси…

 

Ишенбейм, болбогон кеп аны,

Бактысыз кишилер сүйлөшөт.

Бакыттан тажаган сендейге,

Бактылуу болгонду үйрөтөм?

 

Ырбатар дүйнөңдүн тынчтыгын,

Ыр дартын сен тартпай, түшүнбөй.

Карааның түндөрдөн адашпай,

Кадамың чоң жолго түз түшкөн.

 

Төбөмдөн ар күнү күн көчөт.

Сагыныч, көз жашым көрбөскө.

Бактылуу баарысы жашоодо,

Мен эле бактысыз өңдөнөм…

 

Сен чындап бактылуу кишисиң,

Кудайдын назарын ээлеген.

өмүрүң, багыңды а мүмкүн,

Мен менен бөлүшкүң келбеген?

 

Саламын аяган бак үчүн,

Карегим ыйга көп жолуккан.

Билесиң,

асманга жеткирбей,

Никемди жерде эле окушкан…

 

*****

Карайласам үн катпас

мен ашыкка. Сен кимсиң?

Оюн көрүп турмушту,

От кече элек дейсиңби?

 

Сапсары күз кол сунуп,

Санаа тарткан тереңге!

Көкүрөгүң толтуруп,

Ыр арноого келем мен…

 

Мени гүлдөр жараткан,

Мен – дилдердин актыгы!

Түш көрө элек мени эч ким

Үр кыздан да жакшымын.

 

Мен уктабай… А сенин,

Гүл ойгонот койнуңан.

Сага түшкөн көңүлдүн,

Бүт убалы мойнуңа!

 

Көрбөй, билбей сезимди

Убал кылчу сен эмес!

Көктөн бери келбеген,

Кудайсыңбы сен эмне?!

 

Неге?..

Неге сүйбөйсүң мени?..

Которгон: Гүлүмкан Исаева