Чолпон Орозалиева: Кумар (аңгеме)

Эртең боло турган жаш мугалимдердин сынагына даярданып, мектепте жан адам калбай калганына карабай өз аракетин тынымсыз көрүп аткан Гүлназдын оюн бир нерсе алагды кыла берди. Ал, көөдөнүнө батпай толуп-ташкан, качандыр бир кезде жактырган классташы жөнүндө көргөн акжолтой түшү эле. Ансыз да жүрөктө калган адамдын тагдыры, азыркы абалы ойлондуруп жүргөндө күтүүсүз жылт эткен жагымдуу учкун жан дүйнөсүнө батпай, кабарды токтоосуз ээсине жеткиргиси келди. Акыры бардык ишин таштады да, байкесине коңгуроо кылып, классташынын номурун сурады. – Алло, Бекзат, кандайсың? – Жакшы. Ким экен бул? – Мен, классташың Гүлназ. – Аа, – бир толугу менен…..