КР Баатыры С.Жусуевдин мемориалдык тактасы орнотулду

КР Баатыры, кыргыз эл акыны С.Жусуевдин жашаган үйүнө (Москва көч. 141) мемориалдык такта орнотулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган эл акындары, жазуучулар, маданият ишмерлери катышты. Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майданда эки жолу жарадар болгон. Акындын “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” “Биз жеңишчил”, “Жаркынга” деген алгачкы ырлары ошол кандуу 1943-жылы жаралган. толугу менен…..

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш чарага төрага Н.Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышты. Онлайн байланышта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, Азербайжандан Экбер Кошалы сүйлөп, куттуктоосун билдиришти. Г.Пашаева, Экбер Кошалы, Теране Вахид, Имдат Авшар ж.б. 12 автордун аңгемелерин кыргыз калемгерлери А.Исмаилов, Б.Сарыбаев, Ж.Турсунбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон.

Талант эле талыкпас

Жадыраган жаздын ушул күндөрү улуу калемгерибиз Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Мындан отуз үч жыл мурда ак төөнүн карды жарылган күтүрөгөн күздө калемгерлердин бир нече мууну даам таткан, калемгерлердин бир нече мууну ак дасторкондун четинде олтуруп батасын алган Түкөмүн атактуу үйүнүн босогосун мен да кезектеги жолу аттаганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Болгон эле айырма бул жолу үйдө Асылгүл эне эмес биринчи кабаттагы чоң ашканада илинип турган ал кишинин чоң портрети тосуп алганы да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Түкөм болсо калдайып мурдагысындай эле көрүнгөнү менен бир аз өзгөргөнү сезилип толугу менен…..