Англис тилинде жарык көргөн китеп

Лондондо «Hertfordshire-Press» басмасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиза Карасартованын англис тилинде «Leah and Aya The Sewing Doll» аталышындагы китеби  жарык көрдү. Автор “Ачык Евразия – 2022” сынагына катышып, “Публицистика” категориясында биринчи орунду жеңген. Ошол сынактан алган 5000$ менен китеп басылып чыкты.

Китеп алгач орус тилинде жазылып, кийин англис тилине которулду. Жомоктор жыйнагынын редактору Тимур Ахмеджанов, иллюстрациясын жасаган Светлана Насынбатова.

«Leah and Aya The Sewing Doll» китебинин электрондук варианты Amazon.com сайттарында сатыкка коюлат жана китеп сактоо боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган – Британиянын китепканасына жиберилет.

Бул жомоктордун топтому жаш балдарга, башталгыч класстын окуучуларына арналган. Китеп балдарга туура тарбия берүүгө, кечиримдүү болууга үйрөтөт жана дүйнөнү жакшы көз караш менен кабыл алууга, эртели – кеч жакшылыктын болоруна ишендирет.

Кошумчалай кетсек, Улуу Британиянын OCA Magazine – OCA People журналы 2022 – жылдагы Евразиянын эң көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери менен атайын маек даярдаган. Алардын ичинде кыргыз кыздары Наргиза Карасартова жана Айгүл Рыскулбекова да бар.