Блог

Акын Бектуруш САЛГАМАНИ

«Өз адамга айланды өгөй адам, өз атама айланды өгөй атам…»   ӨГӨЙ АТА ТУУРАЛУУ БАЛЛАДА Атам өлүп, армандуу бир жыл өтүп, алыскы бир айылга бардык көчүп. Калды-Аталап! -үкөм ал үйдүн ээсин, кетти апам да ал жакка бачым көнүп. Өгөй адам – мугалим мектептеги, өтө момун, сөөк-саактуу бой, келбети. –Ата! – дешке наяти оозум барбай, арман артып өтөт күн кербендери. Алтыдамын. Катырамоюн жагын, аткарылат айтканым, оюмдагым. -Алып кетем!–деп атам келүүчүдөй, айыл жактын караймын жолун дайым. -Базарды бир айланып келели!–деп, берди сатып мага коозвелосипед. Койгон болчу өз атам алып бербей, какшап, ыйлап толугу менен…..

Акын Бурулкан Карагулова: “Поэзия мага Бурулкан Карагулова деген наам берди…”

Маектеш тууралуу маалымат: Бурулкан КАРАГУЛОВА – 1957-жылы 1-августта Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. 1994-жылдан Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Тун жыйнагы 1989-жылы чыккан. ”Кыял кемеси”, “Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”, ”Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, ”Селсаяк”, ”Токтогул көлү – көз жашым”, ”Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен”, ”Мен сүйүүнүн доктору”, “Көздөгү жалын”, “Билик”, “ЛИРИКАЛАР” ыр жана проза жыйнактарынын автору. – Адатта аялзатынын жан дүйнөсү үлбүрөк келип, өзүнө окшогон уяң, назик ырларды жазат эмеспи, а сиздин ырларыңыздан белгилүү бир алкактарга, ченемдерге сыйбаган ээнбаштык, эркектерге мүнөздүү эрк, кайрат, кайра тартпаган өжөрдүк, көктүк сезилип турат. Бул мүнөз, толугу менен…..

Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты

Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок. “Азаттык”

Чолпонбек Абыкеев: Билип жүр (Чоң атанын мектеби)

       Улууларды урматтоо – кичүүлөрдүн парзы Ызаат кылуу Кадыр чоң ата небереси Назардан сурап калды; Уулум ызаат кылуу деген сөздүн маанисине түшүнөсүңбү? Назар компьютерде ойноп жаткан оюнун токтото коюп кичинеге  ойлонуп туруп чынын айтты. Жок, чоң ата ызаат кылуу дегенди түшүнбөйт экенмин. Чоң атасы күрсүнүп койду да сөзүн салмактуу баштады. – Балам анда угуп ал. Кулагыңа күмүш сырга. Кыргыздын айрым сөздөрү улам заман өзгөргөн сайын унутулуп баратат. Сөз менен кошо элибиздин  наркы да, салты да унутулуп баратат. Эгер ушул бойдон  көңүл бурбай кете берсек анда улуттук өзгөчөлүгүбүздөн айрылып башка толугу менен…..

Акын Гулмира Рысбаеванын “Ырларым менин сырларым”аттуу кечеси өтөт

2-февраль саат  15.00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында акын Гулмира Рысбаеванын “Ырларым менин сырларым”аттуу чыгармачылык кечеси өтөт. Кечеде акындын ырлары окулуп, обондуу ырлары белгилүү ырчылардын аткаруусунда тартууланат.

Чолпон Орозалиева: Кумар (аңгеме)

Эртең боло турган жаш мугалимдердин сынагына даярданып, мектепте жан адам калбай калганына карабай өз аракетин тынымсыз көрүп аткан Гүлназдын оюн бир нерсе алагды кыла берди. Ал, көөдөнүнө батпай толуп-ташкан, качандыр бир кезде жактырган классташы жөнүндө көргөн акжолтой түшү эле. Ансыз да жүрөктө калган адамдын тагдыры, азыркы абалы ойлондуруп жүргөндө күтүүсүз жылт эткен жагымдуу учкун жан дүйнөсүнө батпай, кабарды токтоосуз ээсине жеткиргиси келди. Акыры бардык ишин таштады да, байкесине коңгуроо кылып, классташынын номурун сурады. – Алло, Бекзат, кандайсың? – Жакшы. Ким экен бул? – Мен, классташың Гүлназ. – Аа, – бир толугу менен…..

Нуржигит Кадырбеков: Калпак сыры

Үч кыз, бир уулу менен аялын таштап өзүнчө жашаганы айылга кетип калды.  Эмнеге анткени көп адам үчүн табышмак. Жубайы менен кер-мур айтышып катуу таарынышты бекен? Же айтылуу жазуучу Кубатбек Кердегейдин жолоюна түшүп каңылжарды жарган жытына мас боло магдырап барып конгон аарыны аягынан тартып андан ары өзүнө матырып кеткен жаңы сүзүлгөн балдай таттуу, бирок, түбү жок дүйнөнүн азгырыктарынан биротоло баш тартып, түйшүгүнө түкүрүп, кызыгына кол шилтеген кечилдей жалгыз баш жашоо кечирүүгө бел байлагандыр. Же эртели-кеч сүкүт чалып, зикир айтып, мындан ары рухун, акылын жана денесин толугу менен ибадатка арнаганы мемиреген тынчтыкка толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: ОЧОК (аңгеме)

«Атам, ой, атам, ой!» – Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты… Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта албай келе жатсам да бул жолу «аталап» түштүм. Биринчи жолу «аталаганымды» эми келбес жайга кеткен маркум атам укпай калды… Аңырайып ачык турган дарбазадан кирерим менен эле, жаштуу көзүм менен атам отурчу чарпаяны[1] карадым. Азыр толугу менен…..

Элдияр Элчибек: Биздин үй

Төбөдөгү шыптан куюлуп аккан жаандын суусу кире бериштеги цемент тепкичти жыртып бүткөн экен. Сыры кеткен каалганын жанында аял кишинин чоӊ бут кийими, андан ылдый кичинекей баланын эки бут кийими эки жакта жатат. Мен ичимен токтоно албай «Биздин үй!» – дедим, ырсыйып күлүп: ортоӊку тиштерим да түшүп калган жана күлгөнүмдө, ошол тиши жок кемтиктен ышкырык үн чыгып турат. Бул мага аябай жакса керек. Кудум эле ушул үйдү жакшы көргөндөй! – Сиз ошондо акыркы жолу келдиӊизби? – деди жана мени ушул жерге жеткирип келген айдоочу жигит. Аны башка кардарлар күтүп турса да, толугу менен…..

«АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫКПАЙТ…» же кыздар поэзиясынын табияты жөнүндө

Аялдар поэзиясы оор экенин, анын ичинде кыргыз аялдар поэзиясы андан да эки эсе оор экенин угуп, көрүп жүрөбүз. Себебин ар кайсы жоромолго тууралап коебуз. Филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын 2003-жылы жазган бул  макаласы көптөгөн суроого жооп берчүдөй.   Дегеле поэтикалык чыгарманы эркек же аял жаратканын айырмалоо ким үчүн маанилүү? Анткени, ыр окуп жаткан окурман эң ириде аны ким жазгандыгына эмес, андагы айтылып жаткан ойдун, туюнтулган маанайдын, сезимдин канчалык чындыкка, табигыйлыкка коошкондугуна, мурункуларга салыштырганда канчалык өз алдынча болгондугуна, эмнени айтайын дегенине көңүл бурат эмеспи. Ошол ырдан өзүнүн көңүл-көйүндөгү бугуп жаткан толугу менен…..