Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

***** Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей, Кар аярлап жаап жатат ал тургай. …Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей, Кеткен менмин кезегинде таптырбай…   …Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү калып кеткен далдаасында жылдардын… Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн, мен болгону үшүп турган бир жанмын…   Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт? Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат. Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип, Айыптуулар гана алдында актанат.   …Кардан парда кайкып турган мунарык, Кайрылышка чейин гана көз жетет… …Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу, “оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…   Кабагыңда кардын толугу менен…..

Акын Нарсулуу Гургубаева ОшМУнун студенттери менен жолукту

ОшМУда М.Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү, “Көз мончок, “Алыстагы ак жарык”, “Кат турмуш” китептеринин автору, акын Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү. Кечеге Ош шаарындагы чыгармачыл инсандар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышты. Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Улукбек Омокеев алып барды. Акын Нарсулуу Гургубаеваны окуткан агайы, дайыма таланттарды колдоп, жакшы сөзүн айтып келген Асылбек Айтманбетов сөзгө чыгып, бир кездерде Кыргыз филологиясы факультетинен билим алып, чыгармачылыкка аттанган студенттерин алгачкы кадамдарын, чыгарган жыйнактары, акындын ырларындагы жөнөкөйлүк, турмуш темасынын берилиши тууралуу сөз кылып, ырынан көркөм окуп берди. Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлина толугу менен…..

Акын Н.Гургубаева КУУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин студенттери менен акын Нарсулуу Гургубаеванын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга студенттер менен катар адабиятчылар Курманбек Абакиров, Сайра Исаева, Гүлзада Станалиевалар катышты. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан модераторлук кылып, суроо жооп иретинде жандуу баарлашуу болду. Адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышты. “Алыстагы ак жарык” поэтикалык жыйнагынын жана “Кат турмуш” китебинин автору Н.Гургубаева студенттерге ырларынан окуп берүү менен бирге алардын суроолорун жоопсуз калтырган жок. Жолугушуунун толук вариантын жазуучулар союзунун ютуб каналынан жана adabiyat.kg сайтынан жакында көрө толугу менен…..