Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы

Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда, Турмуш катаал, мугалимим андан да. Карысам да шакиртимин турмуштун, Али эрте устат наамын алганга.   ***** Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап Чечкиле – деп Кудай берген табышмак. Акылмандар түрлүү оюн айтышып Адашууда. Кайдан сырды табышмак?   ***** Чаң сапырган балага сен бакырба, Мындай дегин, салып аны акылга: “Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү, Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!”   ***** Буга чейин өттү айдын нечени, Кайтпас болду акылманы, чечени. Таманыбыз басып жаткан топурак, Сулуу кыздын карегидир кечеги.   ***** Тагдыр күчтүү, аны эч ким толугу менен…..