«АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫКПАЙТ…» же кыздар поэзиясынын табияты жөнүндө

Аялдар поэзиясы оор экенин, анын ичинде кыргыз аялдар поэзиясы андан да эки эсе оор экенин угуп, көрүп жүрөбүз. Себебин ар кайсы жоромолго тууралап коебуз. Филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын 2003-жылы жазган бул  макаласы көптөгөн суроого жооп берчүдөй.   Дегеле поэтикалык чыгарманы эркек же аял жаратканын айырмалоо ким үчүн маанилүү? Анткени, ыр окуп жаткан окурман эң ириде аны ким жазгандыгына эмес, андагы айтылып жаткан ойдун, туюнтулган маанайдын, сезимдин канчалык чындыкка, табигыйлыкка коошкондугуна, мурункуларга салыштырганда канчалык өз алдынча болгондугуна, эмнени айтайын дегенине көңүл бурат эмеспи. Ошол ырдан өзүнүн көңүл-көйүндөгү бугуп жаткан толугу менен…..

КЫРГЫЗ АЯЛДАР ПОЭЗИЯСЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

Азыркы тапта сын жок, адабиятыбыз ат чабым артта калды деген күндө да, арасынан көзгө “жылт” этип көрүнгөн, адабият үчүн ичкен ашын жерге таштаган өкүлдөрүбүз бар экени талашсыз. Деги эле кыргыз аялдар поэзиясында эмне жаңылык,  мурунку жана азыркы абалы кандай экендиги тууралуу филология илимдеринин доктору, акын, Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты Аида Эгембердиеванын көзү менен…   Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аял затынын өзүнчө толугу менен…..