Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Аталган университеттин Ректору А.Абдраеванын демилгеси менен уюштурулган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Култегин, Т.Нурманбетов, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков баштаган акын-жазуучулар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, поэзия күйөрмандары катышты. Кечеде автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Иш-чаранын катышуучулары акындын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты.

Үмүт Култаева: Адабиятка ак кызмат

Адабиятка ак кызмат (Алтынай Темированын чыгармачылыгына абай салганда) Жаа огундай себеленем мезгилге! Жаа огундай… жүрөктөргө сөз берип Жан-дүйнөгө сайылам… Арча болуп өсүп алам. Карт тарыхтын барактары тепселип коюнума чачылган… Ийне болуп өсүп турат ал менде, көөнү сокур көрпенденин көкүрөгүн  тилгенге!.. Жогорудагы саптар Алтынай Темированын “Автопортрет – 2” аттуу ырына таандык. Автопортретинде көркөм чагылгандай, жашоо максаты, принциби СӨЗ өнөрүнө байырлап, адабият дүйнөсү менен алпурушкан калемгер ага башын сая, өмүрүн арнап, улуттук адабиятка ак кызмат өтөөдө. Бактыга жараша, Москвадан M.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, дүйнөлүк адабият менен эрте таанышкан калемгердин толугу менен…..