Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

Бул күндөрү Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. 16-19-май аралыгына пландалган мааракелик салтанатка републиканын ар тарабынан келген өнөр адамдары, калемгерлер катышууда. Кечээ, 17-майда “Кыздары кыйын кыргыздын” аттуу чыгармачылык борборлордун кыздарынын арасында интеллектуалдык өнөр таймашы болуп өттү. Сынак республикалык деңгээлде болуп, анда өлкөбүздүн 7 дубанынан келген кыздар өз билимин, өнөрүн көргөзүштү. Таймаш учурунда кыздардын интеллектуалдык билими гана текшерилбестен алардын шамдагайлыгы, кол өнөрчүлүгү, ашканадагы чеберчилиги да бааланды. Калыстар тобу: Нуркыз Кадырбекова, Зинакан Пасанова, Бүажар Канызакова, Сурма Курбантаева, Насыйкат Ысмайыловалар болушту.
Интеллектуалдык өнөр таймаштын жыйынтыгында баш байгени борбордон келген “Жаңы толкун” командасы (10 000 сом), 1-орунду “Жаратман” командасы (7 000 сом), 2-орунду “Адеп башаты Жалал-Абад” (5000 сом) ал эми 3-орунду “Таалим” командасы (3000 сом) ээледи. Калган катышкан командалар баалуу белектер менен сыйланышты.
Ушул эле иш чарада Жигердин жалпы мүчөлөрүнүн чыгармаларынан түзүлгөн “Жигердүү жаштар” жыйнагы жарыкка чыгып, көрсөтмөгө коюлду, дизайнерлердин коллекциясы көргөзүлдү. Мааракелик салтанатка демөөрчүлүк кылган Ош шаардык маданият башкармалыгы, Нуркелди курулуш компаниясы жана Ош мамлекеттик университети.
Ал эми бүгүн өнөр адамдары арасында КР Волейбол федерациясынын колдоосу менен С.Чокморов атындагы волейбол боюнча АРТ Лига турнири кызуу өтүүдө. Ага Акындар командасы, Актерлор, Төкмө акындар, Ырчылар, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун мүчөлөрү, Журналисттер, “Жаратман” командасы, “Жигер” командасы болуп, жалпы 11 команда беттешүүдө. Байге фонду 60000 сом, демөөрчүсү Волейбол федерациясынын президенти, КР ЖК депутаты Э.Сатыбалдиев. Турнирдин жыйынтыгы саналуу сааттардан кийин аныкталат жана бул оюнду түз эфирде Аскат про медиа ютуб каналынан көрсөңүздөр болот.
10 жылдыкты утурлай жарыяланган “КЫЗДАРЫБЫЗДЫ АЗДЕКТЕЙЛИ-2” АКЦИЯсынын да жыйынтыгы чыкты. Жолдош Турдубаев, Зубайда Каразакова, Гуласал Алиева, Назгүл Осмонова, Бактыгүл Байтиковалар калыстык кылган акциянын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр табылды:
1-орун – Айпери Кеңеш кызы
2-орун – Асан Арыкбаев
3-орун – Айнура Жанадилова
4-орун – Айнура Айтманбет кызы
Кызыктыруучу белектер:
Айназик Муратбекова
Дилбара Орозкожо кызы
Майрам Шарип кызы
2 күндөн бери өтүп жаткан интеллектуалдык таймаш, сынак, спорттук оюндар ж.б. бардыгынын жыйынтыктоочу салтанаттуу кечеси эртең саат 18:00дө Ош УДТ өтөт. Концерттин алдында китеп көргөзмө, Жигердин таланттуу жаштарынын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү болот. “Кыздарыбызды аздектейли – 2” акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да дал ошол концертте орун алат.