Акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун чоң залында акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Поэзия кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын-жазуучулар, студенттер катышты. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалып уюштурулган иш-чарага адабиятчы К.Абакиров модераторлук кылып, окутуучу, адабиятчы С.Исаева студенттерге акындын чыгармачылыгы боюнча айтып берди. Ыр майрам студенттер даярдаган М.Молдалиеванын чыгармаларын сахналаштырып коюп берүүсү, ырларын көркөм окуусу, обондуу ырларын аткаруусу менен коштолду.