Табытым тартпайт Иш дегенде үшүп жүрөгүм, Ишенсеңер катуу жүдөдүм. Тамактан башкага табытым тартпай, Оорукчан болуп жүрөмүн. Эл жүрөт Кыйла жыл бою жанды үрөп, Кыйналды байкуш Баргыбек. Эл жүрөт: –Бизде ушундай, Жазуучу киши барбы? – Деп. Чолом жок –Мезгил күлүк, Ырас да. Сабыр этчи бир азга. Маке, баягы уулуңуз Быйыл кайсы класста? -деп сураса, Макебиз Жооп берет олоңдоп: –Иш деп жүрүп ошону Суроого түк чолом жок. Уйкусунан айрылды Чылым сурап «кичилеп», Тыйын санап битиреп, Шилекейин ээмп жүрүп, Дүйнө жыйды титиреп. Узатты көп ай-жылды Улактарын тай кылды. Шоруң толугу менен…..