Нуржигит Кадырбеков: Калпак сыры

Үч кыз, бир уулу менен аялын таштап өзүнчө жашаганы айылга кетип калды.  Эмнеге анткени көп адам үчүн табышмак. Жубайы менен кер-мур айтышып катуу таарынышты бекен? Же айтылуу жазуучу Кубатбек Кердегейдин жолоюна түшүп каңылжарды жарган жытына мас боло магдырап барып конгон аарыны аягынан тартып андан ары өзүнө матырып кеткен жаңы сүзүлгөн балдай таттуу, бирок, түбү жок дүйнөнүн азгырыктарынан биротоло баш тартып, түйшүгүнө түкүрүп, кызыгына кол шилтеген кечилдей жалгыз баш жашоо кечирүүгө бел байлагандыр. Же эртели-кеч сүкүт чалып, зикир айтып, мындан ары рухун, акылын жана денесин толугу менен ибадатка арнаганы мемиреген тынчтыкка муктаж болгондур… Ким билсин, айтор, дос-туугандардын үй-бүлөңө кайтып кел деген кеп-кеңештерин тек гана кулак сыртынан кетирди. Ал тургай аялы өзү барып, алды-артына түшүп бөйпөлөктөп, жалбара суранса да көшөрүп болбой койду.

– Мындан ары келбей эле кой. Балдар да келбесин, – деди алып кетүүгө  кылган аракети көр чычкан казган ийинге шурулдаган бойдон агып кирип кеткен пайнаптай текке кетип, айласы алты түгөнүп кайтып бара жаткан жубайына бурк эте…

Албетте, бул окуя ынтымагы бекем, ырыскысы берекелүү үй-бүлөгө өтө күтүүсүз жана катуу тийген муштай болду. Жылан чакпай, жылкы теппей туруп, ортодогу ошончо мотурайган балдарга да карабай күйөөсүнүн өз алдынча жашаганы бөлүнүп кетиши аялга аброй алып келбеши айдан ачык. Демейде, ажыдаардай оозунан от, мурдунан түтүн бүрккөн ажаан ургаачылардын жубайлары ошентип куттуу очогунан безе качышы мүмкүн эмеспи. Деген менен Робинзон Крузонун жашоосун тандаган бул кишинин аялы ак көрпө жайыл, күйөөгө күйүмдүү, бүлөөгө бүйрө, колу ачык, маанайы жарык, ак жолтой, мээнеткеч жан. Акылга салсаң эри андан ат менен тартып, күч менен түртсөң да кетмек эмес. Анда эмне болду экен? Баарына табышмак.

Табышмак болгону курусун, бул окуя аялдын шагын аябай сындырды. Күйөөсү болуп-толуп, көөп турган жаш убагында дагы бир жалмаңдаган сулуунун торуна түшүп ээрчип кетсе, же алтымыш ашканда байлыгы ашып-ташкандыктан кутуруп жашыраак перизатка тор ыргытса эл деле түшүнмөк. Напсиге алдырды же дөөлөтүн көтөрө албады деп айыптап, күбүр-күбүр сөз кылып бир күнү тынчымак. Бирок, өп-чап турмушта болсо да минтип жыйырма жылга чукул сен-мен деп сереңдешпей, жүрөк оорутпай, көңүл муздатпай, сый-урматта, сыпайы жашап келген өмүрлүк жарынын кырктын кырынан оогон өмүр ортонунда карс деп сынган морт бутактай, тарс деп үзүлгөн аркандай күтүүсүз кылыгына, чечекейди чеч кылган чечимине эч ким түшүнө албады. Ошондуктан, балээнин баары сенде дегенсип артынан жаман шек-күмөн менен кыйшак тиктечүлөр көбөйүп баратканын аял алдыртпай сезип, туюп жатты.

Балдарга кыйын болду. Кичинекей үч кызы акыл калчап аны-муну түшүнгүдөй боло элек. Бирок, бардыгы атасына ушунчалык жакын болгондуктан, атасы кеткенден тартып көздөрүндө кусанын оту албырып, маанайлары суз. Өзгөчө кичинеси “Атам кана? Качан келет?” деген суроолору менен үйдөгү ансыз да буулугуп-буюккан маанайды андан бетер тумандатат. Аял өзү түшүнбөгөн жагдайды аларга кантип түшүндүрөт? Атаң таштап кетти дейби? Же бизден чарчап качты дейби? Ошону менен балдары кусадан кутулуп, санаадан арылса мейли эле, антпейт да. Жообу жок соболдор анден бетер көбөйөт. Кыжалатчылык ого бетер артат. Балдардын жан дүйнөсү жабыркап, назик жүрөктөрү жаракаттанаары өзүнчө эбегейсиз көйгөй…

Бул талак айтылбаган ажырашуудан экөөнүн балакат курактан өтүп ак менен караны, ачуу менен таттууну аз да болсо айырмалаганга акыл дарамети жетип калган эң улуу жалгыз уулу катуу азаптанды. Дээринен унчукпай ичтен сызма мүнөзү бар неме эч кимге айтпай купуя кичирди, өксүдү, капаланды. Тирүү туруп таштаган ата үчүн уялып азап тарткандан көрө, тарых китебинен окуган Сталиндин убагында эл душманы  аталып атылган адамдардын биринин баласы болсо өзүн мынчалык осол сезмек эмес. Өлгөн жандан айла жок үмүт үзөсүң, түңүлөсүң. Саясатың кургур акыйкатты темирдей ийип, теридей ийлеп, самандай өрттөп туруп акты кара, адалды арам, жакшыны жаман деп кулактарга куюп, жүрөктөргө жүгүртүп адамзатты түгөл бойдон ынандырып койгон күндө да, акылман кыргыз көзү өткөн кишини жамандабайт.  Гөрүндө тынч жатсын үчүн эстесе “жакшы адам болчу” деп тек гана жагымдуу сөздөр менен эстеп, тил учунан болсо да “бейиши болсун” деп рухуна ак тилегин багыштайт. А бул дүйнөдө алты саны аман туруп караанын ката качып кеткен жандын жагдайы такыр башкача экен. Артынан ушак уңулдап, жалаа жаңырып, жалган-чыны аралаш жагымсыз сөздөр жамгырдай жаап, канча адамдардын күнөөгө батышына, канча көңүлдөрдүн иренжишине, маанайлардын чөгүшүнө, жүрөк-жүлүндөрдүн сыздап оорушуна, жан дүйнөлөрдүн жабыркашына, абийир-намыстын телпектей тепселишине, ичти иритер шек-күмөндөрдүн жөргөмүштүкүндөй торуна оңойлук менен кутулгус болуп илинүүсүнө  себеп болот экен. Баарынан да башка аял алып алган окшойт деген божомолдордун чет-шыбыртын уккан күн балага тим эле Нагасакиге түшкөн атом бомбасындай оор тийди, алаамат туюлду…

Деген менен ата деген ата да, анын караанына, жамалына, амалына, жытына куса болбогон уул же кыз чанда эле чыгар. Бала да атасын сагынганда барып жолуккусу келип жүрдү, бирок, антүүгө апасы тыюу салган. Эмнеге тыюу салганын ким билсин, балким, атасынын башка бүлө күткөнү чындыктыр… Тыюу болбогон күндө деле өз ыктыяры менен туугандыктан кол үзгөн жанга жагалданып баргандан пайда не? Жеме угуп, кагуу жеп, ансыз да муздап бараткан көңүлү эч качан ээрибес түштүк уюлдун муздарындай тоңуп кайтарын туйгу-сезими айтып турду…

Бала күн сайын кечке маал автовакзалга келип, Ылай-Талаадан каттачу акыркы автобусту күтөт. Ушул уңулдаган эски сары автобус колдонулчу убакты-сааты бүтөрүнө аз калган унаа эмес эле атасын ала келчү ак жолтой периште көрүнүп, өспүрүмдүн үзүлбөгөн үмүтүнө айланды. Ала кеткен бир сумке кийимин көтөрүп кадимкисиндей жаркылдап бир күнү ичинен атасы чыга келчүдөй сезиле берет. Бирок, кудум эле асмандагы күн сыяктуу улам келип, улам кетчү автобустан бели бекчейген кемпирлер, ак сакалы жайкалган абышкалар, суйкайган сулуулар, жигердүү жигиттер, мотурайган бөбөктөр, таяк таянган сыркоолор, ылжыган мастар, галстук тагынып, костюм-шым кийе чыкчырылган тың чыкмалар, жайдаңдап күлгөндөр, кабагын түйгөндөр, ал тургай козу, улак жетелегендер, айтор кимдер гана чубуруп чыкпайт, бирок, эзиле эңсеп, күйүгө күткөн аскар зоодой атасынын балпайган карааны көрүнбөдү. Эң акыркы адам түшүп, айдоочу чыйылдата от алдырып, артынан түтүнүн бурулдата бош автобусту буруп баратканда да, капилет токтоп атасы чыга калчудай үмүттө артынан санаа жана куса толгон каректери менен бир топко чейин узатып, анан гана үмүтү эртең кечке чейин кайра жагылбачу шамдай жалп өчүп, башын шылкыйта басып кетер эле…

Атасы ошол бойдон кайрылган жок. Ата менен кошо кеткен бакыт-таалайдын илеби да андан кийин сезилбеди. Атанын жашоодо эч ким аткара албас ролу, эч ким толтура албас орду, эч ким алмаштыра албас таасири болоруна бала биротоло ынанды…

Ырыскы атанын же күйөөнүн чөнтөгүндө болбогон соң, турмуш, тирүүлүк деген улана берет экен. Канча кыйынчылыктарды баштан кечирген жылдар артта калып, баягы чиедей төрт бала да жетилди. Көбүнесе таятасынын таалимин алып, таасирине сугарылган жалгыз уулу Кудай жалгап мыкты чыкты. Кең пейил, салабаттуу, улуу-кичүүнүн, курбулардын арасында адепти сактаган, жакшы кулк-мүнөздүү, акылы жетик жигитке эле айланбастан, илимге идиреги, билимге берилгендиги менен айырмаланган азамат болду. Так илимдер боюнча райондук олимпиадалардан бир нече жолу утуп, облуска жолдомо алып апасын, таятасын аябай кубандырды. Ошондо да атам угуп, атам кубанып, атам куттуктап тосуп алса болбойт беле деп өксүгөнүн айт. Мектеби мактанып, апасы сыймыктанып, карындаштары өрнөк алган ушул ийгиликтердин баарын бир гана атасы үчүн багындырып жатканын сезчү. Балким, атасы ээн үйдө, эч кимге билинбей жалгыз уулу үчүн дуба кылып жаткандыр. Орозо туткандын, кордук көргөндүн, мусапырдын жана атанын балага кылган дубалары артка кайтарылбай түз кабыл болот деген кеп бар го.

Мектепти ийгиликтүү аяктап борбор калаадагы Эл аралык университетке тапшырды. Ал жерде да курч зээни, эбедейди эзген элпектиги, алыстарга умтулган астейдил аракети менен бат эле көзгө илинип аброй тапты. Староста болуп, анан студенттер арасынан тандалып деканга жардамчылыкка дайындалды. Сабактарды дитин коюп окуду. Өзгөчө математиканы семичкедей чакканы үчүн бирге окугандардын арасында тим эле Эйнштейндей кадыр-барк күттү. Деген менен сөзгө чоркоктугу бар эле. Кандай гана математикалык тапшырма болбосун ары-бери эсептеп чыгарып коюп, бирок, аны чечмелеп түшүндүрүүгө келгенде тилден калгандай мелтиреп туруп калганынан орус математик окутуучусу эркелеткени же урушканы белгисиз: “Сен итке окшошсуң. Түшүнөсүң, бирок айтып бере албайсың.” – деген бир жолу.

Беш жыл да заматта күздө ысык жактарга кайткан куштардай сызып өтүп, жигит жогорку билимин тастыктаган дипломго ээ болду. Кагылып-согулуп жүрүп аз убакыттан кийин мыкты жумушка орношту. Ошондо, тээ Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылындагы баба конушуна кетип калган атасын райондун борборундагы апасы менен карындаштарына көчүрүп келип кошууга бел байлап, сапарга чыкты. Негедир, башкаларды укпаган кежир атасын муютуп, ынандыра аларына ишеничи күч эле…

Тообо, ит кылбас кылыкты кылса да атасын эч эле жек көрүп, айыптай албай койду.  Эмне себептен дегенде апасы атасы тууралуу бир да жаман сөз сүйлөгөн жок. Оор кылмыш кылгандын да актоочусу болгондой эле, апасы күйөөсүнүнүн бүлөөсүнө карата мээрим оту өчүп, кайрымы жоголгонуна карабай анын кепичин кыйшык дедирбеген турумунан жанбады. Балким, эгер бир эле жолу таарына наалып, жамандап койгондо уул-кыздары да өз атасынын сөөк өчтү душманына айланмак.

Ылай-Талаа. Кадимки Тар дайрасына тушташ, Алай-Куу менен ааламды байланыштырган кан жолдун боюнда жайгашкан Кара-Кулжанын эң чоң айылы. Шарыят сырын айтып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган Максат ажыкедей аалымдар, эңишкенин оодарып, күрөшкөнүн көмөлөткөн Төрөбек, Намаздай балбандар, тилинен шекер, таңдайынан бал тамган, атактуу Ысмайыл Борончиев “Кош, Алымкул” деген ырында кошуп ырдаган Кочкорбайдай эл куудулу, жана башка канчалаган жөндөмдүү, нарктуу, ийгиликтүү инсандар чыккан түпкүлүктүү, берекелүү журт. Жигит бул киндик кан тамган ыйык топурагынын жытын, авазы кулагына куюлуп, жүрөгүнө уюп калган Тар суусунун шоокумун, негедир башка жактардагыга караганда көбүрөөк эгилгендей туюлган теректердин шуудураганын ушунчалык сагынып калган экен, автобустан түшүп, бир саамга көзүн жумуп, булардын баарын сезип, туюп магдырап турду…  Атасы жашап, буюрган ырыскысын таап келатканы үчүн да бул жер андан бетер кымбат, андан бетер ыйык сезилди. Акырын соккон айдарым желде атасынын да жыты бардай…

Мынакей, эки бөлмөлүү эски там менен каралып-каралбай калган короо. Чоң энеси тирүү кезде бул жер абад гүлзардай берекенин чордону эле. Эки бөлмөсү бүт уул-кыздары, күйөө балдары, келиндери жана неберелери менен кошо батчу кенен аалам болчу. Үйдүн кеңдиги анын чарчы метри менен эмес, ээсинин пейили менен ченелет окшобойбу…

Канчалык сыр бербей сынын сакташка далалаттанганы менен атасы, байкуш, аябай жүдөп калган экен. Учурашканда баласын жок дегенде бешенесинен да өөп койбоду. Бөбөк кезинде ой-боюна койбой бети башынан өөп эркелете берчү. Кантип эле ошол сезимдер саманды өрт жалмагандай күйүп жок болсун?

– Ата, – деп уулу кадыресе салмактуу сөз баштады саламдашып, ала келген шириндиктери менен белек-бечкектерин берген соң, – Сизди алып кеткени келдим.

– Кайда? – деди атасы акырын жөтөлүп.

– Кайда болмок эле. Кара-Кулжага, апамдын жанына. Артка кылчактап, тагдырга наалыган менен кеткен кез келбейт, өткөн чак кайрылбайт. Негизгиси, мындан аркы жашообуз жакшы болсун. Сизден көңүлүм ток жүрсүн, ата, эми кайталы. Жыйынып-теринип жүрүңүз, азыр эле ала кетейин. Эми силерди өзүм багам…

Ата баланы кунт коюп укту. Кубанганынанбы, же өзүнөн улуу жакындары аткара албаган ишти ушул бел суусунан бүткөн мадыра баш баласы аткарам дегенине таңданганынанбы, айтор, сырдуу жылмайып алды да мындай деди:

– Балам, ниетиңе береке… Бирок, Кара-Кулжага барбайм.

– Эмнеге, атаке. Ушунча жыл бөлөк жашадыңыз. Андан сиз деле, биз деле жыргап кетпедик…

– Жок, балам. Апаңдар менен чогуу жашай албайм. Сөз бүттү! – деди ата чечкиндүү.

Атасынын айтканынан кайтпаган көктүгүн эбактан билген жигит эндиреп туруп калды. Жок дедиби, эми эр болсоң пикирин өзгөртүп көр. Бирок, согушпай туруп багынган жоокердей болбой максатына жетүү амалын издей:

– Эмне үчүн, ата. Себебин айтыңызчы? – деди жалдыраган көзү жашылдана…

Атасы унчуккан жок.

– Апамдан мынчалык көңүлүңүз калгыдай эмне жамандык көрдүңүз, атаке? – уулу андан бетер жалооруй собол узатты. – Ушул азыр да сизге чаң чугузбай турат.

Ата жерди караган абалында:

– Кеп апаңда эмес, балам, – деди акырын гана.

– Анан эмнеде? – деди уулу учакка түшөрүнө үч саат калганда  паспортун жоготуп таппай чебелектеген жүргүнчүдөй безелене, – Бизден көңүлүңүз калдыбы?

Ата бул ирээт баласына сүрдүү каректери менен катаал карады:

– Бул эмне дегениң, уулум?

Уулу аша чапканын сезип унчукпай туруп калды. Атасы аны сезгендей кайра заматта жумшара ары бурулду да:

– Эгер керек десең көзүмдү ойлонбой берем сага, балам, – деди. –  А карындаштарың мен үчүн өз жүрөгүмдөн да кымбат… Бирок…

– Эмне, бирок? – деди уулу сабырсыздана.

– Бирок, алардын катарына кошула албайм, анткени.., – ата бир аз ойлоно калды да чындыкты айтты, – Оорум жугат!

Бала башына базган менен чапкандай кызык абалда калды.

– Оору дейсизби?

– Ооба, оору, – деди азыр эле айтканын баласы жаңылыш укпаганын тастыктагандай. – Балам, мен канча жылдан бери кургак учук деген балакет дарт менен алышып келем. Алым азайып, күчүм түгөнүп барат. Мен да бирөөнүн кароосуна, көңүл бөлүүсүнө аябай муктажмын. Бирок, оорум өтө жугуштуу.

Бала уккан кулагына ишенбегендей эндиреп, башын кармап отуруп калды. Согуштан кара кагаз алган аялдай жүрөгү лакылдап, жан дүйнөсү капсалаңга түшүп, бирок ошол удургуган уулуу сезимин ыйга айлантып чыгарып жиберүүгө жигиттик намысы жол бербей шалдайып кыймылсыз отурду. Ага кошул-ташыл канча жылдан бери атасы тууралуу ар кандай жаман ойлорду көңүлүнө уялатканы үчүн өзүн ичинен айыптап, уялуунун, өкүттүн зардеби чыдатпай дубалды сүзгүлөп кыйкыргысы, өрөпкүп ыйлагысы келди.

– Байкуш апаң ансыз да мен үчүн далай азаптарды тартты, – деп ата акырын сөзүн улады.  – Эми оорумду жугузушум эле калды, ал байкушка…

– Апам билеби? – деди, уулу атасын нес болгонсуй тиктеп.

– Айткамын, билет, –  ата жерди карап ойлуу жооп берди.

– Качан?

– Сен окууга тапшырган жылы, –  деди атасы калбаатынан жазбай, – Сени эш кылып жүргөн неме, сен кеткен соң кош санаада эзилбесин деп ошондо чындыкты угузгам.

– Эмнеге мурда эле айтпадыңыз?

– Эээ, балам, – деди атасы анын эмнесин айтасың дегенчелик үшкүрүнө. – Айтканда эмне. Апаңды билесиң, жанда жок боорукер, ак көңүл. Оорудум десем өзүм карайм деп койо бермек эмес. Же жыйынып алып артымдан мында баса бермек. Ошентип жүрүп капилет оорумду жуктуруп алса өзүмдү кечире албай жемелеп жүрүп жеп бүтмөкмүн.

Жигит макул болгондой башын ийкеп койду.

– Анан ал аркылуу силерге жугуп, оору өтүшүп кетсе тирүү туруп бир эмес миң өлбөйүмбү, балам. Ошон үчүн апаң а дегенде менсиз жашоого көнсүн деп сабыр кыла көп жыл күттүм. Кагажып качып калсын деп канча жолу катуу тийдим. Бирок, артымдан улам келе берди, байкушум ай. Катташы бир аз сейилдеп, тагдыры менен элдешип калган кезде гана айттым ага чындыкты, – ата канча жылдан бери дилинде буюгуп, кайнаган чындыкты бүгүн минтип тилине чыгарып жатты…

Жигит апасынын кайратына кайрадан таң берди. Ушундай сырды каткан жан дүйнө сепилинин бекемдигине ичинен таазим этип турду. Анын ордунда болгондо аялдардын ондон тогузу “эч кимге айтпа” деп болсо да сырдын мөөрүн сыйрып алышмак…

– Балким, жукпайттыр, атаке, – деди кеп учугун кантип улашты билбей уулу.

– Балам, жашоодо “балким” деп тобокел кылуудан караманча баш тартчу жагдайлар болот. Балким булгабайт деп жамгырда ылай жолду басып келген өтүгүң менен килемди тебелебейсиң да. Бул маселеде божомол эмес кепилдик керек…

Уулу атасы менен эбирешкиси келсе да чындап эмне дээрин билбей эндиреп турду.

– Балам, – деди ата жумшак сүйлөй, – Мен оорум үчүн эч өкүнбөйм. Жалгыздыкка түрткөнү менен жүрөгүмдү тазалаганын сезем. Оорунун санаасы менен дүйнөгө, байлыкка кызыгуум жоголду. Ошондон уламбы, жан дүйнөм болуп көрбөгөндөй мемиреп тынч. Өлүм жөнүндө ойлоно баштагандан бери тообом көбөйдү.

– Өлүмдү неге ойлоносуз? – деди бала ушул суук сөздү укканына денеси дүр дей түшүп.  Атаны өлүмгө кыюу кандай оор.

– Чабалекей менен байчечек жаздын кабарчысы. Оору да ажалдын жылып келатканын эскерткич деп угуп, ошондон улам ойлонгон элем. Азыр, Кудайга шүгүр бир топ тыңып калдым. Кабатырланба, садага болоюнум,  – ата ашыкча сөз айтып жибергенин түшүнүп кебин оңдоп кетти.

Ортодо бир аз жымжырттык өкүм сүрдү. Анан кайра эле ата кеп учугун улады:

– Андай эле алып кеткиң келсе мени Чүйгө алып кет. Куркултайдын уясындай, кабыландын капасындай болгон жанагы кабат үйлөрдөгү батирлериңе барсам кысылып, буулугуп кетем. Кең Чүйдөн эптеп бир жер алсаң, кепе болсо да салып алсам, короосунда дыйканчылык кылып, биртке мал алып, аларды эрмектеп жашай бермекмин. Аба, жер алмаштырууда да шыпаа бар дейт бир табып. Балким, ошондо толук айыгып кетермин…

Уулу сүйүнүп кетти, демек, атасы менен кайрадан чогуу болуу бактысы али түгөнбөптүр. Эми Чүйдөн мүмкүн болушунча эртерээк жер, үй күтүү керек. Сатып алганга акчасы жок. Бир гана жол бар: жер сурап жергиликтүү бийликтерге кайрылуу абзел. Маселе чеччү тааныш табылып калса андан да жакшы… Иши кылып урушта туруш жок деп аракеттенип бир чара табуу керек. Ушундай чубурган ойлорду кайра эле атанын сөзү үздү:

– Калпагың сонун экен. Берчи, көрөйүн.

Уулу кырлары күрөң, таза ак кийизден жасалган ак калпагын алып атасына карматты.

– Ала бериңиз ата, сизге белегим болсун.

Ата кубанганы билине белекти унчукпай гана кабыл алды да:

– Жаныңа көчүп барганымда кайра берем, – деди сырдуу жылмая, – Ак калпак кийчү туягым, ишенерим, таянарым бир гана сенсиң..

Кайран киши адамга ишенбе, бир күнү өлөт, даракка ишенбе бир күнү чирийт, дубалга ишенбе бир күнү урайт деген накыл барын, андыктан, колдон келсе Жаратканга жакындап, бир гана  ага таянуу керектиги тууралуу ушул саам ойлоп да койбоду…

Уулу кайрадан Бишкекке кайтты. Жумуштарынан колу бошобой атанын аманатын аткарууну кечеңдете берди. Колу бошой калганда кантип жер алса болорун айткан кеңеши үчүн акы алчу юристтерден  сурап тактап алды. Дагы бир жолу чыгынып, эптеп жер алууга астейдил аракетин баштаган мезгилде айылдан суук кабар келди. Атасы кайтыш болуптур. Аттиң, кайрадан чогуу жашап, кызматын өтөп, батасын алуу насип болгон эмес экен.

Жигит атасын ариетин жасап, жерге бергени айылга жетип барды. Өкүрүп, ыйлап кирип, табытты кучактады. Негедир, баягы өзү берген калпакты катарына коюп коюшуптур. Атасынын эртели-кеч короодогу отургучта ал калпакты улам жыттап коюп отурганын көргөндөр айтышты… Байкуш, көрсө баласынын жытын ушунчалык сагынган тура. Кучактап өбөйүн десе оорум өтүшөт деп коркуп, уулунун жытын армансыз искеп калыш үчүн айласын таап алып калган экен калпакты, кайран киши…

Баланын көңүлүндө атанын аманатын аткара албагандык үчүн айтса сөз жеткис арман уялап, жанынын тынчын кетире баштады. Ушул армандын учугу түгөнгүс болуп узарып кетишинен кооптонуп, ынандырып апасын карындаштары менен кошо жанына Чүйгө көчүрүп кетти…