КР Баатыры Б.Жакиевдин эстелиги орнотулду

Ала-Арча көрүстөнүндө Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III Даражадагы “Манас” орденинин, “Даңк” медалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Казакстан Республикасынын Төлөгөн Айбергенов атындагы сыйлыгынын, “Астана” медалынын ээси, драматург, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук жана саясий ишмер, журт даанышманы Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду.
Иш- чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлердин, ошондой эле жакындарынын катышуусунда өттү.
Маалымат Маданият министрлигинин баракчасынан алынды