Нуржигит Кадырбеков: Калпак сыры

Үч кыз, бир уулу менен аялын таштап өзүнчө жашаганы айылга кетип калды.  Эмнеге анткени көп адам үчүн табышмак. Жубайы менен кер-мур айтышып катуу таарынышты бекен? Же айтылуу жазуучу Кубатбек Кердегейдин жолоюна түшүп каңылжарды жарган жытына мас боло магдырап барып конгон аарыны аягынан тартып андан ары өзүнө матырып кеткен жаңы сүзүлгөн балдай таттуу, бирок, түбү жок дүйнөнүн азгырыктарынан биротоло баш тартып, түйшүгүнө түкүрүп, кызыгына кол шилтеген кечилдей жалгыз баш жашоо кечирүүгө бел байлагандыр. Же эртели-кеч сүкүт чалып, зикир айтып, мындан ары рухун, акылын жана денесин толугу менен ибадатка арнаганы мемиреген тынчтыкка толугу менен…..