Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

Бул күндөрү Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. 16-19-май аралыгына пландалган мааракелик салтанатка републиканын ар тарабынан келген өнөр адамдары, калемгерлер катышууда. Кечээ, 17-майда “Кыздары кыйын кыргыздын” аттуу чыгармачылык борборлордун кыздарынын арасында интеллектуалдык өнөр таймашы болуп өттү. Сынак республикалык деңгээлде болуп, анда өлкөбүздүн 7 дубанынан келген кыздар өз билимин, өнөрүн көргөзүштү. Таймаш учурунда кыздардын интеллектуалдык билими гана текшерилбестен алардын шамдагайлыгы, кол өнөрчүлүгү, ашканадагы чеберчилиги да бааланды. Калыстар тобу: Нуркыз Кадырбекова, Зинакан Пасанова, Бүажар Канызакова, Сурма Курбантаева, Насыйкат Ысмайыловалар болушту. Интеллектуалдык өнөр таймаштын жыйынтыгында баш толугу менен…..

К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары сыйланды

Лейлек районунда өтүп жаткан К.Сабыровдун 80 жылдык мааракеси жана “Өрүкзар” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. Райондук маданият үйүндө өткөн салтанаттуу иш чараны акимдин орун басары ачып берди. Бир катар маданият, адабият ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшулаш Өзбекстандан келген акын-жазуучулар сөз сүйлөп, куттукташты. К.Сабыров атындагы орто мектептин окуучулары даярдаган сахналык көрүнүш кеченин катышуучуларын толкундантып, көз жашын агызып, иш чаранын көркүн ачты. Акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалып турду. Д.Турдуев КР Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы, С.Кудайкулов Ардак грамота менен сыйланды. Жыйынтыгында 4 акынга К.Сабыров атындагы адабий сыйлык тапшырылды. толугу менен…..

Алым Токтомушев: Ананбы, анан… баягы турмуш…

КАР ЖААГАН ТҮН Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана балбалактап көмөт тышты. Баштадым даа бир кышты… Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Түн узун бир шумдуктуу. Сандаган элестердин арасынан мен өзүмдү таап араң туурулган колум менен сылаймын жымжырттыктын маңдайынан. (Эшигим ачылчудай болот менин) Жымжырттыктын нар жагында жымжырттыктын духун сыгып, апамдын назга толгон колу менен алып келип берчүдөй болот мага. Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана аппак сүткө боёйт тышты. Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты. (Эшигим ачулчудай болот менин). Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кирпик каткан. толугу менен…..

Өрүкзардын өчпөс акыны Курбаналы Сабыров

Баткен облусунун Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Акынды эскерүү иш чарасы быйыл 32-ирет өткөрүлүүдө. Жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келген “Өрүкзар” поэзия фестивалы быйыл 80 жылдык мааракеси менен коштолууда. Бул иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан КР Эл акыны А.Рыскулов, Ө.Тиллебаев, Т.Жороев, С.Момуналиев баштаган жоон топ акындар катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан акындар келишти. Иш чаранын алгачкы күнүндө район акими Алмазбек Рахманкулов  кабыл алып, алыстан келип катышып, фестивалдын аброюн көтөрүп жатасыздар, бул сиздердин калемдешиңиздерге болгон сыйыңыздар, адабиятка болгон аздек мамилеңиздер деп, ыраазычылыгын билдирди. Андан соң К.Сабыровдун бейитине барып, толугу менен…..

БМУда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы өттү

К.Карасаев атындагы БМУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата адбий – маданий илимий – агартуу форуму болуп өттү. Ага КР мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, академик А.Эркебаев, А.Акматалиев, акын, жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. Форумду БМУнун ректору А.Мусаев уюштуруп, өзү модератор болду. Бул уюштурулган форумдун максаты кыргыз тилин жана адабиятын байытуу, өнүктүрүү болгон. Иш чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. БМУнун студенттери Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын сахналаштырып коюп беришти. Иш чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Акын Нарсулуу Гургубаева ОшМУнун студенттери менен жолукту

ОшМУда М.Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү, “Көз мончок, “Алыстагы ак жарык”, “Кат турмуш” китептеринин автору, акын Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү. Кечеге Ош шаарындагы чыгармачыл инсандар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышты. Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Улукбек Омокеев алып барды. Акын Нарсулуу Гургубаеваны окуткан агайы, дайыма таланттарды колдоп, жакшы сөзүн айтып келген Асылбек Айтманбетов сөзгө чыгып, бир кездерде Кыргыз филологиясы факультетинен билим алып, чыгармачылыкка аттанган студенттерин алгачкы кадамдарын, чыгарган жыйнактары, акындын ырларындагы жөнөкөйлүк, турмуш темасынын берилиши тууралуу сөз кылып, ырынан көркөм окуп берди. Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлина толугу менен…..

Акын Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бүгүн, аталган китептин бет ачары Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында өтүп, кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлов, Б.Шамшиев, Б.Салгамани ж.б акын – жазуучулар, адабиятчылар, студенттер катышты. Кечеде Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин студенттери А.Кожогуловдун калемине таандык ырларын сахналаштырып окуп беришсе, жаш акындар автордун котормолорун окуп беришти. Кеченин аягында поэзия сүйүүчүлөр А.Кожогуловдон дагы ыр окуп берүүсүн суранышып, толугу менен…..

Акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун чоң залында акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Поэзия кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын-жазуучулар, студенттер катышты. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалып уюштурулган иш-чарага адабиятчы К.Абакиров модераторлук кылып, окутуучу, адабиятчы С.Исаева студенттерге акындын чыгармачылыгы боюнча айтып берди. Ыр майрам студенттер даярдаган М.Молдалиеванын чыгармаларын сахналаштырып коюп берүүсү, ырларын көркөм окуусу, обондуу ырларын аткаруусу менен коштолду.

КР Баатыры Б.Жакиевдин эстелиги орнотулду

Ала-Арча көрүстөнүндө Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III Даражадагы “Манас” орденинин, “Даңк” медалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Казакстан Республикасынын Төлөгөн Айбергенов атындагы сыйлыгынын, “Астана” медалынын ээси, драматург, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук жана саясий ишмер, журт даанышманы Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлердин, ошондой эле жакындарынын катышуусунда өттү. Маалымат Маданият министрлигинин баракчасынан алынды

Англис тилинде жарык көргөн китеп

Лондондо «Hertfordshire-Press» басмасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиза Карасартованын англис тилинде «Leah and Aya The Sewing Doll» аталышындагы китеби  жарык көрдү. Автор “Ачык Евразия – 2022” сынагына катышып, “Публицистика” категориясында биринчи орунду жеңген. Ошол сынактан алган 5000$ менен китеп басылып чыкты. Китеп алгач орус тилинде жазылып, кийин англис тилине которулду. Жомоктор жыйнагынын редактору Тимур Ахмеджанов, иллюстрациясын жасаган Светлана Насынбатова. «Leah and Aya The Sewing Doll» китебинин электрондук варианты Amazon.com сайттарында сатыкка коюлат жана китеп сактоо боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган – Британиянын китепканасына жиберилет. Бул жомоктордун топтому толугу менен…..