Чолпонбек Абыкеев: Билип жүр (Чоң атанын мектеби)

 

     Улууларды урматтоо – кичүүлөрдүн парзы

Ызаат кылуу

Кадыр чоң ата небереси Назардан сурап калды;

Уулум ызаат кылуу деген сөздүн маанисине түшүнөсүңбү?

Назар компьютерде ойноп жаткан оюнун токтото коюп кичинеге  ойлонуп туруп чынын айтты.

Жок, чоң ата ызаат кылуу дегенди түшүнбөйт экенмин.

Чоң атасы күрсүнүп койду да сөзүн салмактуу баштады.

– Балам анда угуп ал. Кулагыңа күмүш сырга. Кыргыздын айрым сөздөрү улам заман өзгөргөн сайын унутулуп баратат. Сөз менен кошо элибиздин  наркы да, салты да унутулуп баратат. Эгер ушул бойдон  көңүл бурбай кете берсек анда улуттук өзгөчөлүгүбүздөн айрылып башка элдерге сиңип кетебиз. Маселен сен автобуста  отуруп келатасың дейли. Аярламага токтогондо автобуска кары адам түштү. Эмне кылыш керек?

– А-а чоң ата аны билем. Ордумду бошотуп берем да… Назар мындай адепти билгенине кубана култуңдап койду.
– Туура уулум орун бошотуп бериш керек. Орун эле бошотуп бербестен эгер ал кары адамдын жүгү болсо түшүүгө жардамдашуу да керек. Ошондо азыркылардын тили менен айтканда маданияттуулугуңду көрсөткөн болосуң. Ал эми элибизде болсо мындай сый тээ атам замандан бери эле келаткан жөрөлгө. Аны улуу кичүүдөн ызаат кылуу деп коюшат. Ызаат кылган адам ыймандуу болот. Адам адам менен адам уулум. Жалаң эле карыларга эмес, жаш балалуу же боюнда бар ай күнүнө жеткен энелерге, али толук эс акылына кире элек жаш балдарга да жардам кылуудан аянбаш керек уулум.

– Чоң ата мен жардамдашайын десем алар тескери түшүнүп алсачы. Маселен азыр жардам берем деген шылтоо менен карылардын сумкаларын жула качкандар да болуп жатпайбы?

–  Аның да туура уулум. Ошондуктан алгач кичипейилдик кылып сурануу керек. Эгер сага ишенбей коркуп макул болбосо же муктаждыгы жок болсо ар адамдын өз эрки. Башкысы сен өз мамилеңди көрсөтө билдиң. Ал эми жанагыдай карылардын сумкаларын жула качкандар алар загинде ыйманы жок адепсиздер уулум.

Назар бүгүн чоң атасына буга чейин көп укпаган, “ызаат”-деген эле сөздү эмес “заги”, – деген да жаңы сөздү укту.

Чоң ата ызаат дегенге түшүнүп калдым. Ал эми “заги”, дегениңизге түшүнбөй жатам?

–  Заги – деген уулум тээ түбүнөн бери же жети атасынан да мурун ыймансыз жексур, начар тукумдан болгон деген сөз уулум. Заги таза адам жаман ишке уурулукка,алдамчылыкка, калпычылыкка барбайт. Кыргыз наркында уулум ар бир адам жеке эле керт башы үчүн эмес, өткөн ата бабасы, келечек тукуму, ал түгүл жалпы уруусу да үчүн жоопкер экенин билишкен. Ошондуктан кыргыздарда түрмө деген болгон эмес. Тартип бузгандарды жөн эле элден чыгарып коюшкан. Элден чыгуу деген өтө чоң жаза болгон.

Назар ойлонуп калды. “Элден чыгуу”- дегенге түшүнбөй турду. Элден кандайча чыгат. Канча ойлонсо да акылы жетпеди. Аргасыз суроого туура келди.

Чоң ата “Элден чыгуу”- дегениңизге түшүнбөдүм. Элден кандайча чыгат?

– А-а уулум мына ошол элден чыкканды билбей калгандыктан, “Эл эмне дейт” – деген сөздүн кадыры кеткендиктен бүгүн кыргыздар улуттук наркыбыздан алыстап баратпайбызбы. Бир кездердерде ар бир кыргыз “Эл журттан чыгып калбайын”-деген ызаат менен жашашкан. Демек жалпы элдин нарк салтына каршы иш жасаган эмес. Эгер жазаса “Элден безгир”- деп коюшкан. Андай адам менен эч ким мамиле түзбөй калган. Ошентип жалпы элден бөлүнүп калган. Жогоруда айттым го уулум, адам адам менен адамбыз деп.  Көчмөн турмушта элден бөлүнүп калып жашоо өткөзүү мүмкүн эмес болгон.

–  Азыр эми көчмөн турмуш эмес да чоң ата. Ар ким өзү менен өзү болуп жашай берет да…

–  Уулум андай эмес.Азыр деле адамдар бири бирибизге муктажбыз. Ойлочу жалгыз кантип жашайсың. Ал түгүл алдагы компьютериңдеги интернеттин аркы башында да бир адам отуруп алып ишти жөнгө салып жатат болбосо алдагының иштемек эмес. Демек адамдар бири бирине дайым муктаж.

Назар ойлонуп туруп “ Чын эле”- деди ичинен. – Адамдар дайыма бири- бирине муктаж да. Автобусту да бир адам айдагандыктан каалаган жагыңа барып жатасың… Чоң атамдыкы туура – деген жыйынтык чыгарды…

Ийбаа кылуу

Ийбаа кылуу- дегенге түшүнөсүңбү уулум?

Назар дагы сөзгө такалды. Ойлосо “ийбаа” – дегенге да анча көп түшүнө бербейт экен.

Чоң ата бул сөзүңүзгө да толук түшүнбөйт экенмин… чындыкты мойнуна алды.

Жогорудагы биз сөз кылган ызаат менен ийбаа кылуунун айырмасы бар. ийбаа бул  каяша айтпоо, орой болбоо, бирөлөр суроо берсе  жооп берүү сыяктуу мамиленин жөрөлгөсү. Ийбаалуу адам башкаларга орой мамиле кылбайт. Маселен сага бирөөлөр кайрылып суроо сураса эгер билсең кичипейилдик кылып  так туура жооп берүүгө аракеттенишиң керек. Билбесең жөн эле билбейт экенмин- деп коюшуң керек. Азыркы учурда айрым жаштар “ Мен сага сурап билүүчү бюро белем” – деп орой мамиле кылышат. Бул туура эмес уулум ийбаалуу адам антпейт.

Ызааттуу,ийбаалуу адам улуу кичүүгө бирдей мамиле кылат. Андай адам тарбиясы жакшы экендигин. Адеп ыймандуу экендигин көрсөтөт. Улуу болобу, кичүү болобу жөнү жок каяша айтуу тарбиясы, түшүнүгү жоктуктун белгиси. Эгер эл арасында өзүңдү алып жүрө албасаң анда “Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” болосуң. Демек сени эч ким сыйлабай калат. Сенден алыс болгонго аракеттенишет. Сени менен мамиле түзбөгөнгө аракеттенишет. Адамкерчилиги жок адамдын келечеги болбойт. Сөздү жөндүү, орду менен сүйлөй албай ар кимдин сөзүн жыра талашып, оюңа келгенди айта берсең  ийбааны билбейт тура. Теги начар неме го деп калышат. Ошентип өзүңө эле эмес ата тегиңе да сөз тийгизесиң.

Сылыктык жана кичи пейилдик

Эгер  уулум ызаат жан ийбаа кылууну билсең  элибиздин атам замандан берки келаткан касиеттүү сөздөрүнүн маани – маңызын түшүнсөң анда сен сылык- сыпа жана кичипейил да болосуң.

Салам берүүнүн жөрөлгөсү

Кичүүлөр дайыма улуу кишилерге салам берет. Эгер улуулар озунуп салам айтып жиберсе анда саламды алик алат. Эгер улуу кичүү болгон топ адамдар турган болсо анда  жалгыз келатканы жалпысына салам берет.

Аял кишилер, кыз балдар  бей тааныш эркек адамдарга салам бербейт. Жакшы тааныштары болсо анда жашына карата кичүүсү улуусуна салам бере берет. Эгер топ адамдар турса, арасында тааныш бир эле адамы болсо аял киши же кыз киши салам бербей эле өтүп кетет.

Аял киши же кыз киши өзү кол сунбаса кол алышып учурашуу оройлук болуп калат.

Кечирим суроо жана кечиримдүү болуу жөрөлгөсү

Адам  билбей же капилеттен шашып, түшүнбөй ар кандай туура эмес иштерди жасап алышы мүмкүн. Айрым учурда ачууга алдырып же маани бербей орой же туура эмес сүйлөп алган учурлар да болот. Мындайда адамдын көңүлү ооруп калат. Эгер учурунда аны жазып койбосоң ортодогу мамиле бузулуп да калышы мүмкүн. Ошондуктан кечирим суроодон тартынбоо керек.  Кечирим суроо да сылыктыкка кирет. Айрымдар кечирим сурасам басынып калам деп ойлошот. Чынында андай эмес. Эгер күнөөңдү билип туруп кечирим суроого кудретиң жетпесе анда маданиятсыздыгың, ызаатты билбегендигиң болуп эсептелет.

Эгер башкалар сага карата калпыс иш жасап алып кечирим сурап кетирген катачылыгын мойнуна алса анда  сен да кечиримдүү болгонду бил.  Кекчил болбош керек.

Уруксаат суроо жөрөлгөсү

Эгер бирөнүн буюмун маселен компьютерин убактылуу пайдалангың келсе алгач уруксат суроо керек. Эгер ээси убактылуу калтырып кетип жок болсо анда ээси келип уруксат бермейин ал буюмга тийбеш керек.

Уруксат сурабай бирөнүн бөлмөсүнө, кабинетке да киргенге болбойт. Маселен бирөнүн бөлмөсүнө же кабинетке кирээрде эшикти тыкылдатып анан ичкериден добуш чыкканда уруксат сурап кирүү керек.

Рахмат айтуу жөрөлгөсү

Кичипейилдиктин маданиятына рахмат айта билүү да кирет. Рахмат айтуу улуу кичүүгө бирдей мамиледе болот. Улуу адам болобу же кичүү адамбы сага карата сый мамиле жазаса, ишиңе жардамдашса, орун бошотуп берсе, жол бошотсо, анда сөзсүз рахмат айтуу керек. Рахмат айтпай басып кетүү бул маданиятсыздыгыңды көрсөтөт.

Жардамдаша билүү жөрөлгөсү

Адамдын маданияттуулугунун бир белгиси бул дайыма адамдарга жардамдаша билгени. Өзгөчө кары адамдарга жардам көрсөтө билүү керек. Маселен жолдон өтө албай турса өткөрүп, автобуска түшкөнү жатса жөлөп, буюмдарын көтөрүшүп түшүрүп дегендей. Жардамдаша билүүнүн түрү көп. Колдон келсе жана убактың болсо дайыма башкаларга жардамдашып турсаң кичипейилдигиңди жана  жакшы тарбия көргөнүңдү көрсөтөсүң.

                     Нарк- салттын жөрөлгөлөрү

Төр кимдики

Кадыр чоң ата адатынча Назар небересин жанына чакырып алды да суроо узатты.

–  Кыргыздарда төр анан улага деген түшүнүк бар уулум. Ушуга кандай түшүнөсүң?

Назар кичине ойлонуп турду да;

– Төргө түшүнөм ата. Ал үйгө киргендеги жогор жагы. Улагага түшүнбөйт экенмин деди күнөлүчө үнүн пас чыгарып.

–  Ууулум билип ал. Улага деп кире беришти айтат. Улаганын каршысы төр болот. Кыргыздардын башка элдерден айырмасы конок күткөндөбү же жөн эле бири биринин үйүнө кирип чыккандабы төр менен улаганы өз өзүнчө айырмалап ишарат кылган мамиле жөрөлгөсү бар.

–  Чоң ата үйгө келген  киши каалаган эле жерине отура берсе болбойбу?

– Болбойт уулум. Келген мейманды сөзсүз төргө өткөзүү керек. Кыргызда кайырчыны гана төргө өт дебейт. Калганын бүт төргө өт дейт. Ал түгүл душманы келсе да төрүнө өткөзүп сыйын көрсөтүп анан сүйлөшөт.

Чоң ата,  үйгө көп киши келип калса кимиси төргө өтөт?

Төрдүн да өз жөрөлгөсү бар уулум. Төргө жашына жараша отурат.  Төрдүн сый орду ортодон башталат.Эң улуусу төрдүн ортосуна отурат да жашка жараша эки жагына бөлүнүп отура беришет. Эгер  аял эркек аралаш болуп калса анда аялдар төр тарабынан босогону карап отурганда сол ыпта жагына ал эми босого тараптан төрдү караганда оң ыпта жагына жайгашат. Бул байыркы боз үйдө жашап жүргөн мезгилден калган. Боз үйдүн босогодон аттап киргениңде оң жагында дайыма чыгдан болгон. Ошондуктан аялдар оң ыптага чыгдан жагына отурушкан.

–  Чыгдан- деген эмне чоң ата?

–  Чыгдан деп бөз үйдүн ичиндеги тамак аш, идиш аяк, кыскасы ашканага керектүү буюм тейимдерди коюп анан аны калкалап тосуп койгон чийден токулган жылдырып ачып жабууга ылайыкташтырылган тосмону айтабыз.

Биздин ата бабаларыбыз көчмөн турмушта жашагандыктан нарк салтыбыздын көпчүлүгү ошол мезилден калып көчмөн турмушка ылайыкташкан.

– Бүгүнкү отурукташкан заманда төр босого деген сый жөрөлгөнү сактай берсек болобу чоң ата?

– Эмнеге болбойт. Элдик нарк салтты сактоо улуттук өзгөчөлүгүңдү сактагандыгың уулум.

–  Төргө улуулашып отуруш керектигин түшүндүм – деди Назар кубана.

–  Уулум ушул жерде толуктай турган дагы бир жагдай бар. Муну да эсиңден чыгарба. Маселен конок бөлмөдө жалаң жашы алтымыштан ашкан адамдар отурса. Ошол райондун акими да конокко келип калды. Жашы болсо болгону кырктарда. Кайда отурушу керек?

–   Жашы кичүү болгон соң эң этегине отурат да.

–   Жок уулум. Акимди жаш болсо да төрдөгү эң сыйлуу орунга отургузушат. Себеби  кыргызда “Жаш эмес жол улуу”- деген сөз бар. Анын мааниси мындай. Эл башкарып жүргөн адам улагага отуруп чай сунуп калса болбойт да. Ошондуктан эл башкарган кызматкерлердин орду төрдө болот. Ошондой эле элге аты чыккан атактуу акын жазуучулардын, окумуштуулардын, аалымдардын да орундары сый жерде болот. Анан алыстан келген коноктор, конок күткөн тараптын кайын журту, куда кудагыйлардын да жолу улуу болот. Айылдаштар алыстан келгендерден кийин отурушат.

Дасторкондогу сый жөрөлгө

– Дасторконго коноктор кыркалакей толук жайгашмайынча дасторкондогу даамга эч ким кол салбайт. Бул да биздин улутубуздун адеби.

–  Мен ачка болуп келсем. Анан коноктор толук качан отурат деп күтө беремби. Астымдагы ашты жей берсем болбойбу?

– Болбойт уулум. Эгер элден мурда кол салсаң ызаатты билбеген, адеби жок ыймансыз, ач өзөк тура- деп отургандар жаман көрүп калышат. Ачка болсоң да чыдашың керек. Бары толук отурган соң төрдөгү улуулардын бири бата тилеп тилек айтат да даамдан ооз тийет. Мына ошондон кийин каалашыңча  дасторкондогу даамдан жей берсең болот. Ошондо да ашыкча сукулдабаш керек. Өз астыңдагы гана даамдан алып бирөөнүн астына кол сунбашың керек.

          Колго суу куйуу шарты

–   Кыргыздар сый конокко сөзсүз беш бармак тартат. Бул улуттук тамак. Мына ошол беш бармак тартаарда дасторкондо отургандардын колуна суу куюлат. Азыр эми турмуш шартка жараша пало  тартып жиберген учурлар да бар.

– Эгер мен  ошол дасторконго отураарда колумду таза жууп келген болсом кайра жуубай эле койсом болобу?

– Жок уулум. Колуңду таза жууп келген болсоң да элге кошулуп кайра жуушуң абзел. Себеби колго суу куйган балага батаа тилек айтышың керек. Колго суу куйгандагы берилген бата тилек ыйык болот дешет элибизде.

Колго сууну ким кандай куят.

–  Колго сууну сөзсүз түрдө эркек балдар куюшу керек. Балдар болбосо жашка жараша чоң эркектер куят. Кыздарга, аял кишиге колго суу куйганга болбойт.  Сууну болсо оң жагынан баштап кыркалекей куят да тамак желип бүтүп дасторкон жыйылгандан кийин кайра  колго суу куюлат. Бул жолу сууну сол жагынан баштап куят. Тамак желгенден кийинки суу сөзсүз кол күйбөгүдөй денгээлде жылуу болуш керек. Себеби колдун майы жакшы кетсин деп ошондой суу куюлат. Суу муздак болсо  май колго тоңуп жакшы жуулбайт. Муну унутпаш керек.

    Устакан тартуу жөрөлгөсү

Кыргыздардын башка улуттардан өзгөчөлөнгөн дагы бир маданий жөрөлгөсү бул устакан тартуу болуп эсептелет. Устакан тартуу кыргыздарда өзгөчө тартипке ээ жана аны билбесең конок күткөндө уят болосуң же коногуңду таарынтып да алышың мүмкүн.

Устаканды туура тартууну билиш үчүн биринчи кезекте малдын жиликтеринин аттарын толук билип өңүнөн айрып таануу керек. Кой менен кара малдын устаканынын мааниси эки башка болуп эсептелет. Биринчи койдукунан баштайлы.

Койдун он эки жилиги бар. Булар, кар жилик (кол жилик) күң жилик.далы. Булар астынкы колдогу жиликтер. Экиден болгондо алты. Жамбаш,кашка жилик, жото жилик. Булар арткы буттагы жиликтер, экиден болгондо алты. Ошентип бары он эки.

Койдун этин казанга асаарда, казанга куюлган сууга биринчи каржиликти салат анан башты салат. Башты асаарда сөзсүз бүт тиштерин чагып коет. Тиши менен асууга болбойт. Жаактын да тиштерин чагып анан асат. Каржиликти биринчи салганынын себеби жарыкка биринчи кар жилик чыккандыктан улуу жилик деп аталат. Кар жиликти чакпайт. Кошок муунун ажыратпайт. Кар жилик бир чети ыйык жилик деп да аталат. Алыс жолго чыкканда кар жиликти жанына алып алышкан. Каржилик жанда жүрсө кырк жигит кошо жүргөндөй касиет берет деп коюшат. Ээн талаада уктап жатканда кар жиликти алып чыгып жерге сайып койсо таң аткыча кайтарып чыгат деген ырымы бар.

Астына ала айтаарыбыз койду сойгондо жана жиликтерге ажыратканда жиликтердин эттери бири- бириникине оошуп кетпегидей кылып сою керек. Эгер жиликтердин эттери оошуп кетсе конокту шылдыңдаганга барабар болгон. Бышырганда да этти эзилтип жибербей. Жиликтерден эт ажырап шылынбагыдай аяр бышыруу талап кылынат.

Устакан төрдө отурган карыдан жана сый коноктон башталып тартылат. Негизи төрдө эң сый адамдар отургандыктан төргө карап устаканды кандай тартуу керектигин билсе да болот. Баш менен кошо жамбашты эң улууга тартат. Улуу адам баштын урутунан (жумшак жеринен) кыя кесип ооз тийип туруп кайра ошол дасторкондо отурган эң кичүүгө берет. Башты тартаарда эгер жаманчылыкка тартылып жаткан болбосо баштын эч жерине тийбей бүтүн тартат. ( маркумду эскерүүгө, ашка, кара ашка сыяктуу) эгер жакшылыкка же жөн салды конокко тартылып жатса сөзсүз сол кулагын кесип алып, сол уруутунан кесип ооз тийип туруп тартат. Себеби кыргыздарда баш тартуу менен мамилени да билгизген учурлары болгон. Үй ээси баштын сол кулагын кесип алып баласына берип туруп тартканы, “Менин балам сизди угат. Сый мамилебиз укумдан тукумга улансын.” – деген ишараты. Башты алган адам да алгач оң кулагын кесип алып эгер жанында баласы болсо берет жок болсо өзү ооз тийет. Ал.” Мен сиздин мамилеге макулмун. Мамилебиз укумдан тукумга улансын.”- дегени. Андан кийин сол көзүн алат да “Көздөшүп жүрөлү”- деп үй ээси менен бөлүп жейт. Оң көзүн алып ошол дасторкондо көңүлү жакын адам менен бөлүшүп жейт. Бул да “Көздөшүп жүрөлү”  деген ишарат. Башты жалаң эркек адамдарга тартат. Аялга баш тартылбайт. Баш жеген эркек көздү аял менен бөлүшпөйт. Андай кылса уят иш болот.

Мындай ишараттар жеке конок күтүүдө аябай аяр салып колдонулган. Көпчүлүктүн коногун күтүүдө. (Тойдо, ашта сыяктуу) Башкача. Жогоруда кеп болгондой кары башты жашка берет. Жаш болсо баштын бардык этин майдалап туурап ошол дасторкондо отургандардын барына ооз тийгизет. Жеке конок күткөндөгүдөй кулагына көзүнө деп аяр маани берилбейт. Баш тартуу жөрөлгөсү жөнүндө кыргызда легендалар көп. Конок күтүүдө баш тартылгандан достор ажырашып душмандашып, душмандар достошуп мамиле уланган учурлар көп болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө да баш устаканына карата мамиле өзгөчө.

Экинчи сый жогоруда кеп болгондой жамбаш. Анан кар жилик. Кийинки мезгилдерде эле  жамбашты улуу деп бардык жерде тартып салтка айланып кетти. Болбосо биринчи каржилик улуу жилик болоор эле. Анан кашка жилик, жото жилик,далы болуп кетет.  андан кийин сырттуу кабыргалар деген бар. Чоң койдон алтыдан он эки кабырга чыгарылат. Ар бир кабырга көпчүлүк конокто өзүнчө устакан болуп кете берет. Жеке сый конок күтүүдө сыртуу кабрыгалар жогорку аталган жиликтерге бирден кошулуп тартылат. Андан кийинкилери мырза аркалар төртө, боконо аркалар алты (кара арка деп да аталат) булар да сый устакан катары кете берет. Жетим арка деген эки арка бар булар устаканга кошулуп тартылбайт. Кара кабырга жеке сый конок күтүүдө устакан катары тартылбайт. Көпчүлүктө жаштарга тартыла берет.

Кандай конок күтсөң да тартылбай турган да жиликтер бар. Булар күң жилик. Анан боконо арка. Төш. Моюн. “Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартып”- деген лаккап бар. Төш бир гана жагдайда устакан катары дасторконго коюлат. Эгер ошол үйдүн турмушка чыгып кеткен кызы конокко келсе. Ошондуктан кызды турмушка узатып жатканда; “Сөз ташыбай төш ташыган кыз бол”- деп узатышат. Төш турмушка кеткен кыз үчүн эң сый устакан. Башка учурда жогорудагы аталган жиликтер  сый дасторконго коюлбайт аны эт бышырып жүргөндөр казан башынан эле алып коюшат. Бул жиликтер эт бышыргандар үчүн.

Моюнду гана башкалар мүлжүгөнгө берилбейт. Сөзсүз үй ээси өзү же балдары мүлжүшү керек. Айрым бир учурда келген мейманды атайлап шылдың кылып басынтыш үчүн күң жилик тартылып уруш чыгып сый мамилелер бузулган жагдайлар болгон.

Куймулчак (куйрук) жалаң гана аял кишилерге тартылат. Сый дасторкондо кудагый тарап бар болсо сөзсүз ошол тарапка берилет. Кудагый тарап жок болсо анда улуулап ала берет.

Кой малынын ич этинен бир гана боору (эгер таза болсо) куйрук боор жасалып, (Куйрукка кошулуп) май чучугу менен бирге тартылат. Эгер куйругу жок кой болсо боор өзүнчө тартылбайт. Ич эт конокко тартылбайт.

Биз  кой малынын устакан тартуу жөрөлгөсүн айттык. Себеби кой малы кыргыздардын конок келген сайын сөзсүз союлган малы болгондуктан анын устаканын айра билүү жана туура тартууга өзгөчө этият мамиле жасалган.

Кара малдын устаканын тартуу жөрөлгөсү койдукунан айырмаланып турат. Кара малдын жиликтери сый конокко тартылбайт. Кара малдын эң сый устаканы мырза аркадан башталат.(Канат арка деп атап жүрүшөт) Анан боконо аркалар ( кара арка) бул конок күтүү сыйына жараша жеке конок күтүүдө бүтүн тартылса көпчүлүк конок күтүүдө ортосунан экиге бөлүнүп да тартылат. Сый баркы сакталып кала берет. Аркалардан кийин сый катары сырттуу кабыргалар кетет. Сырттуу кабыргалар малдын чоңдугуна жараша экиге көпчүлүктө үчкө да бөлүнүп тартыла берет. Анан  сый катары жамбашты экиге же үчкө бөлүп тартса болот. Калган жиликтерди майдалап бир нечеге бөлүп көпчүлүк конокто тарта берет. Сый конокто тартылбайт. Кара малдын жиликтери көпчүлүк конокто деле жашы улууларга, сыйлуу адамдарга тартылбайт.

Жылкы малынан уча чыгарылат. Бул эки жамбаштын бириккен жеринен койдун куймулчак куйругун чыгаргандай кылып өтө аяр чыгарган бөлүгү.  Уча өтө сый устакан. Аны өтө сыйлаган адамга тартат. Көпчүлүк конокто же жаманчылыктарда  учаны кудалар тараптан келгендерге тартышат. Же алыстан келген сыйлуу конокко тартат. Учаны  башка устакандарга кошпой өзүнчө алып келип тартат. Уча алган адам тарткан кишиге акчалай ырым берет. Жаманчылыктын коногунда (ашта,кара ашта сыяктуу) учаны албай таштап кетет. Башка учурда учаны алып кетет. Эгер ырымын бере албаса анда албай таштайт. Учаны алган адам жалгыз жебейт. Дасторкондо отургандарга бүт ооз тийгизет. Көпчүлүк конокто уча табак деп сый адамдарды өзүнчө бөлүп барып бир досторконго отуругузуп ичинен бирине уча тартылат. Бирок дасторконго отургузгандар он экиден ашпаш керек. Айрым учурда көбөйтүп жибермейлер бар ал уят. Кем болсо эч нерсе болбойт. Уча табакка аял киши чакырылбайт. Учаны аял кишиге тартпайт.

Жылкы малынан чучук, карта карын да сый конокто негизги тамак катары дасторконго коюлат. Уй малыныкынан  сарыжүрмө, бурта сый дасторконго коюлат.

Бата кылуу жөрөлгөсү

Кыргызда батага да өзгөчө маани берилет. Ошондуктан “Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” – деген кеп бар. Кыргыздарда баланча  жакшы адамдын батасы тийип иши оңолуп десе тескерисинче, баланчынын каргыш батасына калып иши жүрүшпөй деген да кептер бар.  Тамак желип бүтүп дасторкон жыйнамайга келгенде бата берилет. Жеке сый конок күтүлүп жаткан болсо үй ээси жубайы экөө келип бата сурайт же балдарынын бирине бата суратат. Андайда төрдө отурган сый адамдардын бири бата берет, Батада жакшы тилектер айтылат. Калгандары “Айтылгандар кабыл болсун”- деп бата кылышат. Көпчүлүк конокто болсо үй ээсин күтпөй деле дасторкон жыйнаган бата сурайт. Бирок бата конок күткөн үй ээсине арналып берилет. Жаманчылыкта болсо негизинен тамак арналган маркумга “жаткан жери жайлуу болсун” деген сыяктуу бата берилет да үй ээсине жакшылыктар тиленип “Кураныңар кабыл болсун. Мындан кийин жакшылыкта жолугушалы. Дасторконуңар мындан кийин жакшылыкка жайылсын”- деп аяктайт.

Эл арасында “Батакөй” аталгандар да бар. Андай адамдарды атайлап бала төрөлгөн тойго же дагы башка жакшылык тойлорго чакырып келип бата тилеткен учурлар бар. Алар батаны айрым учурда уйкаштырып ыр менен да айтышат.

              Нарк,  каада, салттар

Улутубуздун нарк, када, салттары миңдеген жылдар боюу элибиздин кан жанына сиңип жашоо турмушуна терең аралашып кеткендиктен жашоонун жазылбаган мыйзамына айланып калган жана алар бүт жашоо турмушубузда колдонулуп биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү кашайтып көрсөтүп турат.  Улуттук нарк,када, салт менен биз бүгүн деңиздей  терең  дайрадай кенен нарк, када, салтыбыздын ичинен наристе балдарга арналгандарын гана кеп кылмакпыз.

Ат коюу наркы

Наристе төрөлгөндө алгач ат коюу наркы бар. Ат коюу укугу негизинен ошол төрөлгөн баланын атасына берилген. Баланын атасы өзү ат койууга батынбаса эне атасына же чоң ата чоң энесине жакын досторуна ишенген адамдарына кайрылса болот.  Наристенин оң сол кулагына коюлган ат үч жолудан кыйкырып айтылат. Андан соң ошол жерде отургандарга жарыя айтылат. Атты наристеге жөн салды эле кое бербей аябай ойлонуп, тилек кылып кою керек. Себеби наристе өмүр бою ошол ат менен эл журтка каралашып жашайт. Заман оор болгон бир кездерде кедей кембагалдардын балдарына Койчуман, Уйчуман, деп ат кое беришкен. Айрым учурда балдар токтобой чарчай (өлө) берсе ырымдап, Күчүкпай, Итемер, Күлчыгар деген сыяктуу да аттар коюлган. Жалаң кыз төрөлө берсе Жаңыл, Бурул, сыяктуу аттар коюлган. Азыр заман башка медицина өсүп өнүктү. Жөн салды чарчаган наристелер жокко эсе. Ал түгүл кыз эркек төрөөнүн да жолдору аныкталууда демек наристеге ат коюуда  баа баркына назар салып коюу керек. Атты өз улутуңдун тилинде койгон туура. Айрым учурда башка тилден келген сөздөрдү түшүнбөй көйгөн жагдайлар бар. Мисалга Нурлан деген аттар көп. “Лан” –деген “чолок”- дегенди түшүндүрөт. Кемел дегендин кыргызчасы төө. Мындай мисалдарды көп келтирсе болот. Ошондуктан түшүнгөн өз тилиңде коюш керек.

Баланы бешикке бөлөө  каадасы

Кыргызда баланы  бешикти апкелип эле бөлөй салбастан атайын ырымын жасап андан кийин гана бөлөйт. Кошуна колоңдун, жакын туугандардын  жашы жогоруку кемпирлер келиндер чогулат. Алгач бала бөлөнө турган бешикти арча менен аласташат. Арча жок болсо чычала (курай же чыбык ) күйгүзүп деле аластай берет. Бешикти аластагандан кийин бешиктин бала жата турган төшөнчүсүн даярдайт. Аны олпок деп аташат. Олпогун жастыгын салгандан кийин кырк кесим (майда майда чакан кесилген) чүпүрөк (Жалаяк)даярдалат. Булардын бары жаңы матадан болот. Кырк жалаякты күлтүктүн төрт тарабына ондон санап салат. Ар бир кесим жалаякты салып жатканда; “Ата бабаңдын арбагы колдосун. Чоң энелериңдин арбагы колдосун. Умай энең колдосун. Ден соолугуң чың болсун. Өмүрүң узун болсун. Уйкуң тынч болсун. Жашооң бейпил болсун,”- деген тилектер айтылып турат. Бала бөлөгөнгө даяр болгондо бешикти бычак анан камчы менен дагы аластайт. “ Балабызды көзү жамандын көзүнөн сакта. Сөзү жамандын сөзүнөн сакта. Дубасы жамандын дубасынан сакта. Кусуру жамандын кусурунан сакта.Бөйдө кырсыктан сакта.”- деген сыяктуу тилектер айтылат. Анан бешиктин үстүнкү жабуусу жабылат да ошол жердеги тың кары кемпир бешикке минип; “Мен бешикти бербейм. Алып кетем. Алып кетем.”-деп темине бешикти алып качуучудай ишарат жасайт. Баланын энеси “Энекебай… энекебай  бешигимди таштап кет. Сизди ыраазы кылайын” – деп жалдырап сурана кемпирге жоолук салып, акчалай ырым же көйнөктүк мата берет. Анан тигил кемпир бешиктен түшөт. Башка кемпирлер; “Ой бешик байгеден соогат бер” –деп андан доолашат. Баланын энеси барына жоолук салып ырым кылат. Анан баланы жуунтуп туруп бөлөшөт. Жастыгынын астына бычак нан коюшат. Эркек баланыкына чакан жасалган камчы да коюшат. Бешиктин башына (үстүнкү билек жыгачына) таза тазаланып ар түрлүү боек менен боелгон, мүйүзүнүн түбүнөн тешилип жипке тизилген тогуз чүкөнү илишет. Баланы бөлөгөндөн кийин энеси баланы бешиктен эмизет. Кемпирлер “ Сал… сал…  балага сүтүң жагымдуу болсун…балага сүтүң майлуу болсун… Балаң ачыкпасын…”-деп баланын энесин жонун сылай ырымдашат. Ушундай ишараттар бүткөндөн кийин тойчукка атайын даярдалган тамак желет.

Баланы бешикке бөлөө ырымына  жалаң аялзаты катышат. Эркектер катышпайт. Тамакка отурганда гана баланын атасы же бир туугандары кошо отурушу мүмкүн. Болбосо негизинен бул жөрөлгөнү жалаң аялдар аткарат.

Баланын кыркын чыгаруу каадасы

Баланын төрөлгөнүнө кырк күн болгондон кийин наристенин кыркын чыгаруу каадасы аткарылган. Ал үчүн атайын бир таза идишке кырк кашык суу санап куюлат. Учурунда ар бир кашык суу кырк уруунун атынан аталып куюлчу экен. Маселен Бир кашыгы “Сарбагыш атасына кызмат кылсын,” десе экинчиси “Саяк атасына кызмат кылсын” – деп кыр урууну толук аташкан. Азыр кырк уруунун атын эч ким билбей калгандыктан “кыргызымыды бириктирген кырк уруу аталардын арбагына кызмат кылсын. Кырк уруу ата – бабаларыбыздын арбайлары наристени колдосун” – деген тилектер айтылып кырк кашык суу куюлат да анан ал идиштеги сууга жалпы тилек айтылат. “Наристебиздин өмүрү узун болсун, ден соолугу чың болсун, акылы зирек болсун, кырк уруу кыргыз элине ак кызмат кылсын. Ата Мекенине эли жерине тирек болсун. Эл керегине жарасын. Ата эненин уулу эмес элдин уулу болуп чоңойсун. Жараткан кудай таланттан куру койбосун. Наристебизди кут даарысын, ырыс жалгасын.Бардар, бай болсун. Коломтосунан оту өчпөсүн. Очогунан казаны түшпөсүн. Босогосунан ырыс куюлган ак жолтой болсун…” деген өңдүү. Анан ал суу баланы жуунта турган сууга кошулат. Баланы жуунтардын астында чачынан кырк кесим кайчыланат. Ар бир кескен сайын учурунда кырк уруунун атын аташкан да колдоп коргоорун, ошол урууларга арналып кесилип алынып атканын тилешкен. Азыр болсо “Эли жериң үчүн, ден соолугуңдун чын болушу үчүн” –деген сыыяктуу тилектер менен кайчылап коюшат. Кайчыланган чачты таза ак чүпүрөккө ороп бала эр эзеге жеткиче сактап коюу керек. Бала өзүнчө үйлөнүп жайланып бөлүнгөндө карын чачы кошо берилет. Андан ары сактайбы же ырымдап жерге көөм коебу аны чачтын ээси өзү билет.

Анан баланы таза жуунтат да бөлөп уктатып коет. Кыркы чыккандан кийин бала тынч уктап калат деген ырым бар.

Бир кездерде кырк курам болуп тигилген кийим да кийгизишчү. Азыр ал да жок.

     Чач алдыруу каадасы

Чач алдырууну көп учурда баланын кыркын чыгаруу менен алмаштырып алып жүрүшөт. Бул туура эмес. Баланын кыркын чыгарганда кайчы менен эле кырк кесим кыркылып алынат да толук устара менен кырылбайт. Баланын карын чачын алдыруу ырымы өзүнчө жүргүзүлөт. Баланын чачын адатта таятасына алпарып алдыртышат. Чач ала турган таятасына көйнөк сыяктуу чакан белек да ала барышат. Таята баланын маңдайкы чачын кыркып ырымдайт да. Балага жандык энчилейт. Козу, улак, кой, эчки, тай, торпок, болуп таятанын мүмкүнчүлүгүнө жараша кете берет. Баланын таятасына алпаруу шарты чыкпаса таякелери болот. Ал жактан да шарт чыкпаса анда чоң атасы же өздөрү сыйлаган кадырман адамдарга алдырса болот. Кандай болгондо да балага энчи берилиши керек. Баланын маңдай чачын кыркып ырымы  аткарылган соң устара менен толук таза кырылат.

Баланы отургузуу каадасы (чочок кесүү)

Баланы отургузуу каадасын кыргыздар атам замандан бери карманып келатышат. Муну ислам дини менен кошо келген дегендер жаңылышат. Ислам келе электе эле кыргыздар баланы отургузган жөрөлгөнү аткарышканы тууралуу айтылат. Буга далил Манасыбыз баш болгон бир нече эпосторубузда айтылат.

Баланы  жуп эмес так жашка чыкканда отургузат. Бул үч жаш же беш жаш. Андан кечиктирбеш керек. Ырымы ушундай. Бала отургузууга чакан тойчук өткөрүлүп өтө жакын адамдар чакырылат. Баланы атайын отургузуп жүргөн адамдар отургусат. Азыр догдурлар отургузуп калды. Балага арнап ал күнү атайын белек даярдалат. Илгери баланын көзүн таңып, колуна каржилик  карматып туруп отургузушкан. Азыр антпей калышты. Анын ордуна жакшы оюнчук алып беришет.

Баланы отургузуу туура экендигин медицина да кабыл алып колдоп келатат.

    Тушоо кесүү каадасы

Бала тамтуң басып аяк шилтеп калганда тушоо кесүү ырымын өткөрөт. Тушоо кесүүдө да чакан эле тойчук өткөзүлөт. Болгон айырмачылыгы наристенин тайке тай тарабы сөзсүз чакырылат. Тушоо кесүү үчүн ак жана кара жүндөн өз өзүнчө жип эшилет да экөөнү кошуп эшип туруп баланын бутун тушай байлап атасы кармап турат. Бул деген турмушта ак жана кара бирдей аралаш дегенди түшүндүрөт. Атайын жаңы бычак алынат же жакшы бычак даярдалат. Анан тестир балдар, (он эки жашка чейинки бир кылка балдар) жарышка чыгат. Биринчи келген балага тушоого байланган жипти кесүү укугу берилген. Ал жипти кесип жип кескен бычакты да өзү менен алып кетет. Ошондуктан жакшы бычак даярдалат. Анан биринчи жана экинчи келген бала наристени эки колунан жетелеп тамтаңдатып бастырып элди айлана чуркашат. Жарышка түшкөн балдардын баарына байге берилет. Өзгөчө биринчи экинчи келгендерге чоң байге сайылат. Наристенин тайке тайы өзүнчө байге саят. Эң артта калган балага буту байланган корооз карматкан ырымы да болгон. Корооз талпынып качып, тигил бала убара чегип күлкү жараткан. Бул да калып баратат. Жарышуу  тушо кесүү менен эле токтоп калбайт. Наристенин тушоосу кесилгенден кийин деле жашка жараша жарыш улана берет. Кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө. Ал түгүл тың кемпирлер, абышкалар да жарышкан учурлар бар. Барына байге берилет. Тушоо кесүү аябай шаңдуу каада.

Мааниси наристе  бала эми жерге өзү таянчыктап кадам таштап баса баштады,  өмүр боюу чалынбай жыгылбай шар базсын. Жашоо турмушунда да чалынып, жыгылган тоскоолдуктар болбосун. Кадамы шыр болсун биринчи келген күлүк баладай шамдагай, шайдоот болуп чоңойсун деген тилек.