Таштанбек Чакиев: Боор толгоо

Боор толгоо (Ыр Стамбулда болуп өткөн 2022-жылдын 13-ноябрындагы террактан кийин жаралды) I Сен жашаган үлкөн калаа, Андагы эл боордош бизге. Шам чырактар кызыл-тазыл, Шай көйнөкчөн келин-кыздар… Таранчылар зымда отурган Тизип койгон өңдүү жипке. Анан дагы өткөн унаа Каршы-терши Көчөдөн. Кара деңиз албуут мүнөз, Түркүн кеме андагы Түрлүү кайык Добуш салып, Ар тарапка жөнөгөн. Ак чардактар, Деңиз бойлой, Ойкуй-кайкый учушкан. Тар көчөлөр ийри-муйру. Андагы эл Агып жаткан, Анан бир маал Кайтып жаткан жумуштан. Кала берсе, Түрлүү поезд, Жонун күнгө кактаган, Сансыз учак Асманга да, аэропортко батпаган. Бири келсе, дагы бири учуп толугу менен…..

Алым Токтомушев: Ананбы, анан… баягы турмуш…

КАР ЖААГАН ТҮН Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана балбалактап көмөт тышты. Баштадым даа бир кышты… Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Түн узун бир шумдуктуу. Сандаган элестердин арасынан мен өзүмдү таап араң туурулган колум менен сылаймын жымжырттыктын маңдайынан. (Эшигим ачылчудай болот менин) Жымжырттыктын нар жагында жымжырттыктын духун сыгып, апамдын назга толгон колу менен алып келип берчүдөй болот мага. Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана аппак сүткө боёйт тышты. Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты. (Эшигим ачулчудай болот менин). Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кирпик каткан. толугу менен…..

Бурулкан Сарыгулова: Нысабы кем ушул кымкуут дүйнөнүн, Бийик болуу деген менен иши эмне.

Түстүү күз Сары, кызыл, буруу  түс Быйыл мынча сулуу күз! Бариктерге баркыттай, Суктандык ээ, быйыл биз.   Күрөң, ала, апарман, Түстөр чыгат катардан. Бак жылаңач. Түптөрү Ала кийиздей жасалган.   Кудум чоктой албырат, Көчө толгон жалбырак Өң алышса Күн менен, Кудум алтын жаркырак.   Күз көшүлөт, күн күлөт. Орундалды миң тилек. Далай жигит жанашты Сулууларга үлбүрөк.   Кечки күз Чыйрыктырып тулкусун кечки күздүн, Чыргоолонот капкачан оңгон сезим. Көкүрөктүн үлпүлдөк деми кайтып, Көңүл күздөй муңайып турган кези.   Телмирет жайдак калган мырза терек, Баарынан чарчап турган жамалыма. Боштукту көңүлдөгү толтурчудай, Жабышат толугу менен…..

Фатима Абдалова: Каала бийле, каала ырда, каала күл, Ууртуңа гүл кыстаруу – тилегим”

Сүйүнүч деген сүйүнүч “Эми сен, бир аз эле дурус нерсеге катуу сүйүнгөн адамсың да…” деген эле бир досум Ооба, ошондой, жазда жашыл үлүлдүн, Жайбаракат жылганына сүйүндүм. Көйнөгүмө же бутума илээшсе, Мертинтпейин деп, этияттап түшүрдүм.   Куштар таштап учуп кеткен уянын, Бузулбастан турганына кубандымм. Кансапардан куштар аман кайрылса, – Ойлоп багып, – балапандар чыгарын.   Ооба, ошондой, азга деле сүйүндүм, Азга деле көөнүм ооруп күйүндүм. Санаа тарттым куштар жазда келбесе, Капаландым өлгөнүнө үлүлдүн.   Сүйүнүч деген сүйүнүч да, сүйүнткөн, Күлдүрүп сени, күлкү атылган күңүрттөн. Сүйүнүчтөр аз же көп деп айтылбайт, Сүйүнүчтү толугу менен…..

Данияр Исанов: Ата-Журт

Ата-Журт (Эссе) Ата Журт – деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле… Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү. * * * Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир гана нерсе болгон. Эмнеси болсо да өз элиме толугу менен…..

Назым Хикмет: Алга жылган айдыӊ нурдун ичиндемин. Колдорум ишке ынтызар, дүйнө көркөм!

Назым Хикмет Назым Хикмет бу жарык дүйнөдөн катуу кызыткан болот-темир сыӊары кызарып күйүп өттү, андан өмүр бою поэтикалык чыгармалар шыркыраган кызыл учкундардай чачырап, Саманчынын жолундагы жылдыздардай жайнаган өчпөс изге айланды. Кусалык Деӊизге кетким келет. Көгүлтүр суу күзгүсүн кучактап өпкүм келет. Деӊизге кетким келет! Кемелер кетип барат, кемелер чөгүп барат мейкинге алыстагы; сарсанаа шамалына, муӊ-кайгы шамалына керилбей парустары; бир күнү кеме үстүнө чыгармын, балким, мен да өрөпкүп таалайыма, акыры келер өлүм айнылбай жазылган соӊ ар кимдин маӊдайына нурундай батар күндүн деӊизге чөккүм келет, нурундай батар күндүн толкунда өчкүм келет. Деӊизге кетким толугу менен…..