Акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун чоң залында акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Поэзия кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын-жазуучулар, студенттер катышты. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалып уюштурулган иш-чарага адабиятчы К.Абакиров модераторлук кылып, окутуучу, адабиятчы С.Исаева студенттерге акындын чыгармачылыгы боюнча айтып берди. Ыр майрам студенттер даярдаган М.Молдалиеванын чыгармаларын сахналаштырып коюп берүүсү, ырларын көркөм окуусу, обондуу ырларын аткаруусу менен коштолду.

А.Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жазуучу, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Эл жазуучулары М.Абакиров, С.Станалиев, А.Жакшылыков, КР Эл акындары М.Мамазаирова, К.Култегин, А.Рыскулов, жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Ж.Акаева баштаган акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты. Келген меймандар автордун жазуучулук жана журналисттик чеберчилигине, анын устаттыгына жогорку баа беришип, 65 жаш курагы менен куттукташты. Урматтуу Абдиламит Мурзаевич, Сиз кыргыз элине мыкты жазуучу катары, кыргыз адабияты менен журналистикасына зор салым кошкон инсан катары кеңири таанылып, турмуштун, изденүүчүлүк түйшүктүн ар толугу менен…..