К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары сыйланды

Лейлек районунда өтүп жаткан К.Сабыровдун 80 жылдык мааракеси жана “Өрүкзар” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. Райондук маданият үйүндө өткөн салтанаттуу иш чараны акимдин орун басары ачып берди. Бир катар маданият, адабият ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшулаш Өзбекстандан келген акын-жазуучулар сөз сүйлөп, куттукташты. К.Сабыров атындагы орто мектептин окуучулары даярдаган сахналык көрүнүш кеченин катышуучуларын толкундантып, көз жашын агызып, иш чаранын көркүн ачты. Акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалып турду. Д.Турдуев КР Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы, С.Кудайкулов Ардак грамота менен сыйланды. Жыйынтыгында 4 акынга К.Сабыров атындагы адабий сыйлык тапшырылды. Өмүрбек Тиллебаев “Адамдын күн жүрүшү” китеби үчүн, Ризван Исмаилова “Үнү каткан улар” китеби үчүн, Акун Жоро Сайтахунов “Нооруз элим” китеби үчүн жана Махамматжан Ибрагимов “Жалгыздык” ырлар жыйнагы үчүн лауреат болушуп, акындын элеси түшүрүлгөн медаль, диплом жана 10000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.