Акын түгөйлөр А.Токтомушев менен Ш.Келдибекованы эскерүү кечеси өттү

15-ноябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  акын жубайлар Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын көргөзмөсүнүн ачылыш аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов баштаган акындар – Токтосун Самудинов, Сагын Акматбекова, адабиятчылар – Чоюн Өмүралиев, Самсак Станалиев, Эсенбай Нурушев ж.б. катышты. ТҮНКҮ ГҮЛДӨР …Көп күттүм. Күттүм көпкө… Көпкө күттүм… Кар болуп из түшелек Кадыр түндө, келет деп, бир жарк этип кадимкиңдей. Жарыгым, турна мойнум, жаз саамайым ачылды жылдыз менен түнкү гүлдөр жалгыз сен ачылбадың, мерес болдуң жаз саамайым, жарыгым, турна мойнум. …Көп күттүм. толугу менен…..

Габриэль Гарсиа Маркес: Мени ар дайым жандап, арбап келаткан негизги тема – бийлик маселеси

Адабият жана атак-даңк жалгыздыгы (“Латын Америка” журналында жазуучунун котормочулар, адабиятчылар, сынчылар менен болгон жолугушуусунан (1980) –Бир ирет поюзга түшүп, Женевага баратат элем. Он эки саат жол жүрүш керек, убакытты кыскартып, окуй турган эч нерсе жок, жанымда досторго апараткан “Жалгыздыктын жүз жылы” бар экен. Арга жок өз романымды окуй баштадым. Баарын эмес, үчпү, төртпү бөлүмүн окудум сыяктуу… –Сизге жактыбы? –Ачыгын айтсам, жаккан жок. Аны жазып бүткөндө дүйнөдө мындан ашкан китеп жок деп ойлогом. Арийне, Женевага бараткан жолдо уялганымдан жерге кирип кете жаздадым: аны ийине келтирип жазууга убакыт жетпей калганына көзүм жетти. толугу менен…..

Алым Токтомушев: Ананбы, анан… баягы турмуш…

КАР ЖААГАН ТҮН Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана балбалактап көмөт тышты. Баштадым даа бир кышты… Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Түн узун бир шумдуктуу. Сандаган элестердин арасынан мен өзүмдү таап араң туурулган колум менен сылаймын жымжырттыктын маңдайынан. (Эшигим ачылчудай болот менин) Жымжырттыктын нар жагында жымжырттыктын духун сыгып, апамдын назга толгон колу менен алып келип берчүдөй болот мага. Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана аппак сүткө боёйт тышты. Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты. (Эшигим ачулчудай болот менин). Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кирпик каткан. толугу менен…..

Габриэль Гарсиа Маркес: Айттырып келген ажал баяны

Айттырып келген ажал баяны (Повесттен) Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насар епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, – деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей. “Андан бир жума мурда түш көрсө, калдыркан калайдан жасалган самолётто учуп баратыптыр, жалгыз экемин, бадам багынын бир бутагына да тийбей аралай чаап учуп толугу менен…..

Айдарбек Сарманбетов: “Адабиятты булгабоо керек, жазган соң мыкты, жаңы чыгарма жазуу зарыл…”

Айдарбек Сарманбетов: “Адабиятты булгабоо керек, жазган соң мыкты, жаңы чыгарма жазуу зарыл…” adabiyat.kg сайты кат куржунуна келип түшкөн акын-жазуучулар менен болгон мыкты маектерди эскерүүлөрдү, окурмандарга тартуулап келет. Жазуучу, котормочу Айдарбек Сарманбетов агайыбыздан келген Олжобай Шакир менен болгон маегин окурмандарга сунуштайбыз. –Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыкыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салабат. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз… -Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” толугу менен…..