Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.

Төлөгөн Касымбеков: Туулган жер

Туулган жер Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам. Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи. Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе, бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, бышкырынат. Мойну тердеп кетти, соорусун карасам, эти калдач болсо толугу менен…..