Адабий сын жанрында Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабий сын жанры боюнча Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын жанрында Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабиятыбыздын өсүп – өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адабиятчы-сынчыларга ыйгарылат. Адабий сыйлыкка мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга эмгектерин көрсөтүүгө укуктуу. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө соңку жылдардагы адабий сын макалалар жана өзүнчө китеп болуп жарык көргөн эмгектер сунушталат. Адабий сыйлык ыйгарылган авторго Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, толугу менен…..