Үмүт Култаева: Адабиятка ак кызмат

Адабиятка ак кызмат

(Алтынай Темированын чыгармачылыгына абай салганда)

Жаа огундай себеленем мезгилге!

Жаа огундай… жүрөктөргө сөз берип

Жан-дүйнөгө сайылам…

Арча болуп өсүп алам.

Карт тарыхтын барактары тепселип

коюнума чачылган…

Ийне болуп өсүп турат ал менде,

көөнү сокур көрпенденин

көкүрөгүн  тилгенге!..

Жогорудагы саптар Алтынай Темированын “Автопортрет – 2” аттуу ырына таандык. Автопортретинде көркөм чагылгандай, жашоо максаты, принциби СӨЗ өнөрүнө байырлап, адабият дүйнөсү менен алпурушкан калемгер ага башын сая, өмүрүн арнап, улуттук адабиятка ак кызмат өтөөдө. Бактыга жараша, Москвадан M.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, дүйнөлүк адабият менен эрте таанышкан калемгердин адабият майданындагы чыгармачылыгынын төрт тарабы “кыбыла” болду белем, төрт багытта: поэзия, драматургия, кино өнөрү жана котормодо үзүрлүү иштеп, өзүнө камчы салдырган жок. Алтынайдын алгачкы чыгыармачылык тушоосун кескен «Бурганак» поэтикалык жыйнагы 1989-жылы “Адабият” басмасынан жарык көргөндөн көп өтпөй, 1991-жылы “Алыкул” атындагы республикалык конкурс-семинарда 1-орунга ээ болгон соң, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

А.Темирова драма жанрында калемин сынап, биринчи эле айтылуу апыз Барпы Алыкуловдун көркөм бейнесине арналган «Генийдин уру» спектакли ийгиликтүү чыкты дегенге негиз бар. Ал 1993-жылы Республикалык жабык конкурста 1-орунга татыган жана 1994-ж. Жалал-Абаддагы Барпы атындагы драмтеатрда ийгиликтүү коюлгандан кийин “Нооруз-95” регионалдык театралдык фестивалда Гран-При номинациясына ээ болуп, “Жылдын мыкты спектакли” аталган. Ага удаа «Теңирдин оту» пьесасы Швейцария-Кыргызстандын “Хелветас” эл аралык фонду тарабынан 1998-жылы өткөрүлгөн республикалык конкурста 1-орунду алып, 2003-жылы ”Учур” театрында ийгиликтүү коюлду. «Сынык асман» аталган үчүнчү пьесасы 2010-жылы Кыргыз драмтеатрында коюлду жана авторуна “Т.Абдумомунов” атындагы сыйлыкты алып берди. Драматург өзү жазган чыгармалары менен гана эмес, чет элдик драматургиядан которгон пьесалар аркылуу да кыргыз драматургиясына салым кошуп келет. А.Темированын котормосунда казак драматургу Елен Елимжандын «Жан урааны», белгиялык жазуучу жана философ, Нобель сыйлыгынын лауреаты Морис Метерлинктин «Азиздер», байыркы грек драматургу Эсхилдин “Фарсылар” пьесалары республиканын театрларында ийгиликтүү коюлуп, улуттук драматургиянын репертуарын байытууга салым кошту.

А.Темирова жазган сценарийдин негизинде “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган «Тоолор кулаганда, же Айтматов менен коштошуу» документалдуу фильми, КТРКда тартылган «Тапан» төрт сериялуу тасмасы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок..

Ал эми алгачкы кыргыз кинооператору жөнүндөгү “Кадыржан” документалдуу фильми 2008-жылдагы Ысык-Көл кинофестивалында “Гран-При” номинациясына арзыган.

А.Темирова котормо жанрында бел чечпей эмгектенген калемгер катары эл аралык масштабдагы котормочулардын катарын толуктайт. Ал кыргыз окурмандарын дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү менен тааныштырганы улуттук адабиятка өтөгөн ак кызматынын оор салмагын түзөт. Болгондо да, кыргыз калемгерлеринин шык-жөндөмүнө кубат берүүчү, өзгөчө тагдыр, талант ээлери, көбүнесе Алтынай өзү билим алган Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которду. Алардын катарында А.Темированын калеминен кыргызча сүйлөгөн түрк тилдүү акын-жазуучулар: Саха-Якутия адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири П.Ойунскийдин, отуз жашында шейит кеткен таланттуу ногой акыны Кадрия Темирбулатованын, казак адабиятынын классиктеринин бири А.Тажибаевдин, казак поэзиясынын жаркын акыны Маржан Ершунун, азербайджан акыны Лейла Алиеванын чыгармалары; адабий мурастары дүйнөлүк адабияттын кенчине айланган: З.Бабур, Ю.Эмре, Ай Цин, Дуң Пыйлун, С.Квазимодо эсептелет. Котормодогу Алтынайдын ийгилигине 1999-жылы «Сорос – Кыргызстан» фонду тарабынан А.С Пушкиндин 200 жылдыгына карата уюштурулган адабий конкурста улуу акындын «Пиковая дама» аттуу чыгармасын “Жезит айым” деген ат менен кыргыз тилине мыкты которгондугу 1-орунга ээ болушу, түрк тилдүү элдердин Уфа шаарында өткөн «Ак Торна-II» адабий конкурсунун дипломанты болушу, Саха-Якутиянын белгилүү акын-жазуучуларынын, анын ичинде П.Ойунскийдин чыгармаларын мыкты которгондугу үчүн “Элдердин достугун, тынчтыгын жана маданий кызматташтыгын чыңдоодогу салымы үчүн” деген мамлекеттик төш белги медалына жана Иль-Тумэн парламентинин “Алкыш барагына” татыганы, “П.Ойунский” сыйлыгын алганы күбө. Натыйжада калемгер эл аралык масштабдагы бир нече адабий иш-чаралардын катышуучусу катары улуттук адабияттын абройун көтөрдү. Тактап айтканда, 2005-жылы дүйнөлүк ПЕН-Клуб уюму Финландиянын Хельсинки, Лахти шаарларында уюштурган “Азия, Европа жана Америка жазуучуларынын Конгрессинин”, түрк тилдүү элдердин Уфа шаарында өткөн «Ак Торна-II» эл аралык адабий фестивалынын”, Саха-Якутиянын Жазуучулар Союзунун Эл аралык Адабий фестивалынын катышуучусу. Москвадагы Интернационалдык жазуучулар союзунун гранттык долбоору А.Темированын “Ай конгон тоо” поэтикалык жыйнагынын беш миң нуска менен жарык көрүшү, аталган союздун «Автограф-5» жана “Байрон менен бирге” жыйнактарына ырларынын кириши автордун эле эмес, улуттук адабияттын да ийгилиги катары бааланууга тийиш.

Акын акыркы жылдарда адабиятка өтөгөн ак кызматы жемиштүү болду дегенге негиз бар. Анын котормосундагы “Кадрия” жыйнагы ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Түркияда жарык көрсө, Лейла Алиеванын ыр жыйнагын басмадан чыгаруу ишин Бишкектеги Азербайжан өкүлчүлүгү колго алган. Казак акыны Маржан Ершунун чыгармаларын, Саха-якут классиги Платон Ойунскийдин прозалык жыйнагы, КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы басмадан чыгарды.

Алтынай Евразия Гильдиясынын 2020-21-жылдардагы эл аралык конкурсунун “Балдар адабияты” боюнча проза жанрында, Интернационалдык жазуучулар союзунун 2020-21-жылдардыгы эл аралык “Лондон сыйлыгына сунушталат” долбоорунда поэзия жанры боюнча “Белгилүү акындар” категориясында финалга чыккан жеңүүчү болду. Мындай жетишкендиктер жөн жерден, олоң-олтоң келбей турган бийиктиктер экендиги талашсыз. Ошондуктан калемгердин ар тараптуу чыгармачылыгына талдоо жүргүзүү фундаменталдуу изилдөөгө муктаж. Биз негизинен анын поэзия жанрындагы изденүүлөрүнө абай салабыз.

Алтынайдын поэзиядагы чыгармачылыгы (анын алгачкы чыгармасы 1977-жылы райондук Теңир Тоо гезитине чыкканын эске алганда) бүт өмүрүн коштоп келет. Алгачкы “Тандалмалар” жыйнагы 2004-жылы кыргыз-орус тилдеринде жарык көргөн. Анын ырларынын алтай, фин, казак, кытай, хинди, саха-якут, башкыр, түрк тилдерине которулушунун өзү калемгердин эл аралык масштабдагы акын экенине кепил боло алат.

Анын поэзиясына баа берүүдөн мурда жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылууга туура келет. Анткени А.Темировада: “Мурункуларды кайталоо жок. Бул кызда мурункулардан келаткан салтты “бузуу”, “өзгөртүп” жиберүү бар”.

  1. А.Темированын  лирикасындагы эпикалуулук.

Лирикадагы эпикалуулук адабият теориясында Аристотелден бери талашка түшүп келген илимий проблема – поэзияда сюжет маселесине барып такалат. Атактуу адабият теоретиктеринин бири А.Н. Веселовскийдин аныктамасына таянууга туура келсе: “…сюжет образ аркылуу көркөм жалпыланган адам турушунун жана психикасынын …  татаал схемасы, ал эми анын бир элементи (элементтери) мотив. Мотив – баяндоонун жөнөкөй бирдиги». Изилдөөчүлөр лирикада сюжет жок деген пикир М.Горькийге таандык болгондуктан, анын кадыры менен мындай пикир калыптанып кеткендигин белгилешет. Лирикада сюжет бар, бирок ал эпикадан айырмаланып, турмуштук окуялардын эмес “…адам сезимдеринин иреттик жайгашуусунан” турат. Азыркы учурда лирикада сюжет жок деген пикир жокко чыгарган илимий тенденция өнүгүүдө. Бирок бул маселе дагы терең изилдөөлөргө муктаж. Ушул көз караштан алып караганда, улуттук адабият таанууда А.Темированын ырлары аталган олуттуу маселеге материал боло алат.

Лирикадагы эпикалуулук калемгердин жеке стилинин өзгөчөлүгүн шарттаган поэзиядагы өзгөчө кубулуш. Ушул аспектиден талдоого алганда А.Темированын ырларындагы эпикалуулукка далил болуучу төмөнкү факторлорду байкоого болот.

  1. Акын көркөм аңдоого алган предметин интерпретациялоодо жалаң ички сезим менен чектелбей, анын масштабын сырткы дүйнөгөалып чыгат. Натыйжада ырдын көркөм аянты кеңейет. Ушунун өзү лирикада чагылган мезгил менен мейкиндиктин масштабдуулугун камсыздайт. Мындай өзгөчөлүктү Алтынайдын Франциянын XVIII-кылымдагы көрүнүктүү классик акыны Пьер-Жан де Беранжеге арналган “Кыргыз ырынын” мисалында карап көрөлү:

Турган өңдүү жээгинде

Сырдарыя, Нарындын;

Сена суусун кечип, бойлоп –

көрктүү Париж шаарынын,

сылап жалдан аргымагын,

жууп канын кылычтын,

үчүнчү ирет сугарганын

атын мында кыргыздын –

жазган экен Жан Беранже –

…байыркы бир кылымдар

Европага жолу ачык

болгондугун кыргыздар!..

Тексттен байкалгандай, мезгил XVIII-кылымда жазылган окуядан башталып, кийин Чынгыздын калеми аркылуу барган “кыргыз аргымагы” бүткүл Европага “кыргыз ырын – сүйүү ырын” ырдатып, “ат туягы баскан” жерди, “Сенаны эстен тандырса”, азыр билим алуу максатында, миграциянын шары менен барган кыргыздар “заман менен жарыша” окуп, иштеп, жашап жаткандыгы эпикага таандык баяндоо жана лирикага таандык сезим толгоосунда берилген. Ошону менен бирге автордук көркөм жалпылоо чыгарманын бир бүтүндүккө бириктире алган:

Бабалардын жолу тартып,

баратабы ынтызар?..

Изи калып эзелкинин,

канында ойноп жаткандыр?..

же тарых бир кайталанма,

кайталанма дастандыр?..

Демек, ырдагы окуя үч доорду (революцияга чейин, андан кийин жана эгемен жылдар) камтып, Пьер-Жан де Беранже жазгандан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилди, Нарын, Сырдарыядан Сена дарыясына чейинки
мейкиндикти кучагына алган.

 

  1. Лирикадагы эпикалуулуктундагы бир белгиси эпикалык жанрга таандык монолог, диалогдун ырдын структурасынан орун алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Буга акындын 2005-жылы июнь айында Хельсинки-Лахти шаарларында өткөн Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларынын эл аралык Конгрессинде капыстан берилген суроого карата берген жообу диалог аркылуу биздин өлкөдөгү ошол жылдарда баркы бааланбаган жазуучулардын абалын баяндаган ыры күбө:

–Силерде жазуучулар жокпу түрмөдө?.. –

деди капыс Анна-Рита фин кызы.

–Жок…

Менин өлкөмдө,

алар Турмуш түрмөсүндө –

көртирликтин желеси чырмап катуу,

чыгарбай туткунунан…

эл сыяктуу

ит тартыш жашоо бизде, –

Лаокоондун жылааны кысып-ороп,

турат уулап…

жай гана!

Чыгыш оор кандай гана!

Мен да түшүп…

бул тозокко…

Баш байлагам аргасыз чыдоого.

Жан багуу парыз!

Жаныңа карыз,

баары болот бул дүйнөдө…

Эпикалык текте, болгондо да драмалык чыгармаларда типтүү колдонулуучу диалог аркылуу баарлашуу акын өткөөл доордогу жазуучулардын мезгил кырдаалына жараша руханий жактан да, материалдык жактан да кризистик абалда турганын баяндоо үчүн Лаокоондун жылааны кыскан абалга салыштыруусу ырдагы лирика менен эпиканын синтезин жараткан. Ушундан улам, А.Темированын ырларындагы эпикалуулукка аргумент болчу дагы бир көрүнүш байкалат. Ал лирика менен башка адабий тектердин байланышын камсыз кылуу маселеси. Анын ырларынын композициясынан эпикада колдонулуучу мифтик түшүнүктөр, элдик ишеним, айтымдар ыңгайлуу орун алат.

  1. Калемгердин драмажанрында иштей билүү жөндөмү анын лирикасына түздөн-түз таасирин тийгизгени ачык байкалат. Ал театралдык терминдерди, идеяны берүүнүн драмалык ыкмаларын лирикада колдонуудан тартынбайт. Айталы, жогорудагы ырда колдонулган Лаокоон жылааны байыркы грек искусствосунда кездешкен мифтик каарман. Ошондой эле көркөм аңдоого алган предметти эпикалуу баяндаган “Рух мистерия”, “Бир элес: ноктюрин” ырлары да театралдык искусство менен байланыштагы түшүнүктөргө негизделгени көрүнүп турат. Орто кылымдардагы диний темада коюлуучу мистерия грек тилиндеги mysterion – сырдуу, жашырын, купуя ритуалдарды жасоочу театрдык жанр экени белгилүү го. Анын негизги идеясын акын түз көчүрбөй, эстетикалык жактан кайра иштеп чыгып, өзүнүн ыйык туткан ишеними, менталдык дүйнө тааным аркылуу көркөм аңдоого алат. Айтылган пикирди Рух мистерия” ырынын мисалында карап көрөлү. Ыр VI бөлүмдөн турат да, I бөлүмдөгү Күнгө кайрылуу эпикалык чыгармаларда колдонулуучу лирикалык чегинүүнүн ролун аткарат. Анткени анда сюжеттүү чыгармаларга таандык көркөм аңдоого алган маселеге карата автордун жеке көз карашы бүткүл жандуу жаратылыш ээси Күндүн жаратмандык касиетине карата айтылат. Ал эми II бөлүмдөгү:

Шамалдын огундагы Үйүм менин,

Түгөнгүс, чечип бүткүс түйүндөрүң!..

Кыйраган, жексен болгон калаалардын,

Желойноок урандысы түбүндөгүң

– деген саптарда айтылган ой лирикалык каармандын жеке өз үйү эмес, жалпы Мекен жөнүндө сөз болуп жаткандыгын кабарлайт.

III бөлүмдө сөз Мекен жөнүндө экендиги дагы бир ирет тастыкталып, ырда айтылуучу негизги идея окурманга ачык көрүнөт:

Үйүм менин – Тоолорум!..

Капчыгай, коо-зоолорум! –

Десем да бүт болгонун,

Үстүмдө жок “коргонум”!..

 

Үйсүз жүрүп оңбодуң,

Өлүккө тең болбодуң! –

Көргүн баба коргонун,

Деп өзүмдү кордодум…

Жашы отуздан өткөнчө үй-жай, үй-бүлөдөн айтпаган тагдырына кейиген кейипкер кудайдан жер сурап, курулуштун түйшүгүн жалгыз көтөрө албай кыйналып жатып, кыялында:

Түгөй болчу – эгиз деп,

Жүрөгүмдө сени издеп… – эңсеп күткөнүнөн түшүндө аян алышы мистерия жанрынын табиятына туура келет. Болгондо да, кыргыз оозеки чыгармаларынын эпикалык жанрларында жыш кездешүүчү “сызган жебе”, “албарс кылыч” этномаданий лексикасынын колдонулушу аркылуу сырдуу, жашырын, купуя көрүнүш баяндалат:

 

“Сызган жебе учумун,

Албарс кылыч мизимин,

Жүрөктөргө сайылган

Эзелкинин күчүмүн!..

 

Колун кармап Кудайдын,

Жазмышыңды сураймын,

Аңтарамын түпкүрүн

Адам тарткан убайдын!..”

 

Дедиң да бир оролдуң,

Кучагымдан жоголдуң.

Эс-мас болуп оңолдум,

Билбейм кайдан болоруң?..

IV бөлүмдө түш уланып, кийинки сырдуу көрүнүш – кечмеликте кайберендин адамча сүйлөп кириши – V бөлүмдүн мазмунун түзөт. Кайберен жараткандын адамга жашоо үчүн көргүн деп берген көзүн, рух үчүн берген сөзүн, жашап көнгүн деп берген жерин баалай билүү тууралуу насааты лирикалык каарманды VI санаадан куткарып, көңүлү көтөрүлгөн маанайда жан-дүйнө кубанычын тартуулап ойготушу кыргыз дүйнө таанымындагы сакралдык ишенимдердин көркөм аңдоого алынышы менен түшүндүрүлүүгө тийиш. Рух кубанычы күндөлүк пенделик түйшүктөрдөн бийик жана баалуу экендигин жар салуу чыгарманын лейтмотивин түзөт.

Ошондой эле орто кылымдарда чиркөө кызматында түн ичинде аткарылуучу музыкалык чыгарма «ноктюрн» француз тилиндеги nocturne (түнкү ыр же чыгарма), сөзүнөн алынган жанрды Алтынай улуттун менталдык түшүнүктөрүнө ылайык кайра иштеп чыккан. Муну менен ал элдин жашоо тажрыйбасынан жаралган элдик акыл-ойлорго, эреже-насааттарга жаңы өмүр бергиси келгени байкалат:

Кыш чилдедей кычырабай кирчи үйгө?!..

Босогодо турба эшикти кулачтап!

Же, Токсондой чыгып кеткин күбүнө,

Узун сары келди деп, мен таруу актап,

Казан асам сүрдөн салып, умачтап

Аш жасаймын, Умай эне колдо деп,

Кыздар менен “башты таңып”, аластап

Коломтонун чогун үйөм корго бек!..

Умай эне түндүгүмдү корго деп!..

Ырдын аягында токсон, узун сары, сүр, умач, баш таңмай, кор деген этномаданий лексиканын этнографиялык сөздүгүн берген. Албетте, мындай мамиле окурмандын таанып-билүү мүмкүндүгүнө ээ жана бул ырлар – тоолордой салмактуу элдик ойлорго канык, руханий баалуулукту кастарлаган (“Бир элес:ноктюрин”) “кыргыз жыттуу” ырлар.

Ушул багытта жазылган “Жатты адам мыйыгынан жылмайып”, “Сүйүүгө соната”, “Куш келгин махабат”, “Аза”, “Бекназардын арманы”, “Ай жөнүндө уламыш”, “Жийде”, “Петро – град” ж.б. ырларында эпикалуулук ачык көзгө урунат.

  1. Лирикалык чыгармалардагы эпикалуулуктун дагы бир көрүнүшү көбүнчө лирикалык каарман – “мен” аркылуу биринчи жакта берилүүчү идея тике автор тарабынан үчүнчү жакта окуялуу баяндалат. Мындай өзгөчөлүк турмуштун бир жексур көрүнүшү – айыпсыз жерден киши колдуу болуп, “баш кесер каракчыга тонолгон”, эки аяктуу айбандан жан таслим кылган жаш адамдын өлүмүн чагылдырган акындын “Кышкы паркта түнүндө” аттуу ырында элестүү да, образуу да, эпикалуу да берилген:

Парк четинде шам күйөт,

короолонуп чекеси…

шейит кеткен жан жүрөт,

жаны үзүлгөн түндөсү…

Шейиттин “тонолгонун көргөн”, “онтогонун уккан” дарактардын арачалап, айгай салууга “тилинин жоктугу”, акыркы деми чыкканча “тирүүлөрдөн” жардам күткөн айыпсыз жабырлануучунун үмүтү акталбай, даракчалык сезими жок “тилдүүлөр” кол сунбай кайдыгер өткөндүктөн жаш адамдын жаны кыйылган:

Астындагы кар эрип

тартты жаткан сүрөтүн,

сөөлөтүнө турчу эрип

жары күттү үйдө тим…

Күттү кары ата-эне,

күттү жалгыз баласы,

сулап бактын түбүндө

жаткан кезде атасы…

Өттү адамдар байкабай,

өттү адамдар кайдигер…

Жүрөккө муз байлабай,

о, тирүүлөр колду бер?!.. –

Калемгер адам менен жаратылышты салыштыруу аркылуу адамдын жан дүйнөсүнүн шейиттин өмүрүн кыйганга тете “жабырлангандыгын” кайдыгерликтин оор кылмышка түзүп берген шартын подтекст аркылуу берген. Ырда “сөөлөтүнө эриген жары, карыган ата-энеси, жалгыз баласы үйдө күткөнү” бирин-бири улай логикалык байланышта эпикалуу баяндалып, айыпсыз өмүрү каракчыдан кыйылса, “неге Теңир жаратты?..” – деген суроо менен тирүүлөрдүн кайдыгерлиги абийир сотуна коюлат.

  1. А.Темированын ырларындагы улуттук колорит “боектору”

Акындын ырларына назар салганда, анын стили гана эмес, бүтүндөй дүйнө таанымындагы жекечилдик, өзүнчөлүк эң биринчи көңүлгө урунат. Ал адабияттагы кумирин туурабай, китептик таасирдин чүмбөтүндө калбай, кайсы жанрда болбосун өзүнүн жекече чыйырын табууга бел байлаган калемгер. А.Темированын поэзиясынын тематикалык диапозону кенен. Албетте, анын көч башында мекенчилдик, улуттук баалуулуктар турат. Алтынай өз элинин байыркылыгына, бабаларынын даанышмандыгына башын ийген, ошол эле учурда дүйнөлүк адабият менен тереңден таанышкан, улуттук руханий дөөлөттөр менен бирге адамзаттык баалуулуктардын байланышына баам салган интеллектуал акын.

А.Темированын ырларында элдин мифтик түшүнүктөрү, улуттук ишеними, оозеки айтымдары, кол өнөрчүлүгү, көркөм өнөрү, буюм-тайымы, тамак-аш маданияты, каада-салты, жаныбарлар, канаттууларга жасаган мамилеси аздек менен айтылат. Натыйжада этномаданий лексика: Теңир, Умай эне, кайып; аргымак, тулпар, буудан, күлүк, ат туягы, шумкар, бүркүт, алп кара куш, кайберен, ак жолборс, көк жал, коломто, жез оймок, оюу, уз, шырдак, чий, кийиз, жаа, жаа огу, көөкөр, кымыз, уютку, көрөңгө ж.б. жыш колдонулат жана алардын элдин жашоо образындагы ролу аркылуу улуттук колориттин түрдүү боёктору көркүнө чыгат. Ал бул багытта башкалар сезбегенди сезип, башкалар айтпаганды айтууга умтулат. Улуттук баалуулуктарды тар чөйрөдөн чыгара, аны бийиктен, масштабдуу карай билгени А.Темированын поэзиядагы жетишкендиктеринин бири десе болот. Бул пикирге акындын “Элимдин кийиз китеби” аталган ыры далил боло алат. Эл ичиндеги “жез оймок уздар” миңдеген жылдар “канжалаган билектери, оюлган манжаларына” карабай кийизде, шырдакта, чийде салган түрлөрү менен саймадагы гүлдөрүндө алардын “сырдуу тилеги, наздуу жүрөгү” катылган үчүн мындай кол өнөр “үнсүз сүйлөө” касиетине ээ деген ойду жана да бул көчөттөрдө “аалам-дүйнөнүн” сүрөтү чагылганын улуттук поэзияда Алтынайдай эч ким айта элек эле:

Жазуулар эски, байыркы –

Шырдакта төргө салынды,

Кийизде – ороп уукту,

Кереге чети жабылды…

Көчөтү – аалам-дүйнөнүн,

Көрсөттү – үнсүз сүйлөөрүн;

Ай-жылдыз ага конгонун,

Жомоктой көчмөн үйүнө

Тоо-талаа, өзөн толгонун,

Табийхат жаны дүр-дүйүм,

Ааламдан келип, Үй бүтүн –

Кылымдар, өткөн ай-жылдар,

Доорлор – конок, көргүнүң!..

Көчмөн уз кызы сөөлөттүү,

Купуя сырын сүйлөттү…

 

Ааламдын Кийиз Китеби

Ачылып ичи, тышы, өңү –

Алдымда туру жайылып,

Окуп ал дешип, – бизди эми!..

Албетте, кыргыз орнаментин биринчилерден болуп иликтөөгө алган изилдөөчү Л.В.Рындин өзүнүн “Киргизский национальный узор” (Ленинград-Фрунзе, 1948) аталган эмгегинде кыргыз орнаменттери, оюмдары баяндоо мүмкүндүгүнө ээ деген жыйынтыкка келгени улуттук кол өнөрчүлүктө илимий жакшы табылга катары бааланган. Ага баш сөз жазган А.Н.Бернштам изилдөөчү кыргыз оюуларынын айкашуу мыйзамдарын, биригүү комбинациясын аныктагандыгын, “…эң негизгиси – өзүнө чейинки изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, кыргыз оюмдарынын б а я н д о о ч у л у г у н байкаганына” – жогору баа берген. Ал эми ошол мезгилдин эң мыкты искусство таануучу окумуштуусу В.Чепелев Л.В.Рындиндин мындай жыйынтыкка келишин элдик кол өнөрчүлүктөгү жаңы а ч ы л ы ш  эсептеп, атайын (В.Чепелев “Киргизское народное изобразительное творчество / “Искусство” журналы, 1939, 42-б.”) макала жазган.

Аталган ырдын үзүндү текстинде көрүнүп тургандай, “Элимдин кийиз китебинде” Л.В.Рындиндин ачылышын улай (баяндоочулуктан) андан терең, андан масштабдуу ойлор бар. Ырдагы мезгил жана мейкиндик биримдиги “ааламдык мейкиндикте, ай-жылдар, кылымдарды камтыган доорлор коноктой – тынымсыз мезгил кыймылында” уздардын саймасындай кынапталган. Демек, москвалык акын, филология илимдеринин доктору, профессор, достоевский таануучу Игорь Волгиндин акынга берген төмөнкү баасы бекеринен эмес: Алтынай Темирова обычно немногословна, но скупость комментирующей речи восполнена богатством и глубиной речи поэтической. Мир А.Темировой протяжен в ширину и в высоту. Он осенён бездонным небом, поэтому – он открыт вовне. Его пространство наполнено храпом степных коней и нежной мелодией девичьей песни. Этот мир древен, этичен и, я бы даже сказал, восточен… Однако все дело в том, что восточное начало стихов Алтынай Темировой исходит их самых глубин той национальной стихии, в которую всегда погружен её поэтический дух.

Чынында эле Алтынай өзү “элинин кийиз китебиндей” үнсүз сүйлөйт, башкача айтканда, анын айта турган ойлору өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктө “поэтикалык сыр сандыктын” ичине катылган. Алтынай кем сөздүү, бирок ойлорунун салмагы оор. Аны түшүнүү үчүн “сыр сандыкты” ачуу керек. Ал оңой эле ачыла койбойт. Ал үчүн ар бир сөзгө ой токтотуу зарыл, ошондон кийин гана көркөм жалпылоо көзгө урунат. Акын ойчул жана кыялкеч. Мындай өзгөчөлүк акындын “Аалам – боз үй” ырынан даана байкалат:

Ууз нурдан Уук тигип ааламга,
Күн төбөгө Чамгарагын жайгарат.
Кең мейкинди тегерете, айланта,
Тоолор курчап Керегедей калкалап,
Жашыл төрү окшоп түркүн саймага,
Аалам бүтүн Ак-Өргөөгө айланат!..

Куттуу төрдө, сыр сандыктын үстүндө!..–
Сан кылымдар, доорлор – жүк, жыйылган!..
Манас менен, дастан менен, күү менен,
Күпүлдөтө күн-түн айтып… уюлган…
Түндүгүнөн аалам көчү жүргөнүн…
Батырыптыр баатыр ата-бабалар!..
Боз үйүнө – Ак-Өргөөсүн дүйнөнүн!..

Ак-Өргөөсү – Боз үйү – бүт  дүйнөнүн!..

Ырдын текстинен көрүнүп тургандай, Күндү – түндүккө, андан тараган нурду – уукка, курчалган тоолорду – керегеге, мейкиндиктеги жашыл төрдү боз үй жасалгасына салыштыруу аркылуу Ак-Өргөөдөн ааламдын сүрөтүн көрүү – А.Темированын жекечилдигине кепил болуучу анын поэтикалык дүйнөсү. Ю.М. Лотмандын тили менен айтканда “…поэтикалык дүйнө – реалдуу дүйнөнүн модели” [Лотман 1996: 131]., бирок анын өзү эмес. Калемгердин реалдуу дүйнөнү кабылдоосунан, ага карата эмоциялык сезим, туюмунан тексттин поэтикасы жаралат. Ал эми поэтикалык текст акындын чыгармачылык өзгөчөлүгүн аныктоого мүмкүндүк берет. Андай болсо, Алтынай стилдик өзгөчөлүгүн аныктоочу  касиет кайсы?

  1. А.Темированын поэзиясында ойчулдук менен сезим-туюм шайкештикте чагылат. Ырас, ыр (поэзия) татаал курулуштагы – ой  (Лотман) болгон соң, акындын ырлары ойлордун системасынан турат да, анын ар бир элементи белгилүү мазмунга ээ. Айтылган пикирди жогорудагы тексттин мисалында кароого туура келсе, нур – уук, Күн – чамгарак, тоолор – кереге, жашыл төр – сайма “боз үй курулушунун” элементттери  – ыр курулушунун мазмундук элементтерине айланып, поэтикалык системаны жараткан. Ал система реалдуу дүйнөнүн өзү эмес, бирок акындын ой жүгүртүүсү, көркөм кыялы (вымысель) аркылуу түзгөн боз үйдүн ассоциативдүү образы, акындын “элестүү жана метафоралуу”ойлорунун туюнтмасы.
  2. Образдуулук – көркөм чыгарманын “жаны” Алтынайдын ырларында бирин-бири толуктайт, бирин-бири улайт, биринен экинчиси жаралат да ойдун тереңдигин камсыз кылат. Айталы, нурга кошулган “ууз” эпитети, төбөдөгү күндөн ааламдын чамгарагын көрүү, тоолордон керегедей калканчты сезүү образдуулукту камсыз кылып, тексттин поэтикалуу кабыл алынышын шарттайт. Ансыз “Аалам бүтүн Ак-Өргөөгө айланат!..” деген көркөм жалпылоонун – поэтикалык системанын эстетикалык баалуулугун кабыл алуу мүмкүн эмес.
  3. Поэтикалык системадагы ойлор менен образдык шайкештиктин руханий мааниси болбосо, анда чыныгы искусство чыгармасы боло алмак эмес. Акындын ырдын биринчи строфасындагы ой-туюм синтези ырдын кийинки строфасында улуттук руханий дүйнөгө жол бошотот. Башкача айтканда, “дүйнөнүн сүрөтүн” чагылдырган боз үйдүн сыртынан ичине кирген калемгер элдин “сан кылымдар” сактаган манасчылык, дастанчылык, комузчулук өнөрү аркылуу кыргыз рухунун наркын ааламдык масштабда баалайт. Ушул жерде Чынгыз Айтматовдун айтылуу акын Жеңижокту “он сегиз миң ааламды оодарыштырып, дүйнөнү колуна тегерете кармап тургандай ырдаган” – деп, сыпаттаганы эске түшөт. Жалгыз төкмө “дүйнөнү кармай ырдаган” болсо, боз үйлөрдө кылымдан кылымга айтылып келген кыргыз эпостору менен дастандарында кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй адамзаттын жашоо философиясынын асирет-арманы камтылгандыктан, элдин рухунан “ааламдын сүрөтүн” көрүүнү ашыкча кыял дегенге болбостур. Демек, “түндүгүнөн аалам көчүн жүргүзгөн” ата-бабалардын  боз үйү элдин архитектуралык даанышмандыгы менен бирге, анын ичинде уялаган руханий кубаты менен баалуу. Улуттук колорит да, акындык көркөм жалпылоо да поэзия аркылуу айтылуучу ой бийиктигинде берилген. Ушундан улам, “Алтынай Темирова сабаттуу, интеллектуал акын… Күңдөлүк саясат, сезондук ыр, утурумдук “актуалдуу темаларга кайрылуу ага жат. Жалган пафос, жалган патриотизм, жасалма гуманизм, куру кыйкырык андан алыс”– деген Кадыркул Даутовдун мүнөздөмөсү анын чыгармачылык өзгөчөлүгүнүн өзөгүн түзөт дегенге негиз бар. Анткени улуттук баалуулуктарды өзү баалай билет, элдин руханий дүйнөсүн жараткан бабаларды Теңирге теңей (“Бабалар”), аларга башын ийет. Жан-дүйнөсүндөгү ошол сыймыктуу ой-сезимдерди төбөсүнө көтөрө пенделик майда нерселерден бийик кармай алат. Ошондуктан, “Азиянын сырлары” галактика туманындай ачыла электигине ишенет жана “көчмөндөрдү” дүйнөнүн ачкычы деп билет (“Көчмөндөр”). Акын табият койнундагы көчмөн цивилизациянын уникалдуулугун жаратылыштын эч кимге баш ийбеген “эркиндиги”, жасалмасыз табигыйлыгы таасир эткен элдин кулк-мүнөзүнүн, дүйнө таанымынын нукуралыгын ырдайт. “Эркиндик издеп жер кезип, аялуу тумардай тагдырын туяк изи менен жазып, жер кезе, ак чокулуу мөңгү жыттуу тоолорду” мекендеген (“Бабалар”) бабаларын, “отту, Күндү, арча жытын” (“Таңуулабай, тек койгулачы бизди”) сүйгөн элин, “алп байтерек, алп чынар тамырындай кылымдарды көзөп өткөн түрк тилдүүлөрдүн башаты – эне тили – кыргыз тилин” (“Кыргыздын улуу тили да”), “Троя  шаары сындуу, үч миң жыл тарыхы бар, мекендин жүрөгү – Ош шаарын” (“Ош – жылдыз шаар”), “тилден калса да, дилден калбаган ( “…Түн  бою  комуз  чертти”) комузчунун түн бою черткен комуз” тилин, “той берип, кыз узатып, келин алып” жакшылыктын түйшүгүн тарткан боорсок жыттуу (“Тоодогу топ айылда токсон түйшүк”) айылдарын жар салат.
  • “…Жаным сүйөт бурганакты, бороонду”…

1986-жылдары жазылган алгачкы ырларынын жогорудагы сабы менен А. Темированын олуттуу тандалмалар  жыйнагы “Алтынай” ачылат.

Үмүт Култаева – филология илимдеринин доктору, адабият таануучу

  1. Эралиев С. /Китепте: Китепте: Алтынай. Тандалмалар. Избранное: Iтом. – Б.: Бийиктик, 2003.16-б.
  2. Веселовский А.Н. Поэтика сюжетов // Хрестоматия по теории литературы. М.: Просвещение, 1982. С: 362, 363.
  3. Полежаева Т.В. Сюжет в лирике: целостно-системный подход //Уральский филологический вестник, 2016, №3. Русская литература ХХ-ХХIвеков: направления и течения. Вопросы теории. С.12.
  4. Кулешов В.И.О сюжетосложении в гражданской лирике // Замы-сел, труд, воплощение. М.: МГУ, 1977, С.
  5. Китепте: Алтынай. Тандалмалар. Избранное: Iтом. – Б.: Бийиктик, 2003. 9-б.
  6. Лотман Ю.М. О поэтах и поэзии. – Санкт-Петербург, 1996. С.131.
  7. Кыргыз Руху, 1991, №11, 23-октябрь. /Китепте: Алтынай.
  8. Эралиев С. /Китепте: Китепте: Алтынай. Тандалмалар. Избранное: Iтом. – Б.: Бийиктик, 2003.16-б.
  9. Алтынай.Тандалмалар. Избранное: Iтом. – Б.:Бийиктик. 2003. – 512б. – Текст кырг.ж-а орус тилд.