Өрүкзардын өчпөс акыны Курбаналы Сабыров

Баткен облусунун Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Акынды эскерүү иш чарасы быйыл 32-ирет өткөрүлүүдө. Жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келген “Өрүкзар” поэзия фестивалы быйыл 80 жылдык мааракеси менен коштолууда. Бул иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан КР Эл акыны А.Рыскулов, Ө.Тиллебаев, Т.Жороев, С.Момуналиев баштаган жоон топ акындар катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан акындар келишти. Иш чаранын алгачкы күнүндө район акими Алмазбек Рахманкулов  кабыл алып, алыстан келип катышып, фестивалдын аброюн көтөрүп жатасыздар, бул сиздердин калемдешиңиздерге болгон сыйыңыздар, адабиятка болгон аздек мамилеңиздер деп, ыраазычылыгын билдирди. Андан соң К.Сабыровдун бейитине барып, рухуна куран багыштап, эскерип, аты коюлган мектеп менен таанышып, музейине көрүп чыктык. Акындын кичи мекени Тогуз булак айылында айыл өкмөтүнүн жана маданият кызматкерлеринин демилгеси менен К.Сабыровдун 80 жылдык мааракесинин жана 32-ирет өтө турган “Өрүкзар” поэзия фестивалынын алкагында “Өрүкзардан агып чыккан нур булак” аттуу кароо-сынак уюштурулду. Өрүкзар акыны К.Сабыровдун урпактарга калтырып кеткен мурасын жаш муундарга татыктуу өткөрүп берүү, акындын ырларын даңазалоо, элге жайылтуу, жаш таланттарды шыктандыруу, алардын поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган кароо-сынак 4 багыт боюнча (автордун обондуу ырларын аткаруу, көркөм окуу, арноо ырлары жана “Өрүкзар жана Курбаналы” деген темада сүрөт тартуу) өтүп, ага орто мектептердин окуучулары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. 32 жылдан бери “Өрүкзар” поэзия фестивалын үзгүлтүксүз өткөрүп келе жаткан А.Дооровго Тогуз булак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Ал эми аталган фестиваль бүгүн саат 11:00дө маданияят үйүндө башталуу алдында турат.