Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы

Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда, Турмуш катаал, мугалимим андан да. Карысам да шакиртимин турмуштун, Али эрте устат наамын алганга.   ***** Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап Чечкиле – деп Кудай берген табышмак. Акылмандар түрлүү оюн айтышып Адашууда. Кайдан сырды табышмак?   ***** Чаң сапырган балага сен бакырба, Мындай дегин, салып аны акылга: “Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү, Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!”   ***** Буга чейин өттү айдын нечени, Кайтпас болду акылманы, чечени. Таманыбыз басып жаткан топурак, Сулуу кыздын карегидир кечеги.   ***** Тагдыр күчтүү, аны эч ким толугу менен…..

“5 акын” долбоору кайрадан уланат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “5 акын” долбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул боюнча бүгүн төрага Н.Калыбеков, Кыргызстандын “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, КТРК Башкы директору Б.Алиевдер жолугуп сүйлөштү жана долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюшту. Буга чейин 2 ирет өткөрүлүп, көрөрмандардын купулуна толгон долбоор жакынкы аралыкта кайрадан жанданат.

Абдыманап Көлбаев: Карачолок

Карачолок Бул аңгеме ит жөнүндө. Бул ит кыска өмүрүндө жүзгө жакын карышкыр тиштеген экен. Ал итти көргөн карышкырлар титиреп кача албай калчу дейт. Ал ит менен тикелеше алган бир гана карышкыр болуптур. Бүгүн бешинчи күн эле. Беш күндөн бери жигиттердин иши ордунан чыкпай, тиги өндүрдөгү айылга көз салышып, айла-амал издешет, канткенде ошол атагы таш жарган күлүктү уурдап чыгышат. Жигиттерди бийлеген ой ушул. Өндүрдүн жайык жерине чогуу койгон он-он беш түтүн үй, эки чоң боз үй гана четкерээк. Бул байдын үйлөрү. Айылдын четинде короо, анын так ортосунда тигилген дагы чоң боз толугу менен…..

Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.

Төлөгөн Касымбеков: Туулган жер

Туулган жер Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам. Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи. Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе, бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, бышкырынат. Мойну тердеп кетти, соорусун карасам, эти калдач болсо толугу менен…..

Аман Саспаев: Туура жооп

Туура жооп Кечке маал, газеталарды оодарып карап отурган он беш жашар уулум менин жаныма газетанын бир санын көтөрүп келди. Мен бирдеме жазымыш болуп үстөлүмдө отургам. –Папа, бир газетада карама-каршы эки пикирди бирдей кубаттап да жаза беришеби? – деп сурады ал. Мен калемимди ары коюп, бир аз ойлонуп калдым. Албетте, сегизинчи класста окуп, азамат болуп калган балага ойлоп жооп берүүгө туура келди. –Мүмкүн, жаңылыштык чыгар. –Жок, папа, атайын… “Анда, көрөлүчү” – дедим да газетаны колума алдым. Бала сөөмөйү менен эки жерин көрсөттү. Бири – тамеки өстүрүү жөнүндөгү адистин кеңеши, дагы бири толугу менен…..