Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Аталган университеттин Ректору А.Абдраеванын демилгеси менен уюштурулган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Култегин, Т.Нурманбетов, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков баштаган акын-жазуучулар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, поэзия күйөрмандары катышты.

Кечеде автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды.

Иш-чаранын катышуучулары акындын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты.