КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург, киносценарист, кино жана театр режиссеру Мар Байжиевдин сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өттү. Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1961-жылы СССР Кинематографисттер союзуна, 1966-жылы Кыргыз ССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. 1962-1964-жылдары Москвадагы сценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. Окуу менен бирге «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп иштеген. 1964-1971-жылдары Маданият министрлигинин репертуардык кеңешмесинде башкы редактор, 1971-1975-жылдары «Литературная газетанын» Кыргызстандагы кабарчысы кызматтарын аркалаган. Эгемендик жылдардын башталышында толугу менен…..

Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы