
Адабиятка ак кызмат (Алтынай Темированын чыгармачылыгына абай салганда) Жаа огундай себеленем мезгилге! Жаа огундай… жүрөктөргө сөз берип Жан-дүйнөгө сайылам… Арча болуп өсүп алам. Карт тарыхтын барактары тепселип коюнума чачылган… Ийне болуп өсүп турат ал менде, көөнү сокур көрпенденин көкүрөгүн тилгенге!.. Жогорудагы саптар Алтынай Темированын “Автопортрет – 2” аттуу ырына таандык. Автопортретинде көркөм чагылгандай, жашоо максаты, принциби СӨЗ өнөрүнө байырлап, адабият дүйнөсү менен алпурушкан калемгер ага башын сая, өмүрүн арнап, улуттук адабиятка ак кызмат өтөөдө. Бактыга жараша, Москвадан M.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, дүйнөлүк адабият менен эрте таанышкан калемгердин толугу менен…..