Максуда Ормонова: Кара-Дөбөнүн гүлдөрү

Кара-Дөбөнүн гүлдөрү Эмнегедир баары мени карашкансыйт. Кимден уялып баратканымды да билбейм… Алар мындай тыкан, мындай чакан гүлдестени өмүрү көрүшпөгөндөй… Билип турам, гүлдестенин жарашканын. Кимге деп ойлоорсуз? Албетте, мага да, мага жарашты. Тим эле сонун жарашты. Күзгүдөн улам-улам каранып, анан… анан, бул… чачымдагы ичке шайы боону, китебимдин ичинен таап чыкпадымбы. Агыш-пушту түстөгү шайы боо, гүлдестемдин гүлдөрүнө түспөлдөш болуп калды. Жеңеме келген белектин байламы болчу. 8-Мартта агам алып келбеди беле. Шайы боо текчеде туруп эле калган. Ыргытылып кетпесин деп тегиздеп, тарых китебимдин ортосуна салып койгон элем. Ошол бойдон туруптур. Тептегиз, тегизделип калыптыр. Дагы жакшы, ушул китепке салган экем аны. Тарых сабагы жумасына бир эле жолу окутулат. Жоголбогону пайда болду. Апам ай, апам!.. Жарыгым менин!.. Таң атпай тиги Кара-Дөбөдөн ушул керемет гүлдөрдү мага терип келиптир… ХХХ Апамдын көлөчүн чечип жаткан шыбыртын толугу менен…..