Акын Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Бүгүн, аталган китептин бет ачары Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында өтүп, кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлов, Б.Шамшиев, Б.Салгамани ж.б акын – жазуучулар, адабиятчылар, студенттер катышты.

Кечеде Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин студенттери А.Кожогуловдун калемине таандык ырларын сахналаштырып окуп беришсе, жаш акындар автордун котормолорун окуп беришти.

Кеченин аягында поэзия сүйүүчүлөр А.Кожогуловдон дагы ыр окуп берүүсүн суранышып, “кайра бир жолу кече уюштуруп берсе жакшы болмок” деп арманда кетишти.