Чолпон Орозалиева: Кумар (аңгеме)

Эртең боло турган жаш мугалимдердин сынагына даярданып, мектепте жан адам калбай калганына карабай өз аракетин тынымсыз көрүп аткан Гүлназдын оюн бир нерсе алагды кыла берди. Ал, көөдөнүнө батпай толуп-ташкан, качандыр бир кезде жактырган классташы жөнүндө көргөн акжолтой түшү эле. Ансыз да жүрөктө калган адамдын тагдыры, азыркы абалы ойлондуруп жүргөндө күтүүсүз жылт эткен жагымдуу учкун жан дүйнөсүнө батпай, кабарды токтоосуз ээсине жеткиргиси келди. Акыры бардык ишин таштады да, байкесине коңгуроо кылып, классташынын номурун сурады.

– Алло, Бекзат, кандайсың?

– Жакшы. Ким экен бул?

– Мен, классташың Гүлназ.

– Аа, – бир аз таң калгандай, ишенбегендей үн катты, анан саамга тынчтык өкүм сүргөн соң акыбал сураганга жарады.

– Жакшымын, – кыз телефондун артында жагымдуу жылмайды. – Билем, сен азыр мага таң калып атасың, а тургай эмне сурайт болду экен деп түйшөлүп атышың да мүмкүн. Жок, эч ойлонбо, мен жагымдуу жаңылык айтайын деп эле, алло…

– Ии, угуп атам, угуп атам, Гүлназ, айта бер.

– Сен жөнүндө жакшы түш көрдүм. Классташтар эс алууга чыгыптырбыз. Баарыбыздан айырмаланып ак көйнөк кийген сен ушунча шар аккан суудан сүзүп өтүп, аркы өйүздөн кооз гүлдөрдү терип жүрүпсүң.

– Ааии, анда ошол гүл бере турган кыз табылып, түшүң туш келсе, быйыл үйлөнөт окшойм.

Ушул жерден кеп уланып, окуучулук кез, андагы кызыктуу окуялар, азыркы убак жөнүндө узун сабак сөз болду. Акыры кептин кыябы келгенде кыз:

– Бекзат, сен окуп жүргөндө кандай күчтүү, кандай энергиялуу бала элең. Кийимдин алдын кийчүсүң. Алгач сен  фотоаппарат алып барып, биринчи телефон кѳтѳргѳн элең. Анан бардыгын тамшантып, суктантып жүрүп, азыр балдардан четтеп, кошулбай, чүнчүп, өзүң менен өзүң болуп калганың мени абдан ойлондурат. Башында кандай болсоң, азыр да дал ошондой көргүм келет сени. Кайра чыйралышыңды каалайм. Ɵзүң деле сыноого сынып калчу жигит эмес элең го…

Саамга дагы тынчтык өкүм сүрдү. Кыз, өтө акылдуусунуп жибердим окшойт деп тынчсыздана түштү.

– Гүлназ, сен токтоп калган тамырыма кан жүгүрткөндөй болдуң. Ушундай жылуу, дем-күч берер сөз укпаганыма көп болгон. Υмүттү тутандырган сенби же периштеби деп таң калып бүтө албай атам…

Бекзат Гүлназ менен коштошкон соң, айылдагы баардын кечинде гүл ачкан алманын жанындагы дүмүргө көчүк басып, өткөн күндөрүнө саресеп салып, сыдыргыга салгандай дагы бир жолу көз алдынан чубуртуп жатты…

  ***

Ата-энеси борборго кетер алдында өтө чоң келишпестиктер, түшүнбөстүк болгон эле. Бир жолу үнү ызага муунгандай дирилдеп, чекесине чыпылдап чыккан терин жеңинин учу менен сүрүп күйүп-бышкан чоң атасы мындай деген:

– Балам, бир чарбакты какжыратып, бир үй-бʏлөнү ажыратып, шаарга кетем деген эзели биздин тукумда болгон эмес. Биз го мейли, а бул өспүрүм балдардын тарбиясын кантесиңер?

– Ата, биз ошо балдардын келечеги үчүн кам көрөлү, шарт түзөлү деп кетип атпайбызбы.

– Аай, балам ай, жерпайды жакшы түптөбөсөң, чатырдын бекем болушунун пайдасы канчалык? Андан көрө эмгекке телчитип, акыл айтып жанында жүрсөңөр болбойбу?!

– Азыр баарын акча чечип калган заман. Буларды эл катары кийинтип-ичинтиш үчүн иштеш керек болуп атпайбы.

– Ошонун запкысын тартып калбасаңар эле болгону, – деп шуу үшкүргөн карыя нааразылык билдирген тейде көпкө башын чайкап отурган.

Бүтүндү бүлдүрүш оңой, сындырбай сакташ кыйын. Уяны бузбай кармап калам деген канчалаган адамдардын балдары үчүн өзүн курмандыкка чалып, жыргалчылыгынан кечкен учурлары жок эмес бекен.

Акыры айтканынан кайтпаган ата-энеси жыргал жашоону шарттайбыз деп шаарга бет алышкан. Ошентип бири-бирин улап чиркелишкен күндөр өтө берди. Балдардын курсагын тойгузганга араң жараган чоң ата менен чоң эненин мектептеги сабагын көзөмөл кылганга кантип чолоосу тийсин. Ээн-эркин көчө таптоого көнгөн алардын жайкы эс алуусу да эстен кеткис болду. Атасынын тапканын кенен ичип жеп, шаарды түрө кыдырып эс алып, өздөрүн эң бактылуу сезишкен эле. Бул көрүнүш ар жылы кайталанып, окуу башталганда элдин алды болуп кийинип, он-он беш күн кечиккенине эч бир камырабай барып калыша турган. Анан балалык баёо сезим менен шаардан барган жигитти жактырган кыздар көп болчу. Алардын ичинде купуя сырын эч кимге айтпаган Гүлназ да бар. Бара-бара татына кыздын жактыруусу таза сүйүүгө айланып, басканы, жазганы, күлгөнү, керек болсо сабактан качса дагы, баары жагар эле. А Бекзат, гүлгө конгон аарыдай көп кызга урунуп жүрүп, окууну бүтөр жылы классташы Айданага токтогон болчу.

***

Эзелтен келаткан салт боюнча бирге түтүн булатып, бактылуу бүлө куруу бардык адамдын кыялы. Ал эми булар үй-бʏлө курууга даяр беле деген суроонун жообу бүдөмүк. Турмуштун бороон-чапкынына туруштук бериш үчүн да кагылып-согулуп катышың керек. Болбосо, борпоң жер көчкүнүн эпкини жүргөндө сүрүлүп түшкөндөй, жашоого жеңилип калыш бирпастык.

Жаңы үйлөнгөн учурда Бекзат ата-энеси алып берген кең базардагы контейнерде алардын жолун улап соода кылып, өз оокатын тың кылар эле. Студенттик жашоого жаңыдан аралашып, айыл көздөн учуп ачка-ток жүргөн классташтарынан өзүн төөчөлүк жогору сезип, бутка туруу деген оңой эле турбайбы дечү. Майрамдарда, туулган күнүндө белек-бечкегин алып барып, ата-энесинин көңүлүн көтөрүшчү. Бара-бара Айдана экөө барбаган кафелердин саны азайып, күн тийген жердин күкүгүндөй достордун саны көбөйүп баратты. “Байлык берип бир сынайм” деп бекер айтылбаган чыгар. Бекзаттын акчасы арбыган сайын мүнөзү өзгөрүп, кой-ай деген ата-энесинен бөлөк жашагандыктан өзүм билемдиги күчөдү. Аялынын түнкү эки-үчкө чейин күткөн күндөрү көбөйүп, үйүнө түнөбөй калган учуру да боло баштады. “Достор менен жүрдүм” дегенден башка жооп айтпайт. Адам карайлап жолдон адашарда башка бирөөнүн кеңеши эмес, сөзүн уккусу келбей калат деген чын экен.

Базардын түйшүгү Айданага да түшкөнүнө көп болду. Кээде жолдошу келбей калганда өзү соода кылып, арабанын кылдыраган жүгүн тартууга аргасыз. Антпесе шаарда саат айланган сайын акчага муктаждык жаралып турат.

“Эненин жʏрөгүндөй жʏрөк болбойт” демекчи, алда немени туюк сезгендей түпөйүлдөнгөн апасы эки-үч курдай чалса өчүк болуп, келининен “баары жакшы, иштеп атабыз” деген жооп укканы менен көңүлү тынбай жатты.

Бүгүн да Бекзат кеч келди. Буга чейин “кайда болдуң?” деп сурай бергенде “жаман аялдарча тескей бербечи. Мен да өз чегимди билем, бул адатымды жакында токтотом” деп кагып койгон. Ал унчукпастан чөнтөгүнөн бир тутам акчаны алып чыгып үстөлдүн үстүнө койду. Мунусу эки күндөн бери келбей жүрүп ушуну таптым дегендей актануусу эле. Айдана бул ирет чыдабады:

– Акчаны кайдан алдың?

– Таптым.

– Кантип? – жигит үн каткан жок, – бирөөнү тоноппу?

– Жок. – Күйөөсү мукактанып туруп, уурусун карматкандай чынын айтып жиберди, – казинодон утуп алдым.

– Кандай? – Айдананын жүрөгү шуу дей түштү.

– Ошо, утуп алдым. Бирок эч кимге айтпа! Атамдар укпасын.

– Бекзат, эмне болду сага? Эзели бизге жат эмненин башын баштадың деги?! Ɵзүбүзгө жетиштүү оокат бар эле го. Сенин күндөп-түндөп келбей жүргөнүңдүн сыры ушул турбайбы, көрсө.

Келин жашын аарчып, жигиттин колун кармады. – Ушунчаңда токтот, суранам сенден! – Бул көз карашта өтүнүч да, өкүт да, таарынуу менен жалбаруу да бар эле. Бекзат келинчегин аягандан  жүрөгү туйлап кетти. Бирок, акчаны эртең алып барып, эки эсе көбөйтүп келсем деген ой жылбай туруп алды…

  ***

Бу кумар дегениң адамды кулкунга куйган арактан да жаман эңгиретет тура. Акыл-эстүү туруп, эркиңди башкаралбай калгандан өткөн кордук болбосо керек. Тааныш-билиштен шек-шыбасын угуп калган ата-энеси үйүнө келгенде үстүнөн чыгып, чучугуна жеткире урушуп кетишкен. Мындай учур эки жолу кайталанган соң, бир күнү казинодон кармап келип, бала кезинде колу тийбеген атасы аялы менен келининин арача түшүп ыйлаганына карабай көк ала кылып сабаган. Ошондо да этинин ооруп атканына карабай Бекзаттын “эртең кайдан акча таап барсам” деген ой мээсин мыжып, канын коюлтуп, башка ойду ойлоого дараметин жеткирбей, бура бастырбай жатты. “Ушуну эртерээк айтсаң мындай болбойт эле го” деп келинге тили тийген апасы да эми баарын түшүндү, тумшугуна суу жетти деп ойлогон.

Ошондон баштап Бекзаттын эркиндиги кан буугандай буулган. Көчөдө баратканда тааныш караан көрүнбөйбү деп тайсалдап, элеңдеп эки жагын каранып, кысылып, оюна алда кандай коркунучтар келип, кең аалам тарып турат. Бʏгʏн да туш тарабын тынымсыз карап атып ээнирээк көчөлөр менен ломбардга жетти да, нике шакегин күрөөгө коюп акча алып, андан ары жолун улады…

***

Ушул кыш Айдана үчүн өтө кунарсыз болду. Базар суук, үйгө келсе от жагылбаган, көңүл муздак, жашоо суз. Ал өзүнүн өтүп аткан өмүрүнө, кетип аткан жаштыгына кейиди. Анткен менен көңүлү түтпөй Бекзатты аяды. Азыркы телефон номурун ал гана билет, “ата-энеме да бербе” деп суранган. Чалса, анысы да өчүк экен. Байкушум, ушу суукта эмне кылып жүрөт болду экен. Кайдан тапты ошол шайтан алгыр оюнду. Досторунун алпарар жери ушул болсо, жолдош күтпөй эле койсок эмне?! Акыркы күндөрү арыктап да кетти. Баягыдай жай отуруп да сүйлөшпөйт, көзүн ала качат, ортобуз эмнеге мынча оолак болуп баратат деген сан ойлордун кучагында жатып, көзү илинип кетиптир. Эшик шырк-шырк эткенинен чочуп ойгонсо, сыртынан ачып Бекзат кирди. Келип эле кыпкызыл табы чыккан арзан плитага колун кактады. Манжалары күрмөөгө келгенден кийин гана өтүгүн чечип, далысын салып отурду да, бутун көпкө жылытты. Баарын көрүп аткан Айдана ээгин бек кымтып, үн чыгарбай ыйлап жатты. Ушу азыр анын көз жашын көрсө, Бекзат эшикти тарс жаап чыгып кетчүдөй, аны менен бирге мээрим, балалыктан бери келаткан сүйүү, ынтымак, бакты-таалай кошо чыкчудай, өзүн жалгыз бөлмөдө өмүр бою калып калчудай сезди. Мурдун шуу тартып коюп, буту-колун алмай-термей жылытып, сөөгүнө өткөн сууктун тумшугун кайрый албай аткан жолдошунун үңкүйгөн далысын карап жата бербей тура калып мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, буркурап ыйлагысы, ичиндеги болгон сырын уккусу, ага чын дилден жардам бергиси келди. Бирок анте алган жок, сааттай болгон бир тоскоолдук тосуп алып, тап жылдырбай койду. Таң атканда анын кылдыратып жегенге бирдеме издегенин, шатыратып кагаз айрып жазып атканын да аялы көзүн жумуп, көкүрөгү менен туюп жатты. Качан гана камданып чыгып, эшикти сыртынан бекиткенде эки жагын аяр карады. Туруп столго келсе “Айдана, мени кечир, контейнерди уттуруп жибердим. Дагы бир аз чыдасаң, сен ойлогондой оңолом” деп жазып кетиптир. Окуп алып көзү тунарып, жашоо бүтүп бараткандай сезилди. Катты мыкчып, күйүп турган плитанын үстүнө ыргытып, өзү ошол жалынга бетин тосуп өксүп-өксүп жиберди.

***

Бул суук кабарды уккан ата-энеси ачуусу менен кайра келишти. Шаарды түрө кыдырып эч жерден таппаганын айтып, атасы жаалы кайнап отурду. Азыр кармаса оңдурчудай эмес. Айдана акырын сыртка чыгып телефон чалды.

– Бекзат, каяктасың?

– Υйгө баратам.

– Жок, келбе!

– Эмнеге?

– Контейнерди билип калышыптыр, азыр атамдар биздикинде отурушат.

Жигиттин көзү алачакмактап кетти.

– Бир жерде отуруп тур. Мен кеткенде айтам.

Телефон өчтү. Кыштын ушундай суугунда кайда барам деген суроо алкымына тыгылды. Баягы достордун бири жок, тууган-урук менен байланышпай кеткенине көп болгон. Акыры сенделип келип кабат үйдүн алдындагы селкинчекке көчүк басты. Анын келечеги туман баскан типтик аскадай сезилип, эч нерсе жөнүндө ойлогусу келбеди. Кыштын эң суук күнү бүгүн белем, кыймылсыз отурганга сенейип тоңо баштаганда сокур тыйыны жок чөнтөгүнө колун салып, кычыраган кардын добушун тыңшап көпкө басып жүрдү. Улам саатты карап, аялынын чалышын күтөт. Бир кезде “кетише элек” деген кат келди. Терезелердин жарыгы биринин артынан бири өчүп, барган сайын суук менен жымжырттык күчөй баштады. Саатка үңүлдү. Айдананын чалышын мынчалык зарыгып күткөн учуру болбогон чыгар. Ал азыр эми акыл киргендей чыдамдуу, боорукер, мээримдүү, алсыз аялды аяп кетти. Жетип барып кучактап бетинен өөп, бутуна жыгылып кечирим сурагысы келди. Өзүнө “мен ким элем? эмне болуп баратам?” деген суроо берди. Жооп табалбай чебелектеп, жасагандарын эстеген сайын өзүнөн жийиркенип, жан дүйнөсү жанчылып, тирүү туруп түгөнүп баратканын сезди. Түнкү экилерде “жатып калышты” дегенди окуганда бутун бири-бирине ургулап, балтырын мыкчып, колун ушалап, сырттын суугуна, турмуштун бурганагына, ичиндеги ызага чыдабай, Кудайга үнү жеткидей боздоп ыйлады.

Телефон өчүптүр, өзүн да барган сайын муздап бараткандай сезип коркуп кетти. Ата-энесин таң эрте товарга кетет деп ойлоп, эптеп үйгө жетип жыгылгысы келди. Бирок буту тартып да, тартпай да баратып, жүрөгү опкоолжуп, кыжалат болуп, бир тутам тамекиси жок калган өзүн жашоого артыкбаш сезди.

Эшикти ачары менен атасы экөөнүн көзү чагылыша түштү. Ушундан көрө талаада тоңуп өлсөм болмок деп кирейин десе жер катуу болуп турду жигиттин. Атасынын да айласы куруп кетти. Чоңоюп, эр жетсе ушулардан сый көрөм деп, кыштын суугуна, жайдын ысыгына карабай базарда жүрүп, элдин алды кылып, эч нерседен кем кылбай бакты эле го, ушул балдарын!

Заматта үйдүн ичи чакчелекей, ызы-чууга түшүп, жаалданган атасы “кумар ойногон бизден да артык  бекен сага, ыя?” деп уулун мурду канап кеткиче башын дубалга сүздүрүп сабап, көкжелкесинен сүйрөп машинеге салып кетти. Өң-алеттен кетип бозала болгон Айдананын оозуна сөз кирген жок. Ошол жалгыз калган боюнча ырыстуу эч нерсе жок, каткан нанды кайнак сууга жибитип жеп, күйөөсүнүн кылыгын жашырганы үчүн күнөөлүү болуп үч күн күтүп, эч ким кабар албай койгондо кийим-кечесин алып, түндөп батирден качып чыгып, эжесиникине бет алды.

***

Бекзаттын айылдын бейпил турмушуна аралаша албай коомайланып жүргөнүнө бир топ убакыт болду. Чоң атасын аяп мал-келди жайгарып, суу ташып, кар күрөгөнү менен мите курттай ичтен жеген бурганак басылбай келет. Өзү да арыктап, бала кездеги бакыраң көзү ойт берип ойноктобой муңайым жылтырап, коолап кеткен сакалы ого бетер жүдөңкү көрсөтүп, кара тору жүзү күлкү көрбөй калганына көп болду. Азыр деле телефондон кез-кезде Айдана менен гана сүйлөшөт, жакында айылга келерин айткан. Ал, башында таарынып жүрүп, бирок убакыт өткөн сайын баарын унутуп, бармактайдан баш кошкон күйөөсүн кечирип, кайра бирге болобуз деген бекем ишеним менен айылда жашоого деле макул болуп, өзүн даярдап жүргөн эле.

Айылдын чыга беришиндеги көчөнүн жээгинде өскөн бир түп дарак ошол тегеректе жашаган канча кыздын сүйүүсүнө күбө болду дейсиң. Ал эми азыркыдай тагдырдын сыноосун көтөрө албай, жаштык-мастык менен үлбүрөгөн бакытты колдон түшүргөн учурду, балким көргөн эместир. Айдана  сөз күттү, Бекзат ичтен мыжып аткан ойлорун айталбай, экөө өткөн күндөргө саресеп салып, ар кими өз ойлору менен алек боло мелтирешти. Акыры эптеп кайратын жыйнаган жигит келиндин колун бекем кармап:

– Айдана! Кечир мени! Мага кылган жакшылыктарыңды унутпайм. Сени сүйөм, бирок кайрадан бирге жашоону каалабайм. Чогуу болсок эле ошол шорго баткан бактысыз күндөр кайталанчудай коркуп кетем, корком! Дагы сен далай учурду көргөн жоксуң. Ал күндөр менин көңүлүмдү көк таштай калтырып, жʏрөгүмдүн үшүн алып койгон. Көзүмдү жумсам коркунуч каптайт, ошондон качам, артка кайрылуу мага тозок сезилет. Бактылуу бол деп башканын кучагына берүүгө жүрөгүм чыдабайт, өз боорума кысууга колум барбайт. Кош, алтыным, – дагы бирдеме айтайын деп барып, алкымындагы жашка муунуп калды. Коомай жакындап жубайынын бетинен өптү да, артын карабай жолун улады. Айдананын бетине түшкөн кар бүртүгү ысык жашка тийип-тийбей эрип, аалам аңтарылып, күтүүсүз чагылган түшүп, жер жарылды!