Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Элдер мени ичкич дешет – ал ырас, Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас. Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой, Хайям бойдон каларлыгым – дагы ырас.   ***** Эй акмагым, бак даарыса мактанба, Күрөш талбай кырсык чалып жатканда. Теңир иши оор чыгар миң эсе, Үйрөнбөчү, ага жалаа жапканга.   ***** Акылдуулар бука сааган сыңары, Акылынын тийет дайым зыяны. Бул мезгилде, акыл баасыз – чесноктой, Акмактардын байып жаткан убагы.   ***** Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Бир кездеги Бахрам иччү жайларда, Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай. толугу менен…..

Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда, Турмуш катаал, мугалимим андан да. Карысам да шакиртимин турмуштун, Али эрте устат наамын алганга.   ***** Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап Чечкиле – деп Кудай берген табышмак. Акылмандар түрлүү оюн айтышып Адашууда. Кайдан сырды табышмак?   ***** Чаң сапырган балага сен бакырба, Мындай дегин, салып аны акылга: “Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү, Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!”   ***** Буга чейин өттү айдын нечени, Кайтпас болду акылманы, чечени. Таманыбыз басып жаткан топурак, Сулуу кыздын карегидир кечеги.   ***** Тагдыр күчтүү, аны эч ким толугу менен…..