Эгемендик Бир жакшы иш элдин демин көтөрөт, Бир жакшы сөз көңүлдөрдү шат кылат. Улуу майрам түйшүгү көп жол басып, Келип турат эшиктерди каккылап. Кыргызстаным – келечектүү кең өлкө, Жети облус жайып кенен айдыңын. Бишкек калаа саясатын жүргүзүп, Өлчөп турат өнүгүүнүн ай, жылын. Сары-Өзөн Чүй берекеси төгүлгөн, Түшүм жыйноо, мөмө-жемиш үзүмү. Базар көрсөң көздөрүңдү тойгузат, Алма, өрүгү, алча, дарбыз, жүзүмү. Мал киндиктүү Нарын жери ажайып, Төрт түлүгү тоонун бетин бербеген. Койнун ачып Арпа жайлоо, Соң-Көлү, Жолуктурат алыс-жакын эл менен. Күнөстүү Ош дайым берип токчулук, Ак-Буурасы агып өтөт толугу менен…..