Ырысбай Абдыраимов: Тамсилдер

Тайган Тайган ар дайым сыртта жүрөт. Байлыгы ашып-ташканы менен туулган жерине, бирок, үлүш бербейт. Анткени менен эл-жер башкарууну Күндүр-түндүр эңсейт. Самаганы – ал өскөн талаада тынчтык болбой, тоз-тополоң басылбаса… Каршылары шаштысын алып, Аюуну тактан кулатса… Тайган анын ордун ээлеп алса… Кайсы бир кезде Аюу аны бооруна тарткан. Орун басарлыкты берип, кийин өз ордуна таптаган. Бирок Тайган, ал кызматка ичи чыкпаган. Тактыны алууну көздөп, Айыкпады, ич буроосунан. Сыртта жүрсө деле Аюунун ордун аңдыганы аңдыган. Менчик-кемтик башталганда Май токочтуу жерлерди Бүтүндөй ээлеп алган. Базарларынан чуурулуп, Кирешеси агып турган. Бирок, тактыны аңтарууну ойлоп, толугу менен…..