Кубанычбек Басылбековдун чыгармачылык кечеси өттү

Бишкек шаардык мэриясынын Ардагерлер эс алуучу жайында акын, котормочу К.Басылбековдун 75 жылдыгына карата чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Кадырбеков, КР Эл жазуучусу С.Жетимишов, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Бишкек шаардык мэриясынын “Ардагер” мекемесинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, маданий программа менен коштолду. ЖК депутаты Н.Кадырбеков К.Басылбековдун котормочулугу жөнүндө сөз кылып, “Ыйман” фонду аркылуу котормочунун 2 китебин чыгарып бергендигин айтып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлык тапшырды. Чыгыш адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын акындарынын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, өз өмүрүн котормочулукка арнап койгон К.Басылбеков соңку жылдары өз калемине таандык, толугу менен…..

Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Аталган университеттин Ректору А.Абдраеванын демилгеси менен уюштурулган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Култегин, Т.Нурманбетов, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков баштаган акын-жазуучулар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, поэзия күйөрмандары катышты. Кечеде автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Иш-чаранын катышуучулары акындын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты.

“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси өтөт

Урматтуу ыр ышкыбоздору, сиздер үчүн жагымдуу жарыя! КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору жана “Сонун го” китеп дүкөнү 14-май күнү саат 18:30да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Ыр-өмүр” аттуу поэзия-муза кечесин өткөрөт. Кечеде КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Исабаева, Р.Исаков, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты М.Жангазиев, М.Жумадилова, С.Турдубек уулу, Б.Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Б.Нурлан кызы жана А.Кудайберди кызы толугу менен…..

Акын түгөйлөр А.Токтомушев менен Ш.Келдибекованы эскерүү кечеси өттү

15-ноябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  акын жубайлар Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын көргөзмөсүнүн ачылыш аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов баштаган акындар – Токтосун Самудинов, Сагын Акматбекова, адабиятчылар – Чоюн Өмүралиев, Самсак Станалиев, Эсенбай Нурушев ж.б. катышты. ТҮНКҮ ГҮЛДӨР …Көп күттүм. Күттүм көпкө… Көпкө күттүм… Кар болуп из түшелек Кадыр түндө, келет деп, бир жарк этип кадимкиңдей. Жарыгым, турна мойнум, жаз саамайым ачылды жылдыз менен түнкү гүлдөр жалгыз сен ачылбадың, мерес болдуң жаз саамайым, жарыгым, турна мойнум. …Көп күттүм. толугу менен…..

К.Басылбековдун “Туюктар” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде акын, котормочу К.Басылбековдун “Туяктар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына арналган иш-чарага КРУЖС төрагасынын орун басары, акын К.Кадыракунов, КР Эл акыны К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Б.Максүтов, Б.Чотурова баштаган акын-жазуучулар, котормочулар, өнөр адамдары, автордун жакын санаалаштары жана ыр күйөрмандары катышты. Кечеге модераторлук кылган К.Кадыракунов автордун ырларынан, котормолорунан окуп берип, келген меймандарга автордун бейнесин ачып, тааныштырды. Кеченин коноктору акындын котормочулуктагы талыкпаган эмгегин баса белгилешип, жарык көргөн алгачкы автордук жыйнагы менен адабиятка жаңылык алып келгенине токтолушту. КРУЖСнун котормо багытынын дыйканы, 14 котормо толугу менен…..

Меңди Мамазаированын “Аймаран” аттуу романынын бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, көптөгөн сыйлыктардын ээси, жазуучу, драматург  Меңди Мамазаированын “Аймаран” аттуу романынын бет ачары өтөт. Бет ачар  үстүбүздөгү жылдын 26-январында саат 11:00 дө,  Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында болмокчу. Баардык окурмандар үчүн эшик ачык.

19-майда Акбар Кубанычбековдун “Бир күн”аттуу музыкалык поэзия кечеси өтөт

Жазуучулар союзунун мүчөсү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, көптөгөн ыр сынактардын жеңүүчүсү, “Периштенин канаты” китебинин автору акын Акбар Кубанычбековдун “Бир күн” аттуу музыкалык поэзия кечеси өтөт. Кече 19-май КТР дин концерттик студиясында саат 14:30 да башталат. Жалпы ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык.

Үч акын кыздын “Ырымдасыз”аттуу поэзия кечеси өтөт

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын кичи залында 19-май күнү саат 17:00 дө “Роза Отунбаева демилгеси” Эл аралык фонду тарабынан уюшулуп жаткан “Ырымдасыз” аттуу кезектеги поэзия кечеси өтөт. Кечеге акын кыздар Эсен кызы Айсулуу, Рыскул кызы Нуркыз жана Изатова Рыскүл катышып, ырларын жалпы журтка тартууламакчы. Буга чейин бул фонд Сагын Акматбекова баштаган бир топ акындардын поэзия кечесин өткөрүп келген. Андыктан бардык каалоочуларга эшик ачык экенин уюштуруучулар билдиришүүдө.

С.Акматбекованын «Жүгүргөн туман» аттуу поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналат. “Жүгүргөн туман” деп аталган бул поэзия кечеси 2016-жылдын 20-январында саат 17:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт. Акын Сагын Акматбекова Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында төрөлгөн. 1973-жылы Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун аяктаган. Анын “Жамгыр” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1970-жылы толугу менен…..