А.Осмонов атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы 2020-жылдын 1-ноябрынан 5-декабрына чейинки убакытта Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына сынак жарыялайт.

Талапкерлер юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде кабыл алынат.

Сыйлыкты ыйгаруу шарттары:

1.Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы поэзия, котормо жанрында улуттук адабият менен маданиятты көтөрүүгө салым кошкон, коомчулукка таасирдүү (Алыкул темасына арналган) акыркы үч (2017-2019-жж.) жыл аралыгындагы жарыяланган жаңы чыгармалар (китептер) жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдөгү өзгөчө демилгелүү ишке ашкан эмгектер үчүн ыйгарылат.

2.Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция жамааттары, китеп басмалары, окуу жайлары ж.б. укуктуу.

3. Мурда сыйланган жана эски эмгектер кабыл алынбайт.

4.Адабий сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар Жазуучулар союзунун https://adabiyat.kg/ сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлат.

5.Бул сыйлыкка Алыкул Осмоновдун өмүрүнө символдоштурулган түрдө 35 жашка чейинки авторлордун гана эмгектери кабыл алынат.

6.Сыйлык алган авторлорго “Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты” деген наамдагы диплом, төш белгиси жана атайын сертификаты менен акчалай сыйлык тапшырылат.

7. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык 2 (эки) жылда бир ыйгарылат.

Эскертүү: Көрсөтүлгөн убакыттан кечиктирилген сунуштар комиссия тарабынан кабыл алынбайт.

Сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Эркиндик бул. №54, тел: 0555 80 30 21, 0700 86 75 72.