«АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫКПАЙТ…» же кыздар поэзиясынын табияты жөнүндө

Аялдар поэзиясы оор экенин, анын ичинде кыргыз аялдар поэзиясы андан да эки эсе оор экенин угуп, көрүп жүрөбүз. Себебин ар кайсы жоромолго тууралап коебуз. Филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын 2003-жылы жазган бул  макаласы көптөгөн суроого жооп берчүдөй.

 

Дегеле поэтикалык чыгарманы эркек же аял жаратканын айырмалоо ким үчүн маанилүү? Анткени, ыр окуп жаткан окурман эң ириде аны ким жазгандыгына эмес, андагы айтылып жаткан ойдун, туюнтулган маанайдын, сезимдин канчалык чындыкка, табигыйлыкка коошкондугуна, мурункуларга салыштырганда канчалык өз алдынча болгондугуна, эмнени айтайын дегенине көңүл бурат эмеспи. Ошол ырдан өзүнүн көңүл-көйүндөгү бугуп жаткан ойлордун учугун таба алдыбы, жокпу, жазып жаткан адамдын окуп жаткан адамга ымаласы кандай – кеп ушунда го. Деген менен, акындын ырынын артында анын тагдыры жаткан соң, аны ким жазганын, айрыкча, кайсыл жыныстын өкүлү ким үчүн жаратканын аңдабай коюу анчейин катачылык болоор.

Арийне, кыргыз турмушунда аялдын ыр жазышы жалпысынан алганда кыргыз жазма адабияты алгач кадам койгон ХХ кылымдын кийинки төртүнчү-бешинчи он жылдыктарында гана башталат. Өздөрүнүн адамдык тагдырлары түздөн-түз элине эркиндиктин баш багышы менен тең катар башталган Нинакан, Нуркамал, Сатин, Тенти эжелерим аялдын ордун коломтонун жанынан, эри менен балдарынын кашынан көргөн элинин ичинен суурулуп чыгып, эл өз дастаны «Жаңыл Мырза» аркылуу биринчи ирет кыялый жасаган «бунтту» иш жүзүнө ашырып (гендер маселесинде), алгачкы карлыгачтар болушкан окшобойбу. Күнүмдүк көр тирликтин деңгээлинен аздап көтөрүлүп, билим алып, быягы Пишпектин тар көчөлөрүн артка таштап, бири Маскөөнү чабыттап (Н.Жетикашкаева), «акын» деген алгачкы наамга арзып «Алыбек алына жараша» жигиттер менен ат салышышкан.

Дүйнөлүк адабиятты мындай коелу, орус адабиятында Ахматовалардын атагы өлкөнү дүңгүрөтүп, поэзияда чыныгы кесипкөйлүктүн чокуларын багынтып жаткан учурда биздин эжелерибиз болгон «талантын» кошок менен чыгарып (ал тургай алгачкы профессионал акын Нуркамал эжебиз деле ырын окубай, ырдап айтчу экен), күлала болуп жүргөнүнө биздин коомдун маданий-социалдык шарты себеп. Ошондон улам кеч болсо да колуна калем алган акын кыздарына элибиз ыйбаа менен мамиле кылып, ийгилигин көкөлөтүп, кемчилигин кечирип келгенинин жөнү бар (эл деп эркектерди айтсак, алардын өздөрүнүн чамалары деле чакталуу болчу). Андай дейин десең, эркектерибиз кат-сабаты жоюла электе эле «+көй» менен «Алымканды» боздотуп, «Мөлмөлүмдү» сыздатып, көкүрөгүндөгү нерсени жашырбай-этпей эле ачыкка чыгарып келиптир. Демек, акын кыздардын кечигип эл алдына чыгышын жалгыз гана заман шарты менен түшүндүрүү аздык кылат. Мында этникалык менталитет менен адеп-ахлактын таасири эң чектөөчү фактор болгон (бул бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат). Албетте, бул Октябрь төңкөрүшүнөн кийин кыргыз аялы өзүнүн жан-дүйнөсүндөгүнү ачыкка алып чыккандыгы үчүн адеп-ахлагынан кол жууду дегендик эмес. Тескерисинче, алардын ырларынын негизги темасын деле Октябрдын жеңиши, Ленин, достук ж.б. түзгөн. Алар ырды аял, эне, жар болуп туруп, ошол эле учурда өздөрүнүн аял экендигин унутуп туруп жазышкан. Ошондон улам жазгандары өктөм, катуу, кайраттуу. Социалисттик реализмдин шартындагы алар баштаган жалган расмий феминизм – үстүрт түшүнүлгөн теңчилик ураанчылык (идеялык жактан алганда), одоно, тайыз плакаттуулук (көркөмдүк жагынан) 60-70-жылдардын чегинде сентиментализмге орун бошотуп, буга чейинки уланып келаткан адабий салтты башка нукка бурду.

Баланча бул штаттын бул провинциясынан эле деп сөз кылгыдай регионубуз кеңири болбогон соң, кыргыз акын кыздары же Чүйдөн, Талас, Көл, Ош, Нарындан чыгышат. Биринде тамеки, биринде пахта, экинчисинде алма-өрүк, башкасында мал чарбачылыгы күчтүү өнүккөн деген критерий гана бар экендигин эске албасак, аларды калеми аркылуу региондук жактан айырмалап турган артыкчылык жок. Кыргыз акын кыздарынын тагдыры дээрлик бири-бириникине жакын: белгилүү обончубуз айтмакчы, «кыргыздын ырлары айылда төрөлүп, шаардан өлөт». Бизде башка элдердегидей шаардык поэзия, айылдык поэзия дечү ачык ажырым болбогондугу ошондон. Ошон үчүн баарыбыз тоону ырдайбыз, айылды ырдайбыз, алыскы кайгылуу балалыкты ырдайбыз (акын болуштун негизги себепкери дагы ошол кайгылуулук). Акыркысына келсек, мен муну дээрлик көпчүлүк эжелеримден байкайм. «Сен айт сайын тигип берчү чыт көйнөк жибек көйнөк жарата алгыс кубанычты берчү эле» (6.32-б.), «Ким бирөөнү себепсиз жапакечтене сүйүүнү сенден үйрөнгөм» (6.32-б.), «Мен аркылуу адамдарга өтүп турган ымаланын булагы сен элең» (6.32-б.) деген чоң энеге айтылган ой жоромолдорду жаным кейип окуган менен, дал ошонун өзүн өзүмдүн жан-дүйнөмдөгү «багаждан» да көрүп тургам. Ырас, акындардын көбү чоң эненин колунда, же садохинчесинен айтканда, «кеңири үй-бүлөдө» – жакын туугандардын колунда өсүшөт. Тарбиячысынын колунда чоңойгон Пушкиндин жүрөгүндө кандай күйүт болсо, өз эне менен атага болгон кусалык, таарыныч, жек көрүү эртедир-кечтир ыр болуп чыкпай турганына ким кепил? Атактуу Цветаева апасына жыйылган таарынычын о кийин гана «Апа» деген очеркинде жазып отурбайбы. Же Кафканын «Атама кат» деген чыгармасындагыларды анын жазуучу болушуна себепкер болгон бала кезги кайгы-муңдун чагылдырылышы дешке болот. «Эң акыркы автобустан түшөм да, Иңир басып жаткан кезде көчөңдү, Кайрылгыстай, кайрымсыздык үшүткөн, бейтааныштай, белгисиздей өтөм мен» (1.5-6-бб.) деген мыкты саптардын авторун үшүткөн кайрымсыздык кайсы?

«Бактылуу кишилер ыр жазбайт» дешет. Андай болсо, ыр жазгандын бардыгы бактысызбы? Эгер бактысыз болсо, ошол бактысыздыкка капыстан кабылышабы же атайылап баш байлашабы? Поэзия – бул тагдырбы же тандообу? Мен «ыр» деп учуп-күйүп жүргөнүмдө, «гений боло албаган соң жазбай эле коюш керек» деген кесе сөз уккам. Абдаарып, «гений болот элем…» дейин десем, «аялдан гений чыккан эмес» деген андан да катуу сөздү айтышкан. Олку-солку болуп, эки айрылыш мындай жолдо ар бир эле жаңы жазып баштаган калемгер калат болуш керек. «…Буюрса мен бир жакшы акын болом,  Миңдердин жүрөгүнө жакын болом. Болбосо опур-топур бүлө күтүп, Буюрган да бирөөнө катын болом – деп жазып, Гүлзада досум (Станалиева) мындай нерседен кабарсыз университетте экенибизде бир сенсация жасады эле. А көрсө «чымыны бар» аялдын бактысыздыгы анысынан да жок, мунусунан да жок, ара жолдо калганында окшойт го. Орустун виртуалдык сынчысы Яна Пенкина: «Чен-өлчөмдөн чыккан ар бир аял – бул ийгиликсиз тукум» (8) – деп баалайт.

«Акын болуу – тынбай эле отуруп алып жаза берүү» деп түшүнгөндөр өздөрүнүн «таза» акындыгын «сактап», турмуштун майда кубаныч-кайгыларынан кур калгандай, ошол майда түйшүк жана азаптануу менен ыракаттануу жарата турган чыныгы ырлардын кайра кабинеттеги «акынга» кайтып келиши да кыйын окшойт.

«Эркектер аялдар жөнүндө жазышат, аялдар болсо өздөрү жөнүндө жазышат, ал эми эркектер жөнүндө жазган эч ким жок» деп нааразы болгондор бар. Буга себеп деп аялдар субьект катары, өзү жазган тексттин кожоюну жана демилгечиси катары али адабий айдыңдан көрүнө электигин, ал тургай аял-жазуучунун адабий горизонтто пайда боло электигин айтышат (Мария Завьялова, орустун лингвист котормочусу (4). Бул жагдайда соцреализм учурундагы чыгармаларды сындоо ашепке болбос. А бирок ымандай сыр менен агынан төгүлгөн агедил ойлор камтылган 60-70-жылдардан берки акын кыздардын интимдүү ырларына сын айтуу кыйын. «Сени менен буюрбаган бакытты, Башка менен эрдим тиштеп ууртабайм» (10) – деп жигиттерге бүтүндөй тагдырлар арналган. «Мейли тагдыр өз жолунан тайбасын, Мезгил иргейт мендеги чын-жалганды. Өзүмдөгү бир утуш деп билемин, Өзүңө арнап бир ыр жазып алганды» (10.12-б.) же «Жароокер бир толкун болуп Жакшылыкка ынанткан, Түшкүм келет мен да кээде эсиңе» (7. 73-б.) деген мыкты ырлардын күнөөкөрү ким? «Самые лучшие стихи получаются не от самой лучшей любви». Анан кандай гана тематикада жазылган ыр болбосун, кайсыл акында болбосун, ошолордун ичинен акындын «дүйнөнү кабылдоосун, чындыкты таануусун, таанып гана тим болбостон аны иретке келтирүүсүн, ал тууралуу адеп-ахлактык тыянак чыгаруусун, адилет актап же жазалоо принцибинин негизинде бүтүндөй социумду тартипке салуусун» махабат лирикасы аныктайт. Акындын кандай акын экендигин эң ириде ошол ырлар айгинелейт (Бул Тютчев менен К.Бакировду жокко чыгаруу эмес –табиятты ырдаган экөө тең мыкты акындар).

Сүйүү ырлары эки өңүттө жазылат. Аргасыздыктан жана ал темада жазып көрүүгө чындап аракеттенгендиктен. Жакшы жазылса экөө тең жакшы. Айырмасы ушул – тагдырдын ырларын жүрөгүңдү жүк басып олтуруп окуйсуң. (Мен үчүн айрыкча С.Акматбекова менен Р.Карагулованын, Ш.Келдибекова менен А.Узакованын ырлары ошондой). Ошол оордукту окурмандын көтөрүшүнүн өзү кыйын. Андай ырларды турмуш-тагдыры жагынан телегейи тегиз адамдар гана окуса жарашат, акын кыздардын аялуу абалын чыдап ар ким эле окуй албайт. Бул өңүттө эркек акындар жолдуу. Алар табиятынан өжөр, батыл, ошого жараша жолдуу да болгондуктан, ырлары дагы жүрөктөргө жеңил жетип, жеңил окулат. Алар турмуш менен тагдырдын жоготуусун оңой толукташат. Ошондуктан ырларындагы кайгы – айыкчу илдет. Аялдар поэзиясынын оор, эркектер поэзиясынын жеңил кабылданышынын себеби, эркек акын-жазуучулардын чыгармачылыкта аялзатынын дагы дүйнө туюмун белгилүү деңгээлде туура чагылдыра билгендигинде. Ал эми аялдар биологиялык жактан алсыз болгон себептүү, чыгармачылыкта дагы эркектин ордун толтура алышпайт, башкача айтканда аялча гана жазышат жана башкалар тараптан аялча кабылданышат. (Мында алар гармонияны, башкача айтканда ырдагы бир кезги элдик чыгармачылыктагыдай мелодиканы сактайбы, сактабайбы, уйкаш жазабы, уйкашсызбы, ал башка маселе).

Кандай гана жазышпасын, ыр үчүн белсенип чыккан ар бир кыздын аракетин мен эрдик деп эсептейм. «Ар бир адам эң эле жок дегенде жылына бир жолу гений боло алат» (5.11-б.) – деп Лихтенберг түшүнгөндөй, алардын жолунда да жанчу шоола бардыр. Кааласа тоого, кааласа түзгө кетип,  «бала багам», «казан-аяк жууйм», «төрөйм» менен иштери жок, кылчусун кылып, кудай тарабынан да, табият тарабынан да ченебей эркелетилген эркектердин бүткүл ушул улуу бактысынын жанында алардын ыр жазып койгону аялдын төрөтүнө чендээр. А кыздардын жөнү башка. «Эл эмне дейт, минтип жазбай эле койбойсуңбу, сени кыз дейт» деп үй-бүлөдө айтылган улуттук адеп-ахлак о көпкө коштойт. Ан үчүн көзүң көр, кулагың керең болуу керек (поэзиядагы чопо үйүңдү куруп алган соң баш бербей каласың). Ал аз келгенсип адабиятка жаңы кадам койгон акын кыздарга эркектер акын катарында эмес, ургаачы катары карашат. Кыздардын көбүнесе 30-40тын кырынан ары жазбай калыштарына айланасындагы күбүр-шыбыр сөздөр менен айыңдар себеп болот. Басынып, чүнчүгөн байкуштар эптеп көздөн оолак болууга аракеттенишет. Жазбай калуу, же аз жазуунун да бир себебин аялдын өзүндөгү жүзөгө ашпай калган поэтикалык жаратман потенциалды энелик табиятын ачуу (бала төрөө) аркылуу компенсациялаганы менен түшүндүрсө болот. Мунун тескерисинче, психоаналитиктер (Фрейд, Юнг) чыгармачылыктын өзүн адамдагы баштапкы, табигый муктаждыктар, мүдөөлөр канааттандырылбай, жасалма жолго бурулушу (сублимацияланышы) деп түшүндүрүшөт.

Ырас, бул жагдайда билим, дүйнөтааным тууралуу эске албай коюу туура эмес. Мен терең урматтаган сынчы-публицист Советбек Байгазиев адабияттагы мещанчылык тууралуу 80-жылдары эле баса көрсөткөн. Автор: «…Ошентип бир кезде бурулуш жасайм деп, көбүрүп-жабырган романтигибиз отуздан оогондо өзүнүн гений эмес экендигин, катардагы эле анча-мынча сокур чымыны бар, жөнөкөй пенденин бири экендигин… сезип, акырын абайлап жашап калат» (3. 93-94-бб.) – деп таамай белгилейт. Бул өңүттө акындын калемин байыткан, дүйнөнү көрүү горизонтун кеңейткен котормо болот окшойт. Чыгармачылыктын бул түрү менен кыргыздын айрым гана акын кыздары түйшүктөнгөн. Ал эми кыздардын акын болушуна билдирген Салижан агайдын айтылуу оюн тээ кичинемде бир аз түкшүмөлдөгөнсүгөм, ал пикирди андан бери өзгөртсө Сагын эже өзгөртө алгандыр (белгилүү сынчыбыз бул жагдайдагы сырын азырынча чыгара элек).

Жогоруда айтылган махабат темасына келсек, өздөрүнүн предметине биологиялык көз караштын призмасынан туруп назар салган 80-90-жылдардын чегинде эки акын болду: «Мен сага талгакмын… Башкага орозомун. Орозомдун өзүң ач келип оозун…» (9. 4-б.) же «Чабак ургун менин денемде, От алуудан менден эринбе» (9. 4-б.). Бул интимдүү лирика акындын «Сүйө билбөө өзү чоң күнөө, Сүйгөн жандын баары таптаза» (9. 4-б.)  деген жакшы саптары менен жыйынтыкталат. Экинчисинде (Б.Карагуловада) дагы ушул маанайдагы ийгиликтүү чыккан саптар бар. Бир карасаң  бул – орой, бейадеп, болгондо да ачык түрдө аял киши айтып чыкчу нерсе эмес. Бирок, айтылышы керек экен, айтылды. Ал эми мындай ырды эмне үчүн дал ушул акындар айтты? Өз мезгили гана эмес, бүтүндөй эки муундун шыбагасы өздөрүнө тийип, 50-жылдардын ырдалбай калган (же аз ырдалган) ырлары үчүн 60-70-жылдардын добушун эки эселеп арттырган акын кыздар өздөрүнүн бүткүл жаңылык, «бунтунун» алкагында эмне үчүн аталган тема менен маанайды көз жаздымда калтырышты? Ар бир көркөм чыгарманын жаралыш себеби болот десек, 60-70-жылдардын эркектери андай чыгармаларга себеп боло алышкан жокпу? Менимче, «кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» болуп, мында жазып жаткан кыздардын гана эмес, ошол доордун эркектеринин дагы этикасы роль ойносо керек. Же туурап, үйрөнүп, өзү менен өзү ичтен кайнаган 80-90-жылдардын акын кыздары нымтыраган тынчтыктагы, андан дагы эч кандай тышкы жаңы маалыматсыз-абасыз вакуумдагы бугун дал ушинтип чыгардыбы?

Сыртынан назик, бирок ичинен карама-каршылыктуу, эрки бекем гана кыздар ыр жазат (андан дагы бүгүнкүдөй заманда). Аялдан гений чыкпашы мүмкүн, бирок кыргыз поэзиясында:

«Күлгүн нурун тегиз чачкан дүйнөгө

Күн да кээде булуттанат турбайбы.

Пенде болсок бул дүйнөгө бир келген,

Болот жашоо бирде кубаныч, бир кайгы.

 

Жалкып, мокоп, батса башың капага,

Эмне кыска? Өмүр эмес, эс кыска.

Алтоо болуп жаралсаң да атадан

Ар жалгыздык башта турган турмушта» (2.75-б.)

– деп аял акын жараткан гениалдуу ырды башкалардын жаза коюшу кыйын. Жалган классицизмди жанына жуутпай, сентиментализм менен романтизмдин мыкты жактарын терең өздөштүрүп, акыры реализмдин чыныгы бийиктигине жеткен акындын ырларында сезимди теңдештирүү, оор басырык, закым сыяктуу кыялый эмес татаал элестер, философиялык туюмдар, мазмундук, идеялык сыйымдуулук кандайча орун алып келаткандыгын, ошол ийгиликке биз жана башкалар кандай себептен жетпей, бирок аракет кылып келаткандыгыбыз, дегеле кыздар поэзиясынын кечээгиси менен бүгүнкүсү тууралуу, «Айтматовдун айымдары» аркылуу белгилүү журналист Ж Жанызак бир аз оройураак, бирок алгач ирет батыл баштагандай, жеке тагдырлар, генийлик жана ыр табияты тууралуу кең-кесири сөз кылчу күн али алдыда деп ойлойм.

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Акматбекова С. Терезедеги жарык. – Ф.: Мектеп. 1984.
  2. Акматбекова С. Күүгүмдөгү күү. – Б.: Кыргызстан. 1998.
  3. Байгазиев С. Жаңы мүнөздөр, жаңы конфликттер. – Ф.: Кыргызстан. 1980.
  4. Завьялова М. Современная женская литература: поиски традиций и новых языков. Сайт exlibris.ng.ru.
  5. Гончаренко Н.В. Гений в искусстве и науке. – М.: Искусство. 1991.
  6. Карагулова Р. Жолдо. – Ф.: Кыргызстан. 1985.
  7. Карагулова Р. Тынчы жок талаа. – Ф.: Кыргызстан. 1988.
  8. Пенкина Я. «Женская» поэзия Арт-ЛИТО. Сайт art-lito.spb.ru
  9. Тураева М. Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң. 1996.
  10. Узакова А. Түнкү асман. – Б.: Кыргызстан. 1997.