Абдыжапар Эгембердиев: “Аялдама бардыр бирикчү, Айрылыш жол бар же алдыда…”

 Эгемендик

Бир жакшы иш элдин демин көтөрөт,

Бир жакшы сөз көңүлдөрдү шат кылат.

Улуу майрам түйшүгү көп жол басып,

Келип турат эшиктерди каккылап.

 

Кыргызстаным – келечектүү кең өлкө,

Жети облус жайып кенен айдыңын.

Бишкек калаа саясатын жүргүзүп,

Өлчөп турат өнүгүүнүн ай, жылын.

 

Сары-Өзөн Чүй берекеси төгүлгөн,

Түшүм жыйноо, мөмө-жемиш үзүмү.

Базар көрсөң көздөрүңдү тойгузат,

Алма, өрүгү, алча, дарбыз, жүзүмү.

 

Мал киндиктүү Нарын жери ажайып,

Төрт түлүгү тоонун бетин бербеген.

Койнун ачып Арпа жайлоо, Соң-Көлү,

Жолуктурат алыс-жакын эл менен.

 

Күнөстүү Ош дайым берип токчулук,

Ак-Буурасы агып өтөт мелтиреп.

Боюн созот мунарасы Өзгөндүн,

Сулайман-Тоо сүрдүү тартат эл тиреп.

 

Жалал-Абад жаңгак, мейиз төгүлгөн,

Даңазасын дүйнө билер келет күн.

Көрк-келбетин айтуу кыйын сөз менен,

Арстанбап, Аркыт, Сары-Челектин.

 

Өрүкзарлуу Баткен, гүлдүү Айгүл Тоо,

Мээнет тарткан мээрими күч эли бар.

Чептей болуп чек арада бек турган,

Күйүп-жанган мекенчилдик деми ал.

 

Манас ата, Чыңгыз ага өткөн жер,

Талас жатат тоо, токою суналып

Тамекиси, дан талаасы, буурчагы,

Толгон байлык агылууда куралып.

 

Ысык-Көлүм күү-шаа толкун түрүлгөн,

Меймандары жылда өсүүдө болжолу.

Бул керемет келген кыргыз багына,

Туризмдин дүйнөлүк бир борбору.

 

Менин элим Кудай сүйгөн кутман эл,

Терең, жоомарт, пейили кенен төгүлгөн.

Ошондонбу ак мөңгүлөр Ай жанып,

Кени жатат, байлык кетпей төрүмдөн.

 

Ак калпагы Ала-Тоого окшошуп,

Жайлоо, кымыз, аска-зоолор керемет.

Миң шөкөттөп койгон өңдүү жергеге,

Көрк талашып кандай бир жер теңелет.

 

Күүлөр таңшып кайрыгында комуздун,

Даңктап ырдап бабалардын санатын.

Кыргыз деген байманалуу эл барын,

Дүйнө билсин, суктанышсын, карасын!

 

Бирок, бул – ой, көздөгөнү Мекендин,

Көзү ачыктай айтуу кыйын аныгын.

Бейиш жердин берекесин туйдукпу,

Бааладыкпы эркиндиктин кадырын?

 

Багыты жок өйдө-төмөн жөөлөшүп,

Отуз жылдын кетти ооматы бекерге.

Эрендериң эл багат деп ишенген,

Элин тоноп качып жүрөт чет элде.

 

Кайда кеткен урпактары Манастын,

Угар жан аз журттун муңун, арманын.

Майлуу жерде мадырайган соргоктор,

Кыртылдатып жеп койбосун калганын.

 

Миңдеген жыл жол арытып сапарда,

Том-томдорду түзсө кыргыз аңызы.

Домоклдун кылычындай салаңдап,

Уйку бербей турат Кытай карызы.

 

Кумга сиңген суудай кетпей байлыгың,

Бүгүндү эмес, ойлогон оң алысты.

Өзгө күлкү, таба болбой өзгөгө,

Карманалы абийир менен намысты.

 

Айто-ор, баарын айта берген эп эмес,

Майрам алды эл көңүлүн чөгөрүп.

Ак калпакты алчыланта кийели,

Каада күтүп да бир ирет төрөлүп.

 

Эркиндик бул – улуу максат, улуу жол,

Ал тагдыры калкыбыздын, өлкөнүн.

Мезгил өтөт, алмашат да муундар,

Тактап алат, ченеп-бычып өлчөмүн.

 

Эртеңиңе артып улам ишеним,

Жол тилейбиз көктө жанган жылдыздан.

Биримдиктин туусун бийик көтөрүп,

Өнүгүп-өс, эгемендүү Кыргызстан!

 

Бүгүн сыйлап калалы!
(Омор Султановго)

Акын калкы – эл эмеспи кенедей,
Оргу – баргы күн кечирген кенебей.
О.Султанов Түндүк сууда кыйырсыз,
Музду жиреп жүргөн атом кемедей.

Анын ыры мелмилдеген деңиздей,
Жээк чапчып, жүрүп турган жер издей.
Поэзия деп аталган берметтер,
Талант менен бирге келген эгиздей.

Бийликке да айтты акаарат түңүлө,
Калкы турду кулак төшөп үнүнө.
Калыс сөзү, бирок, аны мүргүтүп,
Көкжалдыгы жетип келди түбүнө.

Айтматовду көрө албаган бузукту,
Айыкпаган оорубу дейм жугуштуу.
“Эл акыны” болгондо өзү айткандай,
Капталына улам тээп турушту.

Калем менен жараса да намыска,
Уга албады оңураак сөз, калыс баа.
“Баатыр” деген наам алчу баштанып,
Бирок, даңкы тарап турду алыска.

Акын жазды махабатты, Мекенди,
Эмгек, турмуш, оош – кыйыш неченди.
Улгайса да, Улут ырын көтөрүп,
Көч башында туруп бериш бекерби?!

Жылдар жылып, жаш өйдөлөп өмүрдөн,
Аксакалдык орун бар да төрүңдөн.
“Махабаттан бир эстелик тургузду,
Асыл таштай миң кубулуп көрүнгөн”.

Бизде анан бар, же бүткөнбү каныбыз,
Өзүбүзгө көп байкалбайт аныбыз.
Мыктыларга башка жайга кеткен соң,
Калп өкүнүп, бармак тиштээр жайыбыз.

Баркын билсе жер да асыл, эл асыл,
Чыгарган бар жердин атын, эл атын.
Аксакалды бүгүн сыйлап калбасак,
Эртеңки күн таппай калар Пегасын!

 

Дүмбүл

Дүмбүл, дүмбүл, дүмбүлдөк,

Ким бышырмак, үлгүрмөк.

Бети-башты майласак,

Бажырайып Күн күлмөк.

 

Айыл четте алманын,

Талаа тосуп ары жагын.

Жашыл дүйнө жатчу эле,

Кезегинде чарбанын.

 

Жүгөрүнү желкелеп,

Жетпей атсак сеңселет.

Этек толо көтөрүп,

Энтелеңдеп келчү элек.

 

Чокко салып бышырган,

Бышыкчылык жыты урган.

Түтүнү бар, ышы бар,

Кандай сонун ушул даам.

 

Кечээ турган маңдайда,

Бала кез жок – ал кайда?!

Антсе да, ошол дүмбүлдүн,

Даамы турат таңдайда.

 

А.С.Пушкинге

Сөөлөт күткөн бир оруска,

Не карайсың жалдырап.

Ал деле бир мендей акын,

Жашап өткөн алдыраак.

 

Айырмасы – генийлиги,

Бардык мезгил, заманга.

Поэзия океаны,

Жерди айланткан аралга.

 

Анан дагы чачы тармал,

Сулуу болгон катыны.

Кечелердин көркүн ачып,

Шорго салган акыры.

 

Кавалергарддар* желдей желпип,

Айымдардын кыялын.

Кытмыр күлүп, сөз ыргытат,

Тапсак дешип кыябын.

 

Ак сөөктөрдүн чөйрөсү ушул,

Балга түшкүн, ойногун.

Сылаңкороз француз да,

Аста сунат колдорун.

 

Анткен сайын көз кылгырып,

Кучагында арбалып.

Жаш сулуунун учкусу бар,

Азда-ап, аздап, аз калып.

 

Көптөр муну байкамаксан,

Алып жатты эсебин.

Жер куруткан бир кесепке,

Бастырды деп этегин.

 

Эми аны азыр кайдан билдик,

Ким назданып, күлгөнүн.

Туман баскан Питер кечин,

Жылдыз жааган түндөрүн.

 

Мүмкүн орус төрөлөргө,

Керек беле ал жагы?!

“Тарс” деген бир дүлөй октон,

Улуу акын жайрады.

 

Ойсокелик болду дечи,

Чоң себеби кайгынын.

Чирип турган бийлик дагы,

Көрсөтпөдү кайрымын.

 

Пушкин өлдү, аны менен

улуу орус кеби өлдү.

Керек болсо, башты сайып

мен алмакмын эрөөлдү.

 

“Периштемде күнөө жок” деп,

Билгизбестен ал кырын.

Жууп-чайып кете берди,

Намысын да, тагдырын.

 

Өттү арадан не бир күндөр,

Зылдай тартып, кереңдей.

Сөөлөт күтүп турат дале,

Менменсинип, кебелбей.

 

Сен көп эле ал оруска,

Карай бербе жалдырап.

Ал деле бир мендей акын,

Жашап өткөн алдыраак.

 

Айырмасы – генийлиги,

Бардык мезгил, заманга.

Поэзия океаны,

Жерди айланткан аралга.

 

Каркыралар

Мезгилсиз дүйнө салып кетишкен

бир туугандарымдын жаркын элестерине

 

Ата-энебиз улап кеткен жол менен,

“Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат” билинип.

Чогулганда катарыбыз бузулбай,

Отурчу элек каркырадай тизилип.

 

Тагдыр ошол, тартип жагы өзгөрдү,

Ажал улук анысына эп силер.

Каркырадай кыйк-кыйк этип үн салып,

Каякадыр катар учуп кеттиңер.

 

Калбаат мүнөз, жылдыз жанып жүздөрдөн,

Бир жылуулук бардай сырты, ичиңде.

Ар кимиңер кесибиңди аркалап,

Жүрдү элеңер элиңердин ишинде.

 

Көз жаш менен күйүттөрүн чыгарып,

Мындагылар эңшерилтсе капталын.

Ата-энебиз анда күйүп жаткандыр,

Балдардын бул эмнеси деп шашканы.

 

Элесиңер жан боорумду эзилтип,

Алыстоодо күндөр жылып, ай жылып.

Каркыралар жазда кайра кайтышат,

Силер кайра келбейсиңер кайрылып.

 

Кечээ эле толук дүйнөм бөксөрдү,

Шуу үшкүрүк, жалын болду күйгөнүм.

Жарык сымал өчтүңөр да жалп этип,

Көрсөттүңөр жалгандыгын дүйнөнүн.

 

Карааныңар көздөн учуп кагылтат,

Күндүзү, түн, кечте, агарса таң аткан.

Кантем эми, тынч уйкуда көшүлтүп,

Бейишинен орун берсин Жараткан!

 

Бүтпөгөн ырлар

*****

Адамдар жаңыртпаган,

А жылдар эскиртпеген.

Үлбүрөп таңды атырып,

Үлүңдөп кеч киртпеген.

 

Мунардай асман челип,

Улардай кармалбаган.

Кезинде кубанткан да,

Кезинде армандаган.

 

Сезимдер болот кээде,

Жан менен короп болор.

Айтылып дүйнө сындуу,

Түгөнгүс жомок болор.

 

Сезимдер болот кээде,

Мейкинди кезип турган.

Саргайткан санаа берип,

Жүрөктү эзип турган.

 

Өмүргө шоола сепкен,

Күндө Күн, түндөсү Ай.

Баладай жароокерим,

Баладай кымбатым ай!

 

Кайдан да таптым эле,

Ааламдын бир четинен.

Агарган ак таңынан,

Күүгүмдүү бир кечинен.

 

Көрбөй да, билбей туруп,

Бул сезим кайдан келди?

Жан дүйнөм – айланкөчөк,

Акылым – арзан, дейди.

 

Эсимде күн да, түн да,

Жаныма жарым деймин.

Эркелейм, эркелетем,

Эзилем, жаным деймин.

 

Күттүм кеч, күттүм таңда,

Кабарың билинбеген.

Жегеним желим болду,

Ичкеним – иримдеген.

 

Ойлопмун жаңылыштуу,

Өзүмдөй көрүп эле.

Санааркап, сагынармын,

Өтөрү – өмүр эле…

 

*****

Бүгүн көрдүм “Багыш арал” көлүңдү,

Керемет ай, көңүл катуу бөлүндү.

Алыстыктын болуп турат арманы,

Чакырмакмын сейилдөөгө өзүңдү.

 

Жамгыр дыбырт, токой, шибер айлана,

Карма, сыла, гүлдөрдү сүй, аймала.

Айландыңар чатыр кармап таш жолду,

Букка толгон көөнүңөрдү жайгара.

 

Жылы турат “1970” деп жазылып,

Билинбептир түзгөндүгү кай улук.

Карт эмендин бутактары калдаят,

Зонтик болуп үстүңөрдө жайылып.

 

Багышты андан көрө албадым, ал тиги

корук жайдын болсо керек тартиби.

Көл үстүндө балык уулап чардактар,

Оюн куруп, кубалашып кайкыды.

 

Жыгач тосмо, көөнө тепкич ээлиги,

Жылдар басып көөнөрсө да кээ бири.

Бир жакындык бар сыяктуу сезилет,

Бир өзгөчө төгүлгөнсүп мээрими.

 

Айто-ор, такыр көз албадым көлүңдөн,

Жамгырданбы – адамдар аз көрүнгөн.

Кереметтүү дүйнө болуп буруксуйт,

Сирень жыты айланага төгүлгөн.

 

Корук жайды көрдүм бүгүн сен билер,

Кызыккандар болсо керек, эл билер.

Андагы көрк ээлендирип жанымды,

Кымбатымдын сүйгүм келди эрдинен.

 

*****

Силерде кеч, бизде түн –
убакыттын арасы.
Экөөбүздө жалгыз сезим,
Жалгыз сүйүү чамасы.

Бизде таң, сен уйкудасың,
Сулуу, наздуу көрүнгөн.
Терезеден сугун артат,
Ай шооласы төгүлгөн.

Элет, күүгүм, бака чардап,
Көөшүйт айыл кечтери.
Калаа, бешим, мунарыктайт,
Күн төгүлүп кечкени.

Анан кайра таң атат да,
Анан кайра кеч кирет.
Бүгүнкү күн бүгүн болбой,
Өтөт, кетет, эскирет.

Мына ушундай айланкөчөк,
Кыял дүйнө окшогон.
Экөөбүздө жалгыз сүйүү
жалгыз сезим коштогон.

*****

Сезимди сен эч бир күтпөгүн,

Келери бар жаз, жай, күз болуп.

Күү-шаа түшүп жайпап толкундай,

Же дайрадай көөлгүп, түздөлүп.

 

Сагынычты эч бир күтпөгүн,

Көкүрөгүң күйүп-жангансып.

Бир керемет термейт боюңду,

Жан дүйнөңдү эзип жалбартып.

 

Сагыныч саа эгер келбесе,

“Сезимсиз ал келбейт экен” де.

“Сагындыңбы, жаным, мени?” – деп,

Сурай берүүм көрсө бекер кеп.

 

Бүттү эми антип албайм тынчыңды,

Куру үмүткө шоола жандыра.

Аялдама бардыр бирикчү,

Айрылыш жол бар же алдыда…

 

*****

Сенсиз деле таңдар атат, кеч кирет,

Сенсиз деле өмүр өтөт, эскирет.

Жалгыз гана – түшүнүксүз бир сезим

жан дүйнөнү кыйнап турат кескилеп.

 

Сагынабыз

саргаябыз

издейбиз,

Көңүлдү анан оорутабыз, кирдейбиз.

Күүгүм тарткан ушул күндүн шоораты,

Дагы канча созуларын билбейбиз.

 

Бул бир оору жүрө берчү айыкпай,

Бар да болуп, жок да болуп кайыптай.

Мезгил өтсө майда толкун терметип,

Калкып калат калагы жок кайыктай.

 

*****

Билбейм сени неге мынча кызганам

бирөөлөрдөн ичим жалын, чок болуп.

Абалымды айтуу кыйын сыздаган,

Калган менен жаш өйдөлөп, токтолуп.

 

Мындай адат башта мынча болбогон,

Сезим күчү жеттиби же чегине?

Бүткөн бойду толкун басып оңбогон,

Карап койбойт эркиме да, эбиме.

 

Калааңарда эркек аттуу бүт сүйүп,

Жалбарынып жүрүшкөндөй жаныңда.

Ар бир баскан “лайкыңдан” ич күйүп,

Ысык илеп жүрчү болду канымда.

 

Сендик сезим кемибей да, өзгөрбөй,

Күү-шаа түшкөн көлдөй толкуп сүйдү элем.

Жамалыңды жан адамга көргөзбөй,

Алып кетким келчү башка дүйнөгө.

 

Азыр деле сагынычта отурам,

Сен да алыстан көзүң таштап муңайым.

Качан жылып жүрөктөрдүн отунан,

Жаным тынчып, токтоор экен убайым…

 

*****

Жамгыр жууп көчөңөрдү,

төктүрдүң, себелеттиң.

Санааркап сени ойлоп,

мен азыр мен эмесмин.

Кеткенсиң алы-ыс узап,

күн санап көрө албаймын.

Билсем да тагдыр жөнүн –

көнөрмүн. Көнө албаймын.

Таң тосуп өтпөсөк да

жандантып көчөбүздү,

Унуткун жалгыздыкты

эми биз экөөбүзбүз.

Жүрсөң да качан, кайда –

эстегин муну, жаным:

Сен деген

сенден башка эч кимди сен дебеген

жана да жанып турган жамалыңды

эч кимге теңебеген

бир адамдын дүйнөдө дале барын –

эстегин муну, жаным!

Бул сезим жарык кылар көңүлүмдү,

бул сезим толгонумбу, төгүлүүмбү.

Көөнөртпөй кыйла жылдын

кыйырын ашып,

картайтпай алып өтөр өмүрүмдү.

Турмуш деген – турмуш дечи

кыйма-чийме чатышкан,

Жолугарбыз пенделерге көп эле

улуу

бийик

жөнөкөй.

Бирок, сенден эстүү жана жароокер,

жүрөгүмө ары жакын адамды

көрөрүмө ишенбейм.

Кыялданчу болуп кеттим негедир,

Тээ качандыр сен жашаган чөлкөмдөгү

акындардын жыйынына катышам да

минтип айтам:

– Сиздерге окуп берем бул ырымды

арнаган кымбатыма,

ал мына ушул жерде

бир нече кадам гана менден алыс…

 

*****

Кандай таза, кандай аруу,
Мөлтүрөгөн жүзүмдөн.
Чиркей чагып кеткен экен,
Мен сүйө элек жүзүңдөн.

Билем дечи, айжамалың
тартат көргөн адамды.
Чиркей деле бир жаңылып,
Чагып койсо жаманбы?

Суктандым да бактысына,
Менин жолум созулуп.
Ичим бир аз тыз – тыз этти,
Өпкөнүнө озунуп.

*****

“Сизди жакшы көрөм, – дейсиң, –

айтар сөзүм ушу эле”.

Элди козгоп, бүлүк салып,

Тумоо келген туш эле.

 

“Байланышуу болбой бизде,

Өткөн ушул арада.

Сөзүм жетпей калабы деп,

Түштүм эле санаага.

 

Бул апааттын кесепетин,

Айтуу кыйын болжолу.

Сизге өзүмдү арнаганым,

Билдире алсам болгону…”

 

Айтуу эле кажет бекен,

Ар бир сөзүң, ирмемиң.

Сүйөөрүңдү телефондо

демден эле билгемин.

 

Сезим деген таң нурундай,

Байкоо салсаң тарашын.

Эгер болсо, шооласынан

сен өзүңдү табасың.

 

*****

Арылып түйшүгүңдөн,

Күн бүтүп ишиңдеги.

Бир жайдан түшүптүрсүң,

Метро ичиндеги.

 

Чарчаңкы, жүзүң токтоо,

Же ойго батканыңбы.

Жарашык берет шамал,

Үйлөсө чачтарыңды.

 

Өзүң гүл, гүлүң да гүл –

ак, сары, кызыл, көгү.

Кийимиңде ойноп турат,

Кеч коңур күзүндөгү.

 

Башталып окуу жылы,

Шаңы арткан күнү менен.

Ишиңден белек кылган,

Жыпар жыт гүлү белем.

 

Болобу жагалданып,

Көңүлдү көкөлөтпөй.

Жаштыгың кагып турат,

Канатын көпөлөктөй.

 

О-о кийин көргөнүңдө,

Жакында, алыстабы.

Эсиңе түшөр күндөр,

Мекенден алыстагы.

 

Кыялың учуп жетер,

Кайрылгыс өзгө күнгө.

Жүрөгүң ачыштырып,

Жаш келер көздөрүңө…

 

*****

Акыл калчаар, сезим билер, башкарар,

Керек кезде жүрөк эргип, жаш тамар.

Буйрук болуп мен төгүлүп келди элем,

Арноо ырын жазар эми башкалар.

 

Айырмалап тынбай баскан белгиңен,

Билем мен да, билет баары, эл билер.

“Жүрөгүңдү дирилдеткен” жандарга,

Каттарыңды жазып келдиң эргиген.

 

Таасир этет айткан сөздүн жагымы,

Ал тараптан, же сен тарап жагыбы.

Отту деле көсөй берсең чукулап,

Көтөрүлүп чыгат бир кез жалыны.

 

Ырын көрдүм көөнүм көпкө бөлүнүп,

Ал ыр сага арналгандай көрүнүп.

Ким болсо да бербегенде шооратын,

Бирөө антип жазмак эмес төгүлүп.

 

Сөзүңдү айттың таппагансып сен эбин,

Жаңылдыңбы, так айтпадың себебин.

“Жакын билсең кээ бирөөдөн алыстап,

Кээ бирөөгө жакындайсың” – дегениң.

 

Акыл калчаар, сезим билер, башкарар,

Керек кезде жүрөк эргип, жаш тамар.

Буйрук болуп мен төгүлүп келди элем,

Арноолорун жазсын эми башкалар…

 

*****

“Колуңдан эч чыгарба” – дедиң эле,

Кымбат сөздү айтуу ал жеңил эле.

Күр – шар этип көчкүдөй жүрүп кетсем,

Кечирбестир сезимим мени деле.

 

Сезим шамдай күнү-түн жанып турар,

Сезим таңдай агарып жарык кылар.

Сезим улуу тоодогу тунук булак,

Көзүн жарып, шылдырап агып турар.

 

“Арнагамын өзүмдү” – дедиң эле,

Андай сөздү айтуу ал жеңил эле.

Сагынычтан чыккан же жел сөз эмес,

Жүрөгүңдүн жалбарган деми беле?

 

Сезим толкун дүйнөңө бүлүк кылган,

Сезим жалын каныңда жүрүп турган.

Сезим чексиз көгөргөн горизонттор,

Колуң жетпей, ой жетип үмүт кылган.

 

“Акырына күтөмүн” – дедиң эле,

“Азабыңа түтөмүн” – дедиң эле.

Бул сөздөрдү айтканың жеңил эле,

Же сезимдин жаалы күч деми беле?

 

Сезим көлдө чардактай кайып учкан,

Сезим жылдыз жылт этип жарык учкан.

Сезим дүйнө кыйырында кометалар,

Мерчемине келсе эгер кагылышкан.

 

А мен азыр жокмун да, барыңдамын,

Күүгүм кечте, түнүңдө, таңыңдамын.

Кезигишчү күн болор качандыр бир,

Алыстамын

жакынмын

жаныңдамын…

 

*****

Эгер болсо былтыркы жыл ушу маал,

Айтат элем биз басуучу жол оңун.

Билели деп бул дүйнөнүн сырларын,

Угалы деп бул турмуштун жомогун.

 

Эгер болсо былтыркы жыл ушу маал,

Жеткирмекмин көңүлүмдүн жалынын.

Кыял менен болсо дагы таң тосуп,

Бир кечсек деп чоң дайранын агымын.

 

Эгер болсо былтыркы жыл ушу маал,

Сүзөт элек толкунунда көлүмдүн.

Ысык-Көлдүн куму сени күйгүзбөй,

Сен мени анан күйгүзгөндөй көрүндүң.

 

Эгер болсо былтыркы жыл ушу маал,

Чыгар белек Хан-Теңири чокуга.

Кылым кетпес шөкүлөдөй мөңгүсү,

Эрип түшмөк жүрөктөрдүн отунан.

 

Азыр эми быйылкы жыл ушу маал,

Көп иш өттү, көңүл бир аз муздады.

Жүрөгүмдүн отун өлчөп отурам,

Эритүүчү Хан – Теңирдин муздарын.

 

*****

Кандай гана жакшы көрөм,

Жеткире албайм сөз менен.

Жанга айландым күйүп-жанып,

Бар-жогумду сезбеген.

 

Тоого чыксам катарымда,

Жашыл төр, жон, белестеп.

Кол кармашып келебиз биз,

Балалык кез элестеп.

 

Күү-шаа түшкөн көл ичинде,

Жүзүң тосуп агымга.

Алтын балык болуп дароо,

Ойнойсуң сен жанымда.

 

Жолго чыксам жыпар жытың,

Жагым берип киймиме.

Жанымда эле олтурасың,

Башың жөлөп ийниме.

 

Ээн калсак колуң артып,

Эркелейсиң, күлөсүң.

Элге келсем ыйбаа тутуп,

Анда деле жүрөсүң…

 

Сагынычтан жер алысын,

Унутарым эп анык.

Бир жерде эле жүргөнсүйбүз,

Бир абадан дем алып.

 

Жамалыңды сылар күнүм,

Жандын болуп арманы.

Жабыгуудан башка азыр,

Аргам деле калбады.

 

*****

-Өзгөрө албайм,-дейсиң,- менмин ушундай,

Түштүгүмдүн туурдагы кушундай.

Турат асман, каалгышат булуттар,

Бугум толсо ким токтотот учурбай?

 

Дүйнөм түгөл түшүнгөн көп досум бар,

Келсин дагы, жан эмесмин тосулган.

Жакшы сөздү айтып коём кааласам,

Канатына канат кылып кошулган.

 

Жакын көрсөм сырдаш, муңдаш дегеним,

Ыр жазамбы, сыр жазамбы себебим.

Бирок, жалгыз сизди сүйөм ачыгы,

Өзгөргүн деп кыйнабаңыз мени эми.

 

Алыс жерде өйдө-төмөн күн өттү,

Тыйганыңыз кыйнады да, жүдөттү.

Берилемин бирөөлөргө дирилдеп,

Ким болсо да баса берем “жүрөктү”.

 

Мигранттык чыйыр менен, из менен,

Ар биринин максаты бар издеген.

Бөлүнө албайм көңүл тапкан жандардан,

Бөлүнүү да жеңил болбос сиз менен.

 

Кандай азап алуу мындай чечимди,

Ар ким тосуп жолум деле бекилди.

Кечириңиз, байкоос жерден кирипмин,

Ааламыңыз тартып кеткен шекилдүү.

 

*****

Бир өзгөчө көрүнгөндүр көзүңө,

Борбор жашоо, батуучудай жыргалга.

Мигранттык турмуш тартып өзүнө,

Алы-ыс, алыс кеткенсиң ал жылдарда.

 

Бардык иштин болот дечи себеби,

Жөнсүз эле, чыга бербейт бекерден.

Мындай шартта тыштан бирөө келеби,

Четке агылып жатса көбү Мекенден.

 

Жокто жоктой, барга бардай жалгашып,

Ишиң жүрдү, көңүлгө төп табылгаң.

Билинбестен жылдар жылга алмашып,

Өттү күндөр эсеби жок агылган.

 

Сагынычты сездиң бекен сыйбаган,

Бирде азабын, бирде берген жагымын.

Уйку бербей, жанды жалмап кыйнаган,

Көкүрөктүн баскандырсың жалынын.

 

Жылуу шыбыр кимге кайдан угулмак,

Абалына кайдан бардык өзгөнүн.

Көңүл дүйнөң шамал болуп дуулдап,

Айтылгандыр жалбарынган сөздөрүң.

 

Ушул өзү түгөнбөгөн армандыр,

Жүрөктү эзген от барына карабай.

Сезим мүмкүн ыйлап-ыйлап калгандыр,

Жаш кылгыртып, улутунган баладай.

 

Өткөн – кеткен жоготууң да, табылгаң,

Кыйырында колдон учкан жылдардын.

Чыгуу кыйын түшүп алган агымдан,

Кайтуу кыйын азабынан жыргалдын.

 

*****

Ушул таңда чочугансып,

Мен кызыктай ойгондум.

Бизде сүйүү, бийик сезим,

Болбогонбу-болгондур…

 

Эгер болсо, жаз көктөмдөй,

Соолубай да, кыярбай.

Бүрүн кагып турар беле,

Бөлүнбөй да, кыялбай.

 

Болбосо эгер, канда дүргүп,

Суудай агып, төгүлүп.

Өзөктү өрттөп турмак эмес,

Унутулуп, бөлүнүп.

 

Түккө турбас таарынычтан,

Бир топ бүркөө күн өттү.

Түштөй болуп бараткансыйт,

Түңүлдүрүп жүрөктү.

 

Жанымды түк жай алдырбай,

Табыштырып, коштошуп.

Тарагансыйт аска-зоонун,

Жаңырыгы окшошуп.

 

Уюлгуган ар кыл ойлор,

Мени тартып иримдей.

Сенде болсо уу-дуу дүйнө,

Өтөр-кетер билинбей…

 

*****

Айтматовдун Кирискиндей,

Көздөн учкан суу улам.

Деңиз термеп жатты эле,

Коргошундай уюган.

 

Сен шамалдай кайдан келип,

Чайпап өттүң кайыкты?

Оттой күйүп денем, кайра

ичиркендим, кайыктым.

 

Көзгө илинбей көгөргөн жээк,

Тамшандырса тамчы суу.

Биз табышар үмүт аздап,

Ошол кыйын, калпысы.

 

Орган, Мылгун, Эмраин,

Бала үчүн деп тереңге

чөгүштү. Биз сезим турса,

Айландык да кереңге.

 

Чоң сүрөткер келтиргендей,

Туман, толкун тушуна.

Жалбырттаган жанымды мен,

Салыштырдым ушуга.

 

Агукук куш багытын таап,

“Жорткон дөбөт” учталып.

Бала жетер Музлук кызга,

Биз болбодук кушчалык.

Адамдар – Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон дөбөт” повестинин каармандары

 

*****

Эгерде сен сүйүп калсаң бирөөнү,

Күнөөлөбөйм, ал тагдырдын жобосу.

Мен качандыр бир ырымда жазгандай,

Сүйүп турсаң кантип сүйбөй коёсуң?!

 

Көп издээрсиң көздөн учуп карааны,

Тартыларсың, кете албайсың алыстап.

Эзилерсиң ичиң жалын, чок болуп,

Себеби эле ачылбас сыр, табышмак.

 

Бизге чейин канча жандар сүйүшкөн,

Кими иликтеп, кими билди, таба алды.

Көөдөнү кең, көзү сокур нерсе экен,

Сүйүп калууң мүмкүн менден жаманды.

 

Ачык тийсе таңкы нурдай үлбүрөп,

Бүркөө тартса бүшүркөгөн кезиң миң.

Өмүрдө бир белек болуп келүүчү,

Баркын-баасын билүү керек сезимдин.

 

Жалгыз гана өтүнөрүм өзүңдөн,

Түшөт кээде жол тетири, жол оңу.

Сүйүп калсаң, сүйдүң дечи арга жок,

Айттырып кой, мен билгендей болоюн.

 

*Кавалергард – атчан бөлүктүн офицери