Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

***** Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей, Кар аярлап жаап жатат ал тургай. …Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей, Кеткен менмин кезегинде таптырбай…   …Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү калып кеткен далдаасында жылдардын… Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн, мен болгону үшүп турган бир жанмын…   Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт? Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат. Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип, Айыптуулар гана алдында актанат.   …Кардан парда кайкып турган мунарык, Кайрылышка чейин гана көз жетет… …Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу, “оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…   Кабагыңда кардын толугу менен…..

Гүлжамол Аскарова: Түшүнбөй короду көп жылдар, Акындык – ашыктык экенин

Өзбек адабиятынан ***** Эми сени күзгө тапшырам, Тапшырамын сени сүйгөнгө!.. Куру намыс, койгун! Акым жок! Турмушуна кайгы үйгөнгө.   Жетет, билем мендик эмессиң. Сендик эмес менин ойлорум. Кыяматка чейин эркимди, Жеңе албасам капа болбогун!   Элесиңди тарттым көзүмө, Эркиң билсин эми калганын. Өлүмгө өкүм кылсаң, жибимди бийигирээк жарга байлагын!   Акын курбума куса Чын, акын болбодук, жөн гана, Акынга окшогон бирөөбүз. Көп болду ашыгып сүйгөндөр, Биз сүйгөн кишилер сүйбөдү.   Атыбыз ак болсун дедикпи, Көңүлгө толсо да муң, кайгы? Кур намыс бийлеген кишиге, Ашыктык жарашпайт турбайбы…   Акыл да, жүрөк толугу менен…..

Нурлан Калыбеков: База кайып (поэма)

“Теңиринсан” китебинен, 2004-жыл База кайып (поэма) Ибо они еще не знали из Писания, что Ему надлежало воскреснуть из мертвых. Библия, Новый Завет, Евангелие от Иоанна.   Ошол кезде Семетей Эрип кеткен немедей, Кыймылдабай, унчукпай, Көзгө түшпөй жок болду, Кайсалактап калың жоо, Сөөгүн таппай токтолду. 394-395-бб.   Аныктап баскан изи жок, Аны көргөн киши жок, Булак бойлоп кан агып, Майып болуп кетиптир, Чыны менен Семетей Кайып болуп кетиптир. 396-б. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”. Үчилтик. Бириктирилген вариант, Б., 1999.   База кайып тууралуу бала чагымда көп уккам. Студент кезимде, 1994-жылдын жай айларынын биринде толугу менен…..

Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат 2-бөлүм

2-БӨЛҮМ Арбын  жашоо, Кудай! –Күзгө караганда, жазгы жаратылышты сен кооз кыла аласыңбы? Жаанды өчүрчү. (Яна, 3-кл.) –Кудай, жекшембиге чейин үч долларды алты кылганга ой жөнөтчү. Бирок бирөөдөн карыз алганды жөнөтпө. Бул идеяны биринчи үч долларга жөнөткөнсүң. (Алик, 4-кл.) –Суранам, биздин үй бүлөнү тиги дүйнөдө да чогуу болгудай кылчы. Болбосо апам үчүн бейиш да бизсиз тозок. (Саша, 4-кл.) –Жаз биротоло келгидей кылчы. (Жора, 4-кл.) –Мага үмүт берчи. (Зорик, 4-кл.) –Суранам, күндү күйгүзчү, биздин үйдө жылыткычты өчүрүп салып, энем үшүүдө. (Рая, 3-кл.) –Мени автоматка айландырып салсаңчы. Эчтеке кылбай эле акча алып турган. толугу менен…..

Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат

Балдар Кудайга жазышат Автордон Бул китеп жөн жерден пайда болгон жок. Китептеги каармандар биздин жашоонун жүзү, күзгүсү, камертону экенин билбей жөн гана биз менен катар жашап келишет. Алардын өзүлөрүнүн өзгөчө дүйнөсү, биз, чоңдор кылчайып карабай алыстап бараткан дүйнөсү бар. Жана канча алыстаган сайын бизге бул өлкө – балдардын өлкөсү түшүнүксүз болууда. А балдар жакшылык жана жамандык, намыскөйлүк жана арсыздык, адамгерчилик; алардын өзүнүн талаптары бар жана балдар түбөлүктүккө тең ата “сен” деп кайрылышат. Израилдин борбордук “Вести” гезитинде иштеп жүрүп, америкалык жазуучу Стюарт Хемплинин китебинен үзүндүлөрдү окуп калдым. Бул кичинекей америкалыктардын Кудайга толугу менен…..

Китеп кумары

Орус жазуучусу Л.Н.Андреевдин “эгер адам баласына тагдыр буйруп, Кудай болуп калса, анда анын “ордо тагы китеп болмок” деген сөзү бар экен. Жаратылышта, дүйнөдө ушундай сөз бар экенин, ал турмак ушул ойду жараткан Л.Н.Андреев аттуу орус жазуучусу бар экенин, кийинчерээк, өтө эле кийинчерээк, билдим. Кокусунан эле Москвалык “Книга” басмасынан 1981-жылы жарыкка чыккан “Турмуш жана китеп” деген афоризмдердин, учкул сөздөрдүн чакан жыйнагын барактап отуруп, ушул фразага чукулунан кездешип калдым. Адегенде мени күтүлбөгөндөй таң калтырганы бул афоризмдин адам менен кудайды бир катарга коюп, салыштырганы болду. Адам менен Кудайды бир катарга коюу, чынында эле толугу менен…..